Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:01

Трамп Түндүк Корея менен мамиледеги "көйгөйлөр" үчүн Кытайды күнөөлөдү


Ким Чен Ын жана Дональд Трамп Сингапурда кездешкен учур. 12-июнь, 2018-жыл.

АКШ президенти бул тууралуу Ак үйдө өкмөт мүчөлөрү менен жыйын болуп жатканда билдирди.

- Менимче, биз Түндүк Корея менен жакшы эле иштешип жатабыз. Биз муну али карап көрүшүбүз керек. Менимче, Түндүк Корея менен маселелердин бир бөлүгү биздин Кытай менен соода талаштарыбыздан улам чыкты. Силер билгендей, Түндүк Кореяга карай жол - Кытай. Түндүк Кореяга товар менен өндүрүмдүн 93% Кытай аркылуу өтөт. Менимче, биздин Түндүк Корея менен мамилебизди Кытай кыйла татаалдаштырып жатат, - деди Трамп 29-августта.

Ал мунун алдында өткөн аптада мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Пхеньянга мерчемделген кезектеги сапарын токтотуп, аны Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу ишинде жылыш жок болуп жатканы менен түшүндүргөн.

Трамп ошону менен бирге мамлекеттик катчы Түндүк Кореяга АКШ менен Кытайдын соода талаштары “чечилген” соң барарын кошумчалаган.

АКШнын президенти Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен быйыл 12-июнда Сингапурда жолуккандан кийин Пхеньяндын өзөктүк курал программасына байланышкан кризис “негизинен жөнгө салынганын”, Түндүк Корея эми өзөктүк коркунуч жаратпай турганын жарыялаган.

Бирок андан бери сүйлөшүүлөр токтоп калды жана америкалык расмий өкүлдөр Түндүк Корея тараптан жылыш болбой жатканын айтышууда. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG