Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Дүйнө лидерлери Нью-Йоркто чогулду


БУУнун эн белгиси.
БУУнун эн белгиси.

Бүгүн БУУнун Башкы ассамблеянын 73-сессиясы ачылып жатат. Нью-Йоркко кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков да барды.

Дүйнөдө тынчтыкты жана коопсуздукту кармоо, өзөктүк куралды жайылтпоо, Улуттар Уюмунун өзүн реформалоо жана качкындар көйгөйү Башкы ассамблеянын күн тартибинде кайрадан каралмай болду.

Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын быйылкы сессиясы 24-сентябрда дүйнөдөгү маңзат жана качкындар көйгөйүн жогорку деңгээлде талкуулаган атайын жыйындар менен өткөнү турат .

25-сентябрдан тарта баштала турган жалпы дебаттарда эң алгачкылардан болуп АКШ президенти Дональд Трамп сөз алары кабарланды.

Буга чейин Улуттар Уюмунун 5,4 миллиард доллардык жылдык бюджетинин 22% АКШнын көтөрүп жатканы калыстыкка жатпасын айтып келген Трамп БУУну “эбегейсиз потенциалын актай албай жатат” деп сындады.

Никки Хейли
Никки Хейли

- Ал (Дональд Трамп) АКШнын тышкы саясатынын акыркы жыл ичиндеги реалдуу жетишкендиктери, биз кайдан кайсыл тарапка жыларыбыз тууралуу айтканы жатат. Кошмо Штаттардын суверенитетин коргоо жана мындай коргонууга көңүл бурган башка мамлекеттер, биздин баалуулуктарды бөлүшкөн өлкөлөр менен кызматташтыгыбызды улантарыбыз тууралуу да айтмакчы, - деген эле өткөн апта соңунда АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли.

Тышкы саясат маселесине келгенде, баяндамачылар Дональд Трамптын президент катары туура бир жыл мурда Башкы ассамблеяда айткан алгачкы сөзүн эске салышууда.

Анда Түндүк Кореяга басым жасаган Трамп бул өлкөнүн лидери Ким Чен Ынды “ракета киши” деп атап, эгер Түндүк Корея коркунуч жаратса, АКШ аны жок кылууга аргасыз болорун айткан.

Былтыр жыл ичинде болгон "риторикалар согушунан" кийин быйыл июнь айында Трамп менен Ким Сингапурда “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммитте бир ирет жолукту, ал эми эки Кореянын лидерлери үч ирет саммит өткөрүштү.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Индин Пхеньяга өткөн аптадагы алгачкы сапарынан кийин Түндүк Кореянын лидери АКШ президенти менен экинчи саммити жана мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Пхеньянга визитин күтүп жатканы, алар өзөктүк куралдан кутулууга дилгир экени маалымдалды:

Майк Помпео
Майк Помпео

- Биз дүйнөгө төрага Кимди азыркы абалга мажбурлаган экономикалык санкциялар өзөктүк курал жок кылынмайынча күчүндө кала берерин ачык айтканбыз. Бул тууралуу алдыдагы аптада да көп сөз болот. Алар ракета атууну, өзөктүк сыноону токтотушту, мунун баары жакшы. Биз көзүбүздү чоң ачып турабыз. Төрага Кимдин президент Трампка берген убадасын, өзөктүк куралдан толук арылуусу үчүн дүйнөнүн, Коопсуздук кеңештин резолюцияларынын талабын аткарууга мажбурлоонун жолу көп, - деди мамлекеттик катчы Майк Помпео ушул дем алышта Fox News телканалы менен маегинде.

Бул арада Улуттар Уюмунан баш катчы Антонио Гутерреш АКШ менен Түндүк Кореянын макулдашуусуз “корей аралык сүйлөшүүлөрдө ийгилик болбой” турганын белгиледи.

Кошмо Штаттардын БУУдагы өкүлчүлүгүнүн билдиргенине караганда, Башкы ассамблеянын жалпы дебаттары башталган күнү эртеси президент Дональд Трамптын төрагалыгы астында Коопсуздук кеңештин отуруму өтмөкчү.

Анда өзөктүк куралды жайылтпоо, Иран маселесине, Сирия менен Британияда химиялык курал колдонулган учурларга көңүл бурулмакчы.

Британияда химиялык курал колдонулду дегенде орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал жана анын кызынын химиялык зат менен ууландырылышы тууралуу сөз жүрүп жатат. Бул ууландыруу окуясы үчүн Британия Орусияны күнөөлөп жаткан чагы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG