Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:20

“Фейсбук” АКШдагы шайлоону утурлай 115 аккаунтту жапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Фейсбук” АКШдагы 6-ноябрдагы орто мөөнөттүк шайлоону утурлай 100дөн ашуун аккаунтту жапты. Компаниянын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, ал шектүү баракчалардын баары француз жана орус тилдеринде болгон.

Мындан тышкары, “Фейсбук” өзүнө караштуу “Инстаграм” социалдык тармагындагы да айрым аккаунттарды жапты. Алар англис тилдеринде иштеген баракчалар экени, айрымдары атактуу адамдар тууралуу болсо, башкалары саясий дебаттарга арналганы айтылды.

“Фейсбук” жабылган аккаунттарды кылдат изилдеп чыгат. Ошондой эле компания ал колдонуучулар орусиялык ишкер Евгений Пригожиндин “Интернетти иликтөө агенттигине” байланышы аныкталса, кошумча маалымат жарыялана турганын кабарлады.

Евгений Пригожин “троллдор фабрикасын” иштетери айтылып келет. Буга чейин “Твиттер” социалдык түйүнү да АКШдагы шайлоого катышпоого чакырган 10 миңден ашык шектүү аккаунттарды жапкан.

6-ноябрдагы АКШдагы шайлоодо Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы, ал эми Сенаттын үчтөн бири кайра шайланышы керек.

XS
SM
MD
LG