Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

АКШ: шайлоо алдындагы "почта бомбалары"


АКШ бийликтеринин айтымында, шаршемби күнү жардыруучу түзмөктөр Нью-Йорк, Вашингтон жана Флоридага жөнөтүлгөнү аныкталган.
АКШ бийликтеринин айтымында, шаршемби күнү жардыруучу түзмөктөр Нью-Йорк, Вашингтон жана Флоридага жөнөтүлгөнү аныкталган.

24-октябрда АКШда Демократиялык партиянын жана мурдагы жогорку кызмат адамдарынын үйүнө жарылуучу түзмөктөр жөнөтүлгөнү аныкталды.

АКШ президенти Дональд Трамп демократтарга “почта бомбасын” жөнөткөндөрдү табууга убада берди. Ошол эле кезде ал америкалык медианы “кастыкты” токтотууга чакырды.

АКШ бийликтеринин айтымында, шаршемби күнү Нью-Йорк, Вашингтон, Калифорния жана Флоридага жөнөтүлгөн бомбалардын саны жетөө экени аныкталган. ФБРдын маалыматына караганда, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтонго, почта кутусуна салынган шектүү заттар экс-президент Барак Обамага, ЦРУнун мурдагы башчысы Жон Бреннанга, экс-баш прокурор Эрик Холдерге, АКШнын өкүлдөр палатасындагы Демократиялык партиянын мүчөсү Максин Уотерске жөнөтүлгөн.

Эки күн мурда болсо Демократиялык партиянын башкы демөөрчүлөрүнүн бири, миллиардер Жорж Соростун үйүнөн да ушундай эле почта бомбасы табылган. Почта аркылуу жөнөтүлгөн шектүү куту-баштыктардан эч ким жабыркаган жок.

- Сиздер билгендей, бир канча жардыруучу түзмөк табылды. Сыягы, алардын баары окшош. Эгер дагы башка жардыруучу түзмөктөр табылса, биз таң калбайбыз, - деди Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо.

Почта бомбалары жөнөтүлгөн адамдар.
Почта бомбалары жөнөтүлгөн адамдар.

Ошондой эле мурдагы вице-президент Жо Байденге да баштык жөнөтүлгөн деген маалыматты ФБР текшерүүдө. Шектүү куту-баштыктар жөнөтүлгөн адамдардын баары америкалык консерваторлор, өзгөчө президент Дональд Трамп өзү да сындап келаткан саясатчылар. Демократиялык партиянын айрым мүчөлөрү Трампты албуут сөздөрү менен америкалык коомдо жек көрүүчүлүктү жана кастыкты күчөтүп, ага шыктандырып жатат деп сындашууда.

2016-жылдагы шайлоодо Демократиялык партиядан Трамптын атаандашы болгон Хиллари Клинтон атайын кызматтарга ыраазычылык билдирип, бирок өлкөдөгү карама-каршылыктар эске салды:

- Бизге жөнөтүлгөн баштыкты үйүбүзгө кире электе таап чыгышкан атайын кызматтагы балдардын жана кыздардын иш-аракетинин аркасында биз баарыбыз аманбыз. Биз алардын кызматына жана берилгендигине ар күнү ыраазыбыз. Албетте, бүгүн өзгөчө. Бирок азыр кооптуу мезгил болуп жатат, туурабы? Азыр карама-каршылыктардын учуру, биз өлкөнү бириктирүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого милдеттүүбүз.

Хиллари Клинтон.
Хиллари Клинтон.

Азырынча бомбаны жөнөткөндөр тууралуу маалымат жок, ФБР иликтөө-издөө иштерин жүргүзүүдө. АКШ президенти Дональд Трамп да демократтарга “почта бомбасын” жөнөткөндөрдү табууга убада берди. Ошол эле кезде ал америкалык саясатчыларды жана медианы “кастыкты” токтотууга чакырды:

- Мисалы, саясий майданга чыгып жаткандар саясий атаандаштарын моралдык жактан жетилбегендей кароону токтотушу зарыл. Эч ким бизде азыр болуп жаткандай, саясий атаандаштарын дайыма тарыхый шүмшүктөр катары салыштыра бербеши керек.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Шаршембиде CNN телеканалынын кеңсесинен да ЦРУнун мурдагы башчысы Жон Бреннандын атына жөнөтүлгөн куту табылгангандыктан, анын кызматкерлери да эвакуацияланды. Трамп CNN телеканалын да жалган маалымат таратат деп айыптаган жайы бар. Ал маалымат каражаттарын кечээки билдирүүсүндө да айыптады:

- Бөлүнүүнү жеңип өтүүдө жана элди бирктирүүдө жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчиликти көрсөтүп, сый-урмат билдириши керек. Ошондой эле өз материалдарында тынымсыз кастыкты, кайра-кайра терс жана көпчүлүк учурда негизсиз айыптоолорду жасаганды токтотушу керек.

CNN телеканалын башчысы Жефф Цукер "Ак үйдөгүлөр маалымат каражаттарына тынымсыз чабуул коюунун олуттуулугун такыр түшүнбөйт" деп сындады.

Жорж Соростун үйү.
Жорж Соростун үйү.

Бул окуялар 6-ноябрда өтүүчү Конгресстин мүчөлөрүн шайлоо алдында болду. Ошондуктан шайлоонун алдында атаандаштарын жаман көрсөтүү үчүн муну демократтар өздөрү уюштурушу мүмкүн дегендер да болууда. Учурда 24-октябрда саясатчыларга жөнөтүлгөн шектүү баштыктар тыкыр иликтенүүдө.

Андан эки күн мурда америкалык миллиардер Жорж Соростун Нью-Йорк штатындагы үйүнүн сыртындагы почта үкөгүнөн табылган жардыруучу түзмөк үйүнүн жанындагы токойлуу аянтта зыянсыздандырылган. Полиция түзмөктө “чыныгы бомбанын компоненттери”, анын ичинде жарылуучу порошок болгонун кабарлаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG