Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

АКШ: Трамп атайын прокурор Мюллерди сындады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер жана анын командасын сындап чыкты.

Трамп "Твиттердеги" баракчасына өзүнүн ак ниеттигинен улам гана “абийири төгүлгөнүн жана кадыр-баркы жок Мюллердин командасы менен Ак үйдүн юристтери сүйлөшө алганын” жазып чыкты.

АКШнын президенти Орусия менен эч кандай байланышы болбогонун белгилеп, Мюллерди Демократиялык партияга көңүл бурууга чакырды. Трамптын пикиринде, демократтар жалган айтып, президентке карата каралоо кампаниясын жүргүзүп жатышат. Ошондой эле Хиллари Клинтон “жоголгон каттарын” жашырып жатат деп кошумчалады.

Буга байланыштуу Трамп Мюллердин командасын "быйыл ноябрда өтчү Конгресске шайлоого таасир эткиси келип жатат" деп айыптады.

Америкалык президенттин мындай сыны Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы башчысы Жон Бреннандын Трампты сотко берүүгө даяр экенин ырастаган билдирүүсүнө туш келди.

Бреннан мындай кадамга Трамптын мурдагы жана азыркы жетекчилерди купуя документтер менен таанышуу укугунан ажыратышына каршылык иретинде барышы мүмкүн экенин билдирген.

Буга чейин Дональд Трамп Жон Бреннанды купуя маалыматтар менен таанышуу укугунан ажыраткан эле.

XS
SM
MD
LG