Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:40

Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын экинчи жолугушуусу "жакында" өтөт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп анын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен экинчи жолугушуусу "жакында" боло турганын 24-сентябрда БУУнун Нью-Йорктогу башкы штабында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты. Анын белгилешинче, Пхеньяндын өзөктүк жана ракеталык программасын басаңдатуу жаатында "чоң жетишкендиктер" болду.

Ал бир жыл мурда БУУнун жыйынындагы сөзүндө Түндүк Кореяны толук жок кыларын айтып, Ким Чен Ынды "ракета киши" деп атаган.

"Ал башка дүйнө болчу. Ал коркунучтуу кез болчу", - деди Трамп бүгүнкү сөзүндө.

Жакында экинчи саммит болушу мүмкүн деген АКШ президенти мамлекеттик катчы Майк Помпео жолугушуунун аки-чүкүсүн даярдап жатканын кошумчалады.

Трамп экинчи жолугушууну ушул айда Трампка жөнөткөн катында сунуштаган.

“Силер билгендей, Ким Чен Ын мага абдан сонун кат жазып, экинчи жолугушууну сурады. Биз муну жасайбыз”, - деди Трамп.

23-сентябрда Трамп Нью-Йоркто Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен кездешип, Түндүк Корея маселесин сүйлөшөт. Мун Жэ Ин 18-20 сентябрда Пхеньянда болуп, Ким Чен Ын менен жолугушкан.

Трамп менен Ким быйыл 12-июнда Сингапурда “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммитте биринчи ирет кездешкен, ал эми эки Кореянын лидерлери үч ирет саммит өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG