Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Пхеньян саммити: калың убада, кабелтең макулдашуу


Мун Чжэ Ин жана Ким Чен Ын Пхеньянда
Мун Чжэ Ин жана Ким Чен Ын Пхеньянда

Ким Чен Ын ошентип Корей жарым аралы өзөктүк куралсыз аймакка айлана турганын ачык айтты. Атургай ал быйыл жыл аягына чейин Түштүк Кореяга бара турганы белгилүү болду.

Глобалдык маселе

Бул эки Корея лидерлеринин үчүнчү жолугушуусу Пхеньянда орун алды. Саммит мурдагылардан айырмаланып жаңылыкка да, убадага да бай болду. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзөктүк же жексен кылуучу куралдан арылуу убадасын алгач ирет ачык айтты:

- Биз катаал жана кайгылуу карама-каршылыкка чекит кое турган аскердик келишимге жетиштик. Корей жарым аралын өзөктүк куралсыз, тынч аймакка айлантуу үчүн күч-аракетибизди жумшоону макулдаштык.

Быйыл июнь айындагы ушул өңүттөгү макулдашууга АКШ-Түндүк Корея лидерлери кол коюшкан. Бирок Ким анда так кесе билдирүү менен чыккан эмес.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин бул жолку билдирүүнү кубаттап, улап кетти:

- Түштүк жана Түндүк Корея биринчи жолу денуклеаризация планын макулдашты. Бул өтө маанилүү жыйынтык. Түндүк Корея тиешелүү өлкөлөрдүн эксперттеринин көзүнчө Тончхан сыноо полигонун жана ракета учуруучу түзүлүштү биротоло жоюуну чечти.

Мындан тышкары Түндүк Корея негизги өзөктүк полигону - Йонбенди да жойгонго даяр. Эгер АКШ мурдараак жетишилген макулдашууларды сактаса. Кеп санкциялар тууралуу. Бирок Түндүк Корея өзөктүк куралдан толук арылганына көзү жетмейинче санкцияларды жойбосун Вашингтон билдирип келет.

Ким Чен Ын жана Дональд Трамп Сингапурда кол кысышты. 12-июнь, 2018-жыл.
Ким Чен Ын жана Дональд Трамп Сингапурда кол кысышты. 12-июнь, 2018-жыл.

Акыркы талап боюнча АКШ унчуга элек. Президент Дональд Трамп азырынча “абдан толкундантат” деп жолугушууну кубаттоо менен гана чектелди. Эми Түндүк Корея “эч бир өзөктүк же ракеталык сыноо өткөрбөйт” деп "Твиттерге" жазды.

Бул дүйнөнүн бейкуттугуна байланыштуу маселе.

Өз ара мамиле

Андан тышкары эки Корея өз коопсуздук келишимдерине жетишти.

- Түндүк жана Түштүк Кореянын жарандары! Согушсуз Корей жарым аралы башталды. Түштүк жана Түндүк Корея Корея жарым аралында согуш жаратчу кандай гана коркунуч болбосун жоюуну макулдашты. Аскердик келишимди аткарууда такай талкууларды өткөрүп турушу үчүн биргелешкен аскер комиссиясын түзүүнү макулдаштык, - деди Мун Чжэ Ин.

Чечмелей кетсек, эки тарап ортодогу демилитаризация тилкесинде ири артиллериялык аскер машыгууларын токтотуу убадасын беришти. Демилитаризация аймагындагы (ДМЗ) аскерлерди азайтып, 11 пунктту жоюуну макулдашкан. 1953-жылы эки Корея согушу басылгандан кийин БУУнун кийлигишүүсү менен ортодо эни төрт чакырымдык демилитаризация тилкеси калтырылган. Анын эки тарабында күчөтүлгөн аскердик күзөт турат. Буга чейин 1970-жылдары, 1990-жылдары ДМЗ тилкесинин түбүнөн түндүк кореялыктар казган бир нече туннел табылган. Ал Түштүк Кореяга күтүүсүз кол салуу максатында казылганы белгилүү болгон.

Баса белгилеп кете турган жагдай, ошол 1953-жылкы согуш ок атышпоо келишими менен басылган. Бүттү деп расмий жарыяланбаганы үчүн эки Корея формалдуу согуш абалында. Бул жолку ынтымак жолугушуусунда да ошол абалды жокко чыгарган документ кабыл алынган жок.

Мындан тышкары:

- Ким Чен Ын быйыл жыл аягына чейин Сеулга келери белгилүү болду. Чын эле ошентсе ал эки өлкө бөлүнгөн 65 жыл ичиндеги түндүк кореялык лидердин түштүккө биринчи сапары болуп калат.

- Эки быйыл эле темир жана автожолдорду бириктирүү иши башталат. Азыр бир тууган эки өлкө ортосунда каттам такыр жок. Түштүк Корея бир кезде салган темир жол, станция ишке даяр. Бирок Түндүк Корея каттамга макул болбогондуктан ачылгандан бери бир да жүргүнчүнү тейлеген эмес.

Дорасан станциясына турист эле барбаса, бир да жүргүнчү тейлей элек.
Дорасан станциясына турист эле барбаса, бир да жүргүнчү тейлей элек.

- Президент Мун түштүк кореялык Samsung, LG сыяктуу ири компаниялардын жетекчилерин да ээрчите барган. Алар Түндүк Кореяга инвестиция салуу, биргелешкен ишкана ачуу жагын караштырат. Бирок ал маселе кайра келип эле АКШ жана БУУ санкцияларына урунат. Түндүк Корея өзөктүк бомбаларын, баллистикалык ракеталарын утуру сынап, алыс-жакын коңшуларына коркунуч туудуруп жаткан жылдары экономикалык санкциялар салынган. Ага ылайык, бул өлкөгө инвестиция салып, товар сатып же сатып алган тараптар жазага кириптер болот.

- Алдыдагы Олимпиада оюндарына бир команда жиберип, атургай 2032-жылкы Олимпиаданы чогуу өткөрүүгө арыз берели дешти. Ишке ашып калса Түндүк Корея бирден бир жабык өлкө деген аттан арылып, ал жакка эркин кирип-чыгууга жол ачылары шексиз.

Аэропорттогу жолугушуу
Аэропорттогу жолугушуу

- Лидерлер тарыхый макулдашууларга жетишип жаткан учурда биринчи айымдар да бекер отурушкан жок. Ри Сол айым коногу Ким Юнг Сукту балдар ооруканасына алып барды. Андан кийин жаш таланттардын концертинде чогуу отурушту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG