Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Трамп менен Кимдин тарыхый саммити


Ким Чен Ын менен Дональд Трамп Сингапурдагы саммитте. 12-июнь, 2018-жыл.
Ким Чен Ын менен Дональд Трамп Сингапурдагы саммитте. 12-июнь, 2018-жыл.

Сингапурда бүгүн АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин көптөн бери күтүлгөн жана “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммити өтүп, анын соңунан президент Дональд Трамп Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жараяны “абдан тез башталат” деп жарыялады. Бирок бул жараянды ишке ашыруунун чоо-жайы али алдыда сүйлөшүлөт. АКШ Түндүк Кореядан “өзөктүк куралдан толук, текшерилген жана кайра кайткыс” жол менен арылууну талап кылып келатат.

Cингапурдун Сентоса аралында, кымбат балуу мейманкана имаратында өткөн саммит 12-июнда, жергиликтүү убакыт боюнча саат тогузда журналисттердин көзүнчө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидеринин кол алышуусу менен башталды.

Ортодо ондогон жылдар бою кастык өкүм сүргөн эки өлкөнүн башчыларынын тарыхтагы алгачкы көзмө-көз сүйлөшүүсү котормочулардын гана катышуусунда 45 минутка созулду. Андан соң сүйлөшүүлөргө делегация мүчөлөрү катышты.

Ушундан кийин эки лидер кол койгон документти Трамп “абдан маанилүү”, "баары камтылган” деп мүнөздөдү:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Биз бүгүн ишке ашкан нерсеге абдан кубанычтабыз. Менимче, биздин Түндүк Корея, Корей жарым аралы менен жалпы мамилебиз мурдагыдан кыйла айырмаланган кырдаал болот. Биз экөөбүз тең бир нерсе жасагыбыз келет. Биз атайын байланышты иштеп чыктык. Бул адамдарга да кубаныч тартуулайт. Биз бүткүл дүйнө үчүн өтө чоң жана опурталдуу маселени чечебиз, - деди Трамп документке кол коюлгандан кийинки учкай сөзүндө.

Кийин Сингапурдагы басма сөз жыйынында ал Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан арылуу жараяны “илимий жана механикалык жактан мүмкүн болушунча тез ишке ашат” деп кайталады. Бирок ал кандайдыр бир мөөнөт тууралуу же башка атайын маалыматты айткан жок.

Ким Чен Ын анын Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу ниети “өзгөрбөй” турганын ырастаганын, ракета сыноочу жайы жакын арада бузула турганын айтканын кошумчалады. Трамп ошондой эле АКШнын Түштүк Корея менен аскердик машыгуулары токтотуларын белгилеп, бирок Пхеньянга каршы санкциялар “өзөктүк курал фактор эмес экени билингенге чейин” жоюлбай турганын эскертти.

Трамп менен Ким кол койгон документте АКШ “коопсуздук кепилдиктерин”, ал эми Түндүк Корея “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууну” убада кылган.

Анда АКШ менен Түндүк Корея “жаңы мамиле” курууну, “жаңы тарыхты” баштоону көздөгөнү, саммиттин жыйынтыгын ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү улантышары жазылган.

Байкоочулар Сингапурда демилгени негизинен Трамп колго алганына көңүл бурушту. Ким Чен Ын Трамп журналисттерге кайрылгандан кийин гана басма сөз үчүн учкай сөз айтты:

Ким Чен Ын.
Ким Чен Ын.

- Бизде бүгүн тарыхый жолугушуу болду жана өткөндү артка калтырууну чечтик. Дүйнөдө олуттуу өзгөрүү болот. Мен президент Трампка ушул жолугушуу өткөнү үчүн ыраазычылык билдирем.

Ким Чен Ын менен Дональд Трамп Сингапурдагы саммиттен кийин чогуу түштөнүштү.

Пхеньяга таасири бар деп эсептелген Кытай АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлерин жолугушуусун “кылымдык мааниси” бар окуя катары мүнөздөп, эми Түндүк Кореяга санкциялар жагынан жеңилдик берилиши керек экенин дароо эле ишарат кылды:

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

- Кытай "санкциялар - максат эмес" деген көз карашты такай карманып келет. Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Корей жарым аралындагы өзөктүк эмес аймак тууралуу азыркы дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү колдоп, саясий чечимге көмөктөшүүсү зарыл, - деди Кытай ТИМинин расмий өкүлү Гэн Шуан Бээжиндеги басма сөз жыйынында.

Орусия саммиттин жыйынтыгын кубаттап, бирок "балакеттин баары деталдарда жатарына" токтолду.

Иран Түндүк Кореяга Трампка "ишенбөөнү" эскертти. Ал эми Түштүк Корея саммитин "ийгиликтүү" аякташын кубаттады.

Пхеньян өзгөчө былтыр баллистикалык ракеталарын удаа-удаа сынап, бир сыйра өзөктүк сыноого да барганынан улам кырдаал чыңалып, бирок быйыл жыл башынан бери кайра дипломатиялык жүрүштөргө барган. АКШ менен Түндүк Кореянын саммити ошондой оош-кыйыштардан кийин өттү.

Былтыр Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратып, өзөктүк куралдан баш тарттыруу максатында БУУнун Коопсуздук кеңеши жана АКШ өзү да экономикалык санкцияларын улам-улам күчөткөн. Санкциялар азыр да күчүндө турат.

Вашинтон Пхеньяндан өзөктүк куралдан “толук, текшерилген жана кайра кайткыс жол менен” арылууну талап кылып келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG