Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Трамп: Түндүк Кореяны толук жок кыла алабыз


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп БУУ Башкы Ассамблеясында биринчи кайрылуусун жасап, глобалдык маселелерге токтолду. Ал Түндүк Корея жана Иранга карата катуу позицияны карманууга чакырды.

- Кошмо Штаттарында күч да, чыдам да көп. Бирок ал өзүн же тилектештерин коргоого туура келип калса бизде Түндүк Кореяны толук жок кылуудан башка чара калбай калат. АКШ буга жөндөмдүү жана даяр, - деди Трамп.

АКШ президенти БУУнун максаты мындай чатактарды болтурбоо экенин белгиледи. Ошондой эле дүйнө элдерин Пхеньяндагы режим душмандык кылык жоругун токтотмоюн аларды изоляциялоо үчүн биригүүгө чакырды.

Алгачкы кайрылуусунда Трамп Иран өкмөтүн Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка бүлүк салган "кандуу режим" деп атап, Иран менен өзөктүк келишимди сынга алды.

Мындан тышкары Орусия менен Кытайга карата да терс пикирин билдирип, "биз Украинадан Түштүк Кытай деңизине чейинки суверенитеттерге туулган коркунучтарды четке кагышыбыз керек" деди.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны 19-сентябрда ачылган.

XS
SM
MD
LG