Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

АКШ менен Мексиканын чек арасына Улуттук гвардиянын бөлүктөрү жөнөтүлөт


АКШ -Мексика чек арасынын бөлүгү. Сүрөт чек аранын Мексика тарабынан тартылган. 4-апрель, 2018-жыл.
АКШ -Мексика чек арасынын бөлүгү. Сүрөт чек аранын Мексика тарабынан тартылган. 4-апрель, 2018-жыл.

Улуттук гвардиянын күчтөрүн АКШнын Мексика менен чек ара райондоруна жөнөтүүнү караган буйрукка президент Дональд Трамп кечээ, 4-апрелде кол койду:

- Президент Улуттук гвардиянын кызматчыларын түштүк чек арада жайгаштырууга көрсөтмө берди. Коргоо министрлиги Ички коопсуздук министрлигинин биздин өлкөнүн чек араларын коргоо боюнча аракеттерин көптөн бери эле колдоп келген, - деди АКШнын ички коопсуздук боюнча министри Кирстен Нильсен Вашингтондогу басма сөз жыйынында.

Маалыматтарга караганда, Улуттук гвардиянын аскерлери мыйзамсыз мигранттарды кармоого түздөн-түз катышпайт.

Бирок Иммиграциялык кызматка чек ара зоналарында адамдар менен транспорттун кыймылына жерден жана абадан байкоо салуу ишинде жардам берет.

АКШнын түштүк чек араларынан мыйзамсыз өткөндөр президент Дональд Трамп бийликке келген алгачкы айларда азайган.

Бирок “Ассошиэйтед пресс” агенттиги билдиргендей, ушул шаршемби күнү жарыяланган жаңы статистика март айында АКШнын түштүк-батыш чек арасынан өтүүгө аракеттенген 50 миңдей адам кармалганын көргөздү.

Бул февралга салыштырганда 37%, ал эми 2017-жылдын март айына салыштырмалуу 203% көптүк кылат.

Президент Трамп шайлоо учурунда Мексика менен чек арада мыйзамсыз мигранттар өтө алгыс дубал курууну убада кылган.

Анын чек арага Улуттук гвардиянын бөлүктөрүн жөнөтүү чечиминен улам Мексикада сенаторлор президент Энрике Пенья Ньетону АКШ менен иммиграция жана коопсуздук маселесинде кызматташтыкты убактылуу токтотууга чакырышты. (UE)

XS
SM
MD
LG