Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 11:07

Жарандык активист Ренат Самудинов жана журналист Элнура Молдокадырова АКШнын Калифорния штатындагы Адлента шаарындагы атайын жайда кармалып турат.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Самудинов жана Молдокадырова менен кыргызстандык дипломаттар байланышкан эмес. Бирок министрлик кыргыз элчилиги бул боюнча АКШнын тиешелүү органдары менен байланышып жатканын билдирди.

ТИМ буга чейин АКШдан саясий башпаанек сураган бул адамдар Сан-Луис шаарындагы убактылуу кармоо борборунда кармалып турганын кошумчалады.

Бейшембиде Самудинов менен анын жубайынын абалы боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Депутат Ирина Карамушкина аларга укуктук жардам көрсөтүү зарыл экенин билдирген.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова Мексиканын чек арасы аркылуу АКШга кирип жатканда кармалганын жазышкан.

Мындан соң Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчилиги Самудинов жана Молдокадырова уруксат берүүчү документтери жок АКШнын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жатканда кармалганын кабарлаган.

Ошол эле учурда кыргызстандыктар саясий башпаанек берүүнү АКШнын бийлигинен суранышканы, бул өтүнүч АКШнын миграциялык соту тарабынан каралганы турганы маалымдалган болчу.

Ренат Самудинов КСДПнын жаштар канатынын лидери болуп келген. Анын көз карашы партия менен төп келбей калгандыктан быйыл август айында партиядан чыгарылган. Көп өтпөй анын колуктусу Элнура Молдокадырова КТРКда иштеген жеринен кеткенин билдирген. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG