Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:23

Түндүк Корея: БУУдагы карама-каршы чакырыктар


БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Корея боюнча жыйыны. 27-сентябрь, 2018-жыл.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Корея боюнча жыйыны. 27-сентябрь, 2018-жыл.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде АКШ Кытай жана Орусия менен Түндүк Кореяга салынган санкциялар боюнча кайым айтышты. Бээжин менен Москва соңку окуялардан улам санкциялар жеңилдетилүүсүн жактап чыгышса, Вашингтон мурдагыдай эле Пхеньяндын өзөктүк куралдан толук жана биротоло арылганы текшерүү жолу менен ырасталмайынча катаал санкциялар күчүндө калышы керек деп саноодо.

Улуттар уюмунда азыр АКШ төрагалык кылып жаткан Коопсуздук кеңешинин 27-сентябрдагы отуруму мамлекеттик катчы Майк Помпеонун келерки айда Түндүк Кореяга мерчемделип жаткан үчүнчү сапары алдында өттү. Анын алдыдагы сапары АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын экинчи саммитин даярдоо максатын да көздөйт.

Карым-катыш жүрүп жатканына карабай, мамлекеттик катчы Майк Помпео Коопсуздук кеңешиндеги сөзүндө Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасынын айланасындагы соңку кырдаалды азырынча “жаңы күндүн таңы” деп гана мүнөздөп, Пхеньянга максималдуу кысым көргөзүү саясатынан баш тартпай турууну жактады:

Майк Помпео
Майк Помпео

- Азыркы абалга бизди эмне алып келгенин эстен чыгарбашыбыз керек. Муну Коопсуздук кеңешинин санкцияларынын жардамы менен кысым көргөзүүнүн эл аралык тарыхый өнөктүгү мүмкүн кылды. Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан биротоло арылуусу камсыздалып, бул толук ырасталмайынча Коопсуздук кеңешинин санкцияларын толук аткаруу биздин жамааттык жоопкерчилигибиз. Биз Түндүк Кореяга мыйзамсыз жолдор менен мунай импорттоо уланып жатканын көрүүдөбүз. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү катары биз бул кемелердин капитандарына, ээлерине байкоо салып жатканыбызды жана алар мыйзамсыз ишин токтотуусу керектигин эскертүүбүз абзел. Кошмо Штаттар БУУга мүчө мамлекеттер, анын ичинде Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Түндүк Кореядан жаңы жумушчуларды кабыл алганы боюнча соңку маалыматтарга камтама болуп турат, - деди Помпео.

АКШнын Түндүк Корея боюнча катаал санкцияларды өзгөртпөө турумун анын батыштык өнөктөштөрү колдоду. Бирок Кытай менен Орусия, тескерисинче, Пхеньянга дем берүү үчүн санкцияларды жумшартуу зарылдыгын айтып чыгышты:

Сергей Лавров
Сергей Лавров

- Түндүк Кореяга каршы санкциялар жамааттык жазалоонун аспабына айлануусу жол берилгис. Вашингтон менен Пхеньян ортосундагы ишенимдин жетишсиздиги тараптар бир учурда ырааттуу жасай ала турган чараларды иштеп чыгуусуна жолтоо кылып жатат. Биз Корей жарым аралынын өзөктүк куралдан арылуусунда чечүүчү роль ойной ала турган эл аралык кепилдиктер системасын ойлонуп көрүшүбүз абзел. Пхеньян кызматташтыкка, аймактагы кырдаалды турукташтыруу үчүн прогресске даярдыгын көргөзүп жаткан шартта биздин батыш өнөктөштөрдүн ага каршы санкцияларды күчөтүү режимин таңуулоосу орунсуз жана ылайыксыз көрүнөт, - деди орус тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Мурдараак, ушул айдын башында АКШ Орусияны Түндүк Корея боюнча санкцияларды бузганын жашыруу максатында Улуттар уюмунун көз карандысыз байкоочуларын өз баяндамасын өзгөртүүгө мажбурлаганы үчүн айыптаган эле.

Коопсуздук кеңеши былтыркы жыл ичи бир нече айлампа менен кабыл алган санкцияларда Түндүк Кореянын көмүр экспорттоосуна, кайра тыштан мунай импорттосуна олуттуу чектөөлөр киргизилген.

Башка мамлекеттердин Түндүк Корея жумушчуларын кабыл алуусуна тыюу салынган, алар эң көп санда жүргөн өлкө - Кытай менен Орусия.

Түндүк Кореянын жакынкы коңшулардан Түштүк Корея азыр санкциялардын баскыч - баскыч менен жоюлуусун жактап турса, Жапония, тескерсинче, буга каршы. Токио дагы Вашингтон сыяктуу эле санкциялардын алынуу шарты Пхеньяндын өзөктүк куралдан толук, биротоло жана текшерилген жол менен арылуусу деп санайт.

Былтыркы ракета сыноолорунан, санкциялардан жана “риторикалар согушунан" кийин быйыл июнь айында Трамп менен Ким Сингапурда “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммитте бир ирет жолукту, ал эми эки Кореянын лидерлери үч ирет саммит өткөрүштү.

Башында Трамп Пхеньяндын “ыкчам” куралсыздануусун талап кылса, эки күн мурда Нью-Йорктогу басма сөз жыйынында бул жараян бир нече жылга созулушу мүмкүндүгүн болжолдоду.

Бир катар талдоочулар да Түндүк Корея сүйлөшүүлөргө макул болгондон бери бирок өзөктүк куралдан арылуу ишинде риторикадан ары карай жылганынан күмөн санашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG