Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Трамп: Америка миграция лагери эмес


Чек арадан өтүүгө аракет кылгандар.
Чек арадан өтүүгө аракет кылгандар.

Кошмо Штаттарда чек араны бузган мигранттарды балдарынан ажыратуу саясаты нааразылыктарды жаратууда. Бирок президент Трамптын администрациясы мындай чараны жактоону улантууда. Буга чейин президент Дональд Трамп АКШны мигранттардын лагерине айлантууга жол бербесин билдирген эле. Кошмо Штаттардын бийлигинин мындай саясатын БУУ баштаган эл аралык уюмдар сынга алып, балдардын укугун коргоо чакырды.

Дүйшөмбүдө Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Улуттук космос боюнча кеңештин жыйынында сүйлөп жатып Американы мигранттардын лагерине айлантууга жол бербесин дагы бир жолу бышыктады:

- Кошмо Штаттар эч качан мигранттардын лагери болбойт жана качкындарды жайгаштырган жайга айланбайт. Андайга жол берилбейт. Силер азыр Европада эмне болуп жатканын, башка аймактагы кырдаалды карап көргүлөчү. Биз Кошмо Штаттарда буга жол бербейбиз.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Американын Ички иштер министрлиги ата-энени баладан ажыратуу ниети жок экенин билдиргени менен администрация чек араны мыйзамсыз өткөн мигранттарды кармап, балдарын өзүнчө бөлүүнү улантууда.

Быйыл марттан майга чейин ай сайын 50 миңден ашуун адам Мексика менен чектеш аймактардан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалган. Алардын 15 пайызы үй-бүлөсү менен келсе, сегиз пайызы улуулардын коштоосунда келген балдар болгон. Мындан соң АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнс “нөл сабырдуулук” аттуу чара иштелип чыкканын 7-майда жарыялаган.

Ага ылайык, чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган ар бир адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Балдарын ээрчитип келаткандардын балдары бөлүнүп, өзүнчө борборлорго жайгаштырылат. Мыйзам балдарды ата-энелери менен чогуу кармоого жол бербейт. Укук коргоочу Венди Янг “нөл сабырдуулук” саясатын кескин сынга алды.

- Чынын айтсам, алар бардык чечимдерди кокустан эле кабыл алышкандай. Алар чек арадан мыйзамсыз өткөн мигранттарды кантип кармашарын так ойлонушуптур, бирок алардын аракетинен жабыркаган үй-бүлөлөргө кантип кам көрүүнүн жолдорун унутуп коюшкандай.

Башкы прокурор Сешнс бул саясат мыйзамсыз миграцияны токтотууну көздөй тургандыгын айтууда.

Кийинки беш жумада 2300 бала ата-энесинен жана бир туугандарынан бөлүнүп, өзүнчө кармалып турат.

Улуттар Уюмунун балдарга кам көрүү жана коргоо жаатында иш алып барган фонду болгон ЮНИСЕФтин басма сөз катчысы Христофе Боулирак чек арада болуп жаткан окуяларды жан кейиткен көрүнүш деп сыпаттады.

- Балдардын окуялары - алардын айрымдары ымыркайлар - Кошмо Штаттарга коопсуз жашоо издеп барган ата-энелеринен ажыратылып жатканы жанды кейитет. Миграциялык статусуна, кайсы жактан келгенине карабаш керек. Булар биринчи кезекте - балдар. Алар коргоого, дурус шарттарга жана дүйнөдөгү башка балдардай эле үй-бүлөлөрү менен бир болууга муктаж.

Ата-энелеринен бөлүнгөн балдар андан ары Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо департаментине караштуу качкындар башкармалыгына жиберилип жатат. Андан соң атайын лагерлерде жайгаштырылат. Укук коргоо уюмдары тарткан тасмада ал жактын полдоруна цемент төшөлү, темир торлор менен тосулганын көрүүгө болот.

Дональд Трамтын администрациясы жүргүзүп жаткан бул саясат боюнча президенттин жубайы Мелания Трамп өз пикирин билдирди. Биринчи айым балдарды ата-энесинен убактылуу болсо да бөлүп кармоо зээнди кейитээрин айтып, бул маселени тез арада чечүү зарыл экенин билдирди.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG