Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

АКШдагы демократтардын жеңиши


Конгресстеги демократтардын лидери Нэнси Пелоси.
Конгресстеги демократтардын лидери Нэнси Пелоси.

АКШдагы кечээ, 6-ноябрда өткөн шайлоонун баштапкы жыйынтыктарына ылайык, Өкүлдөр палатасында демократтар республикачыларды утуп, көпчүлүккө ээ болду.

Ошол эле кезде демократтар Сенатта мурдагыдан да азыраак орун алып калды. Бул ирет тарыхта биринчи жолу эки мусулман аял Конгресске шайланды.

Кошмо Штаттарда өткөн шайлоодо дагы кандай күтүүсүз окуялар болду?

АКШнын өзүндө “орто мөөнөттүк“ деп аталган добуш берүүдө буга чейин республикачылар 23 мандат менен үстөмдүк кылып келген 435 орундуу Өкүлдөр палатасынын курамы толук жаңырды.

“Associated Press” агенттиги келтирген маалыматтар боюнча ушул сааттарга карата Демократиялык партия 435 орундуу Өкүлдөр палатасынан 220 орун, Республикалык партия 193 орун алганы аныкталды. 22 мандаттын ээси азырынча так билине элек. Бирок жалпысынан демократтар республикачылардан 20дан ашуун орунду көп алары кабарланууда:

- Демократтар Конгресс адамдар үчүн иштейт деп убада беришет. Демократиялык Конгресс бизди бириктире турган чечимдер үстүндө иштейт, анткени ажырым жетиштүү эле болду, - деди шайлоонун баштапкы жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин бул партиянын Өкүлдөр палатасындагы лидери Ненси Пелоси.

Вашингтон.
Вашингтон.

АКШнын президенти Дональд Трамп демократтардын Конгресстеги лидери Нэнси Пелосини Өкүлдөр палатасындагы жеңиши менен телефон чалып куттуктады.

- Бүгүн сөз демократтар менен республикачылардан мурун, Трамптын администрациясына карата Конституциянын текшерүү жана тең салмактоо функцияларын калыбына келтирүү тууралуу болуп жатат. Кеп, республикачылардын жана сенатор Митч Макконелдин “Бардыгына жеткиликтүү саламаттык сактоо программасын” токтотуу жөнүндө болуп жатат. Ал ар кыл илдеттер менен жашап келген 130 миллион америкалыктарга кам көргөн системага каршы багытталган, - демократтардын Конгресстеги лидери Ненси Пелоси.

Демек, бул президент Дональд Трампка алдыдагы эки жылдык бийлик мөөнөтүндө Конгресстин бул палатасынан басым күчөшү мүмкүн деген сөз.​

Дональд Трамптын баасы

АКШ президенти атаандаш демократтар анын Республикалык партиясын артка таштап, Конгресстин Өкүлдөр палатасында көзөмөлдү алганына карабай, 6-ноябрдагы шайлоодо “жеңишке жеткенин” жарыялады.

Трамптын 7-ноябрдагы сөздөрүнө караганда, республикачылар бул шайлоодо “тарыхка чакырык” таштай алышты.

6-ноябрдагы шайлоо америкалыктар үчүн Трамптын президенттиги боюнча референдум катары да каралган эле.

Ак үйдөгү басма сөз жыйынында Трамп республикачылар Өкүлдөр палатасы үчүн жарышта утулуп калганы үчүн медианы айыптап, кабарчылардын ага карата мамилесин “кастык” деп да мүнөздөдү.

Трамп ошондой эле республикачылар менен демократтарды жаңы Конгрессте мыйзамдарды кабыл алуу үчүн кызматташтыкка чакырды.

Дональд Трамп Ак үйдөгү басма сөз жыйында. 7-ноябрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп Ак үйдөгү басма сөз жыйында. 7-ноябрь, 2018-жыл.

Баяндамачылар эгер Өкүлдөр палатасында демократтардын көзөмөлү орносо, анда Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөөлөр улантыларын божомолдошкон. Алардын баамында, эми президент Трамптын өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнө байланышкан этика маселесине да көңүл бурулат.

Өкүлдөр палатасынданы аялдар

Өкүлдөр палатасында аялдар мурдагыдан да көбөйөрү айтылууда. Буга чейин алардын саны 84 болуп келсе, бул жолу 89га чейин өсүшү мүмкүн. Бул шайлоонун дагы бир күтүүсүз окуясы - тарыхта биринчи жолу эки мусулман аялдын жергиликтүү Конгресске шайланышы болду.

Илхан Омар тарапташтарынын алдында сүйлөп жатат. Миннеаполис, 6-ноябрь, 2018-жыл.
Илхан Омар тарапташтарынын алдында сүйлөп жатат. Миннеаполис, 6-ноябрь, 2018-жыл.

Өкүлдөр палатасына Миннесота штатынан өткөн Илхан Омар жана Мичиган штатынан шайланган Рашида Тлаиб АКШ Конгрессинин тарыхында ага шайланган алгачкы мусулман аялдар болуп калышты. Ал экөө тең Демократиялык партиядан талапкер болушкан.

42 жаштагы Рашида Тлаиб Кошмо Штаттарда туулуп-өскөн, теги палестиналык, кесиби адвокат. Ал эми 35 жаштагы Илхан Омар Африкада төрөлгөн, теги сомалилик. АКШга бала кезинде качкын катары келген, 2016-жылы Миннесота штатынын парламентине шайланган.

"Билесиздерби, мен мигрант катары демократияны абдан жакшы түшүнөм жана жакшы көрөм", - деп билдирген Илхан Омар буга чейинки маегинде.

Александра Окасио Кортес шайлоодон кийин жактоочуларынын алдында сүйлөөдө. Нью-Йорк, 6-ноябрь, 2018-жыл.
Александра Окасио Кортес шайлоодон кийин жактоочуларынын алдында сүйлөөдө. Нью-Йорк, 6-ноябрь, 2018-жыл.

Ал эми 29 жаштагы Александра Окасио Кортес (Alexandria Ocasio-Cortez) АКШнын тарыхында Конгресске шайланган эң жаш аял болуп калды.

Нью-Йорктун Бронкс районунда туулуп-өскөн 28 жаштагы Кортес быйыл июнь айында Демократиялык партиянын ички шайлоосунда өзүнүн атаандашы, тажрыйбалуу саясатчы Жо Кроулини жеңип чыгып, көпчүлүктү таң калтырган.

АКШнын эң мыкты жогорку окуу жайларынын бири Браун университетин бүтүргөн Окасио Кортес өзүн “демократ социалист” деп атап жүрөт.

Ал кабарчыларга студент кезинде окуу акысын төгүш үчүн алган насыясын эмгиче төлөп жатканын, жакынкы убакытка чейин эле медициналык камсыздандыруусу жок болгонун билдирген.

АКШ Конгрессине быйыл шайланган экинчи жаш аял Эбби Финкэнауэр (Abby Finkenauer) болду. Ал быйыл 27-декабрда отузга чыгат.

Демократиялык партиянын мүчөсү Финкэнауэр буга чейин Айова штатында жергиликтүү парламентке шайланган, Конгресске да ушул штаттан келди. Александра Окасио Кортес жана Эбби Финкэнауэр да Конгресстин Өкүлдөр палатасына шайланышты.

Американын түпкү элинин - индеецтердин өкүлү да тарыхта биринчи жолу Конгресске шайланды. Атап айтканда, Шарис Дэвидс Канзас штатынан утуп келди.

Быйылкы шайлоодо АКШда Конгресстин мүчөлүгүнө талапкер болгон аялдардын саны рекорддук чекке - 237ге жетти. Алардын 185и демократтардан болду.

Шайлоонун жыйынтыгы Конгрессте аялдардын саны биринчи жолу 20 пайыздан ашарын көрсөтүүдө.

Сенаттын курамы

6-ноябрда Конгресстин жогорку палатасы - Сенаттын үчтөн бири, башкача айтканда 35 мүчөсү да кайра шайланды. Республикачылар буга чейин 100 орундуу Сенатта бир эле добуш менен үстөмдүк кылып келсе, азыркы шайлоонун жыйынтыгында Индиана, Миссури жана Түндүк Дакота штаттарында утуп чыгып, мандаттарынын санын көбөйткөнүн көрсөтүүдө.

Сенатта Республикалык партия буга чейинки көпчүлүгүн сактап, кеминде 52 орунга ээлик кылат.

Штаттардын губернаторлору да шайланды

6-ноябрда АКШ жарандары 50 штаттын 36сында губернаторлорду да шайлады. Анын жыйынтыгында демократтардан келген губернаторлордун саны мурдагыдан көбөйдү.

6-ноябрда америкалыктар штаттардагы 99 мыйзам чыгаруучу жыйындын 87син да кайра шайлашты.

Шейшембидеги шайлоого эл жандуу катышты. Талдоочулардын эсебинде, шайлоодо 100 миллиондой адам добуш берди.

“Жаңы тарыхтагы эң коопсуз шайлоо”

АКШнын ички коопсуздук министри Кирстьен Нильсен бул шайлоо тышкы кийлигишүүдөн мыкты корголгонун эске алып, аны “жаңы тарыхтагы эң коопсуз шайлоо болду” деди. Ошол эле кезде шайлоо алдында социалдык тармактарда добуш берүүгө байланышкан маалыматты бурмалоо аракеттери байкалып, анын артында ким турганы аныктала элек.

Шайлоону утурлай “Фейсбук” жүздөн ашуун шектүү аккаунтту жапканын маалымдаган. Буга чейин "Твиттер" да шайлоодо добуш бербөөгө чакырган 10 миңдей шектүү баракчаны өчүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG