Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

БУУ: Трамп Пхеньянды мактап, Тегеранды сындады


АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатат, 25-сентябрь, 2018-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатат, 25-сентябрь, 2018-жыл.

Америкалык лидер өз сөзүндө Вашингтон Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу багытында Түндүк Корея менен иштешип жатканын белгиледи. Трамп түндүк кореялык лидерге кызматташканы үчүн ыраазычылык билдирип, бирок өзөктүк куралдан толук арылмайынча санкциялар алынбастыгын белгиледи.

Трамп “Сириядагы трагедияга” токтолуп, эгер Асаддын режими химиялык курал колдонсо, АКШ “көңүл бурарын” кошумчалады.

Трамп бул жолу Иранды айыптап, Тегеран өзөктүк куралдан толук баш тартышы керектигин белгиледи. Америкалык лидер Иран менен өзөктүк макулдашууга жетишкен эл аралык коомчулукту сындап, келишимге кол коюлгандан кийин Тегеран аскердик бюджетин көбөйткөнүн айтты.

"Иран башаламандыктын, өлүмдүн жана кыйроонун үрөнүн сээп жатат" деген Трамп жакында Тегеранга каршы санкциялардын кийинки айлампасы киргизиле тургандыгын жарыялады.

24-сентбярда БУУнун Башкы ассамблеянын 73-сессиясы ачылды. Ага катышууга Нью-Йоркко кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков да барды.

Дүйнөдө тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, өзөктүк куралды жайылтпоо, Улуттар Уюмунун өзүн реформалоо жана качкындар көйгөйү Башкы ассамблеянын күн тартибинде кайрадан каралып жатат.

XS
SM
MD
LG