Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Жон Маккейндин легендага айланган өмүрү


Жон Маккейн
Жон Маккейн

АКШнын Аризона штатынан алты жолу сенатор болгон Жон Маккейн 81 жашында каза болду.

Вьетнам согушунун ардагери, Ханой-Хилтон түрмөсүндө алты жылдык азапты баштан кечирген Маккейн президенттик шайлоого эки жолу ат салышып, уткан эмес. Анткен менен ал тарыхта көз карашын кандай кырдаал болбосун ачык айткан күчтүү саясатчы катары калды.

Өмүрүнүн акыркы жумасын үй-бүлөсүнүн жана досторунун курчоосунда өткөрдү.

“Тынчтыкты билбеген толкундар, жакшы учурлар, улуу иштер, улуу кармаштар жана ыраазы кылган жагдайлар” аттуу мемуарынын жарыкка чыгышын жана НВО каналынын өзү тууралуу тарткан даректүү тасманын көрсөтүлүшүн күтүп жатып жан берди.

Мемуарды ал 2017-жылы мээсинде залалдуу шишик бар деген диагноз коюлгандан кийин жаза баштаган.

Маккейн ооруп жатканына карабай АКШнын учурдагы президенти Дональд Трампты катуу сындап жатты.

Сенаттагы куралдуу күчтөр комитетин узак убакыт жетектеген Маккейн тышкы саясат жана коргоо жаатында күчтүү эксперт болгон.

"Согуштан мекендин адамы болуп кайттым"

Жон Маккейн 1936-жылы 29-августта Панамадагы аскер базасында жарык дүйнөгө келген. Адмирал атасынын жана адмирал чоң атасынын жолун жолдогон жигит 1958-жылы Аннаполистеги аскер-деңиз академиясын бүтүргөн. Он жылга жетпеген убакытта Вьетнам согушу чыгып, кан майданга жөнөгөн. Ал отурган учак Ханойдо атып түшүрүлгөн. Ошол мүнөттөн тарта Жон аттуу жөнөкөй жоокердин өмүрү легендага айланган.

Жон Маккейндин туткунга түшкөн кези.
Жон Маккейндин туткунга түшкөн кези.

Туткунда жатканда анын эки колун, эки тизесин сындырышкан. Ошого карабай, Маккейн узак жылдар камерада жалгыз отурган. Башка жоокерлерден мурда эркиндикке чыгуудан баш тартып, мекенине акыркы аскер туткундары менен бирге барууга сөз берген.

"Мен мекенимди башка өлкөдө туткун болгондо чындап сүйүп калдым" деген ал, 2008-жылы Республикалык партиянын съездинде сүйлөп жатып:

- Мен мекенимди жашоого ыңгайлуу өлкө болгону үчүн сүйгөн жокмун. Мен анын абийирдин тазалыгын, ишеним менен акылдын күчтүүлүгүн туу тутканы үчүн, элинин калыстыгы жана мээрими үчүн сүйдүм. Мен мекендин географиялык ордун эмес, идея, иш үчүн күрөшкөнүн сыйлап калдым. Мен согуштан таптакыр өзгөрүп, өзүмө эмес өлкөмө таандык болуп кайттым, - деп айткан.

Президенттерди сындагандан коркпогон

Сенатор болуп турганда Маккейн президент менен айыгышкан полемикага түшкөн. Көз карашына туура келбеген саясат жүргүзсө, өз партиялаштарын да аяган эмес.

АКШнын мурдагы президенти Рональд Рейгандын Бейрутка деңиз аскерлерин чектелген курал менен тынчтык орнотуучулар катары жайгаштыруу чечимине каршы чыккан. Ал муну жөн жерден айтпаганын турмуш далилдеди. 1983-жылы жанкечти-экстремист жүк ташуучу автоунаа менен деңиз аскерлеринин казармасына кирип барып өзүн жардырып жиберген. Натыйжада 241 америкалык аскер кызматкери курман болгон.

Ал республикачыл президент Жорж Бушту Ирактагы аскердик стратегия, салыктын кыскарышы, Гуантанамодогу кармалгандарды кыйноого байланыштуу иштер боюнча бир нече жолу сындаган.

Жорж Буш орус президенти Владимир Путин менен биринчи жолу жолукканда Маккейн “Ал анын көзүн караганда КГБ деген үч тамганы көрүшү керек эле” деп айткан.

Маккейндин сыны демократтарды да бир топ жүдөткөн. Барак Обаманы Ирактан аскерлерди чыгарганда, Башар Асад өз элине химиялык курал колдонгондо “кызыл сызык” деген сөздү бекитпегени үчүн сындаган.

2017-жылы Дональд Трамп президент болуп шайлангандан кийин анын саясатын жактырган жок. Экөө айрыкча Сирия, Орусия жана Кытай боюнча маселеде ачык кайым айтышып келди.

Республикачыларды да, демократтарды да эл алдында бир нече жолу мазактаган Трамп Маккейнди “иштин көзүн билбеген чоркок” деп атады. Президенттик шайлоо алдында Трамп "Маккейн согушта туткун болгону үчүн гана баатырга айланган, мен душмандын колуна түшпөгөн адамдарды көбүрөөк урматтайм" деп айтты.

Маккейн өмүр жолунда иммигарциялык саясатка, абортко, салыкка болгон оюн өзгөрткөн. Бул үчүн аны сындагандар арбын болду. Ал Ирак согушун колдогон, 2008-жылы Барак Обамага утулуп калган Алясканын губернаторун вице-президенттикке ылайык көргөнү үчүн шылдыңга кабылган.

Жок Маккейн.
Жок Маккейн.

"Путин дүйнөгө коркунучтуу..."

Ал чыгыш Европа өлкөлөрүнүн НАТОго кошулушун жактаган.

2014-жылы Украинадан келгенден кийин “Орусия өлкө атын жамынган бензоколонка. Ал клептократия, ал коррупция” деп айткан. Анын "Путин дүйнө үчүн ИГИЛге караганда коркунучтуу" деп айтканы да учкул сөзгө айланып кеткен.

Путин бул сынга режиссер Оливер Стоунга маек берип жатып, "Жон Маккейнге окшогон адамдар эски дүйнөдө жашап, келечекти карагысы келбейт" деп жооп берген.

“Чынында ал мага жагып турат. Ооба, ооба мен тамашалаган жокмун. Ал өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргогон, патриот саясатчы болгону үчүн жагат” деген Путин Маккейнди “Карфаген талкаланышы керек” деп айткан Марк Порций Катонго салыштырган.

Кыргыз саясатчылары Маккейн тууралуу кандай ойдо?

Маккейн Вашингтонго Орусияда демократия үчүн өлгөндөрдү жана орус оппозициясын унуттурбай эстетип турган. Борбор Азия мамлекеттеринде системанын өзгөрүшү үчүн тилектеш болгон.

Саясатчы Эдил Байсалов Жок Маккейндин үлгү боло турган сапаттарын белгилеп өттү.

- Жон Маккейн Борбор Азия, негизи эле Чыгыш Европа өлкөлөрү эркиндикке жетсе экен, көз карандысыз болгондон кийин туруктуу өнүгүү жолуна түшсө деп кыялданган, элдик бийлик орноп, бир үй-бүлө, бир адамга көз каранды болбой жашаса экен деген киши эле. Ал диктаторлук режимдерге дайыма каршы болуп келген. Мен анын автобиографиялык китебин алып, өзүнө кол койдуруп алгам. Ал АКШнын аскерий күчүн ар дайым далилдегиси, кубаттандыргысы келчү. Акыркы жылдары Европа Биримдиги жана НАТО менен кызматташууга бекем ынтызар болгон. Бул киши кыргыз элинин досу болгон. Ал биздин эгемендик алганыбызды чындап кубаттаган.

Алан Кросбинин макаласын кыргыз тилине Санжи Туйтунова которду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG