Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

АКШ менен Кытайдын соода тиреши чечилеби?


Дональд Трамп жана Си Цзинпин Бээжиндеги бизнес форумда. 9-ноябрь, 2017-жыл.
Дональд Трамп жана Си Цзинпин Бээжиндеги бизнес форумда. 9-ноябрь, 2017-жыл.

АКШ жана Кытай лидерлери телефондон сүйлөштү. Дональд Трамп менен Си Цзинпиндин бул жолку сүйлөшүүсү дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын соода тиреши уланып жаткан учурда болду.

Эки лидер алдыда Аргентинада "Чоң жыйырманын" саммитинде көзмө-көз жолугары айтылууда.

АКШ жана Кытай лидерлеринин 1- ноябрдагы телефон сүйлөшүүсүнөн кийин 2-ноябрда Азия менен Европанын баалуу кагаздар базарында акциялардын наркы дароо көтөрүлө түштү.

Талдоочулар бул чөлкөмдөгү биржалардын мындай реакциясын инвесторлор менен ишкерлерде АКШ жана Кытайдын “соода согушу” жөнгө салынабы деген үмүт жаралганы менен байланыштырды.

Бирок 2-ноябрда АКШ биржасында соода башталганда доллардын курсу жогорулаганы менен баалуу кагаздардын наркы өскөн жок. Буга соода тиреши жана аны жөнгө салуу боюнча карама-каршылыктуу маалыматтар түрткү берди.

Ал арада Дональд Трамп "Твиттердеги" баракчасына Кытай лидери менен телефондон сүйлөшкөнүн кабарлап, эки ортодогу диалогду “узак жана эң жакшы” деп мүнөздөдү.

Сүйлөшүүдө негизги басым соодага жасалганын белгиледи.

Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 2-ноябрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 2-ноябрь, 2018-жыл.

Эртеси 2-ноябрда Трамп Ак үйдөн кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, АКШ менен макулдашууга жетүүнү “Кытай дагы абдан каалап” турганына токтолду. Эки өлкө “баары үчүн адилет”, Кошмо Штаттар үчүн "абдан жакшы макулдашууга” жете алат деп болжолдоду.

Трамптын бул сөзүнө чейин эки лидердин сүйлөшүүлөрүнүн мазмунун Кытай дагы оң баалаган:

- Сүйлөшүү кыйла позитивдүү болду. Мамлекет башчылар Кытай- Америка мамилесинин маанилүү, эки тарапты камтамага салган башка маселелери боюнча пикир алмашты. Эки лидер тең экономикалык карым-катышты жандантуу керек деп эсептешет. Президент Трамп АКШ али да Кытайга экспортту кеңейте алат деген үмүттө. Ошондой эле ал АКШнын ири компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшкөндө алар Кытайдын биринчи эл аралык импорт көргөзмөсүнө катышуусун колдогонун айтты. Биздин лидер Си Цзинпин Кытай-Америка соода мамилеси жакшы өнүгө алат деген үмүтүн билдирди, - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лу Кан.

Лу Кан
Лу Кан

Дональд Трамп менен Си Цзинпиндин телефон сүйлөшүүсүнөн соң Bloomberg телеканалы АКШ президенти өз администрациясына Кытай менен түзүлө турган ыктымал соода келишимдин долбоорун даярдоону тапшырганын өз булактарына таянуу менен маалымдаган.

Бирок Трамптын соода кеңешчиси Ларри Кудлоу 2-ноябрда CNBC телеканалы менен маегинде бул кабарды четке какты, ал ага катар эки өлкө макулдашуу түзө аларына анчалык деле оптимисттик көз карашта болбогонун белгиледи.

Кытай жана АКШ лидерлери алдыда, ушул айдын соңунда Аргентинада "Чоң жыйырманын" саммитинде көзмө-көз жолугат деп күтүлүүдө.

Кытайдын эл аралык импорт көргөзмөсүнө даярдык. Шанхай, 26-октябрь, 2018-жыл.
Кытайдын эл аралык импорт көргөзмөсүнө даярдык. Шанхай, 26-октябрь, 2018-жыл.

"Соода согуштун" таржымалы

Дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын "соода согушу" быйыл июлда башталган. Ага чейин бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдө мунаса табылган эмес.

Андан бери АКШ үч айлампа менен Кытайдын акчалай наркы 50 миллиард долларлык товарына 25% өлчөмүндө, 200 миллиард долларлык товарына 10% кошумча бажы тарифин койду.

Кытай да жооп катары үч баскыч менен АКШнын 50 миллиард долларлык товарына 25% өлчөмүндө, 60 миллиард долларлык товарына 10% тариф киргизди.

Муну менен Кытай АКШнын өзүнө багытталган бир жылдык экспортунун 85% бөлүгүнө, АКШ азырынча Кытай экспортунун 50% азыраак бөлүгүнө кошумча салык салышты.

Бирок АКШнын президенти эгер Бээжин жооп иретиндеги чаралардан баш тартпаса, Кытайдын дагы 267 миллиард долларлык товарына, демек өзүнө багытталган дээрлик бардык экспортуна тариф коёрун эскерткен.

Былтыр Кытай АКШга 505,5 миллиард долларга товар сатса, АКШнын Кытайга багытталган экспорту 129,8 миллиард долларга гана жеткен.

Вашингтондогу администрация 1974-жылдагы мыйзамга таянып, өз кадамын негизинен эки себепке - “соодадагы адилеттикти орнотуу” жана Кытайды “интеллектуалдык менчикти уурдоодон” баш тарттыруу максаты менен түшүндүрүп келет.

Бээжин тескерисинче, АКШнын аракеттерин соодадагы протекционизм катары сынга алып, ага жооп кайтарууга аргасыз болгонун айтууда.

Кытайдын Циндао порту. 1-октябрь, 2018-жыл.
Кытайдын Циндао порту. 1-октябрь, 2018-жыл.

Эл аралык каржы уюмдары соода тирешинин глобалдык экономикага кесепети тийерин эскертишкен.

Эл аралык валюта фондунун башчысы Кристин Лагард өткөн айда кырдаалды жөнгө салуунун бир аргасы катары “глобалдык соода системасын реформалап, аны калыс, бардык өлкөлөр жана адамдар үчүн пайдалуу болгудай кылып жакшыртууну” сунуш кылган.

ЭВФтин божомолунда, азыркы соода тиреши чечилбесе, глобалдык ички дүң өнүм алдыдагы эки жылда дээрлик 1% азаят. АКШнын ички дүң өнүмү (ИДӨ) быйыл мурда мерчемделгендей 2,9% эмес 2,5% болсо, Кытайдын экономикасы 6,2% гана өсөт.

Өткөн айда расмий Бээжин быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы менен экономиканын өсүү ыргагы 0,2% солгундаганын, мында АКШ менен соода тирештин салымы барын моюнга алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG