Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:02

АКШ: шайлоого аттанган мусулман аялдар


Илхан Омар Конгресске Миннесота штатынан талапкер. 8-ноябрь, 2016-жыл.

6-ноябрда АКШда өтө турган шайлоого быйыл бир нече мусулман аял катышып жатат. Алардын экөө Рашида Тлаиб менен Илхан Омар Конгресс мүчөлүгүнө баратышат. Башкалары жергиликтүү парламенттерге, губернаторлукка өз талапкерлигин коюшту.

Талапкер аялдардын көбү бир кезде АКШга ата-энеси менен качкын болуп келип, бул өлкөнүн жарандыгын алган.

Илхан Омар

35 жаштагы Илхан Омар Африкада төрөлгөн. Илхан сегиз жашка чыкканда Сомалиде жарандык согуш тутанган. Жаңжалдын айынан кыздын ата-энеси коңшу Кенияга качууга аргасыз болгон. Ал жерде качкындар лагеринде төрт жылдай жашаган. Кийин АКШга көчүп барып, баш паанек алышкан.

Илхан англис тилин тез өздөштүргөн. Чоң атасына котормочу болуп жергиликтүү жыйындардын баарына катышчу экен. Саясатка болгон кызыгуу ошондо эле ойгонгонун айтып келет.

Илхан Омар тарапташтары менен сүрөткө түшүп жатат. 13-октябрь, 2018-жыл.
Илхан Омар тарапташтары менен сүрөткө түшүп жатат. 13-октябрь, 2018-жыл.

Илхан ар дайым «Мен окуум үчүн насыя төгөм, жашаган батиримдин ижара акысын төлөйм, мен бир кездеги качкынмын» деп айтуу менен башынан көп нерсени өткөргөнүн, бозгундар менен мигранттардын көйгөйүн жакшы түшүнөрүн баса белгилеп жүрөт.

Ушундай позициясы менен Илхан Омар 2016-жылы Миннесота парламентине мүчө болгон. Ал эми быйыл августта Демократиялык партиянын ички шайлоосу-праймеризде өз атаандашын жеңе алды. 6-ноябрдагы шайлоодо Республикалык партиянын талапкерин утса, Конгресске өтөт.

Илхан Омар президент Дональд Трамптын иммиграциялык саясатын катуу сынга алып, чек арадагы балдардын ата-энелеринен ажыратылышына, айрым мусулман мамлекеттеринин жарандарына АКШга кирүүсүнө тыюу салынышына каршылыгын билдирип келет.

Ал Конгресске өтсө, Трамптын импичменти үчүн "макул" деп добуш бере турганын жашырбайт. Илхан Түндүк Дакота университетин аяктаган, үч баланын энеси.

Рашида Тлаиб

Илхан Омардан айырмаланып, Рашида Тлаиб Кошмо Штаттарда төрөлүп-өскөн. Анын ата-энеси 1970-жылы Палестинадан АКШга ооп келген.

Рашида үй-бүлөдө 14 бир туугандын улуусу. Ал дагы август айында Демократиялык партиянын ички праймеризинде өз атаандашын жеңип кетти. Бул округдан Республикалык партиянын талапкери чыкпагандыктан Рашида 6-ноябрдагы шайлоодо Конгресске өтөрү шексиз.

Ошентип ал Конгресстеги биринчи теги палестиналык америка жараны, алгачкы мусулман аял болуп калат. Ал медициналык камсыздоо ар бир жаран үчүн жеткиликтүү, эмгек акы саатына он беш доллардан кем эмес болушу керек деп эсептейт.

Конгресске ат салышып жаткан Рашида Тлаиб.
Конгресске ат салышып жаткан Рашида Тлаиб.

Рашида Тлаиб АКШнын бажы-иммиграциялык полициясын жоюу керек деген идеяны дайыма айтып келет.

Ал буга чейин 2008-жылы Мичиган парламентине мүчөлүккө өткөн биринчи теги палестиналык америка жараны болгон.

Arab American News басылмасынын жетекчиси Усама Сиблани бир күнү Рашида Тлаиб сыяктуу аял өлкө президенти деле болуп каларына терең ишенет:

- Кошмо Штаттарда бардыгы мүмкүн экенине ишенүү керек. Америка кыялы бир эле жеке жашоодо жана бизнесте эмес, коомдук жана саясий тармактарда да ишке ашуусу ыктымал. Обама же Трамп келип президент болгондой эле бир күнү Рашида Тлаибдей аял да президенттик шайлоодон утуп кетиши толук мүмкүн. Мен буга ишенем. Америка мындай окуялар толук ишке аша турган өлкө.

Сафия Вазир

Ноябрда өтчү шайлоого катышып жаткан дагы бир мусулман аял - 27 жаштагы Сафия Вазир.

Жогоруда сөз болгон эки талапкер айымдан айырмаланып, Вазир Нью-Гемпшир штатынын парламентине талапкерлигин коюп жатат.

Быйыл жайында өткөн Демократиялык партиянын ички шайлоосунда ал 66 жаштагы тажрыйбалуу саясатчы Дик Паттенди утуп алды. Бул жеңиш Сафия Вазирдин өзү үчүн да күтүүсүз болду.

Паттен праймеризден кийин сүйлөгөн сөзүндө "Вазир ооганстандык качкын болгону үчүн" гана утканын жүйө келтирди.

Сафия Вазир Ооганстандын Баглан провинциясында жарык дүйнөгө келген. “Талибан” кыймылы провинцияны басып алганда үй-бүлөсү менен Өзбекстанга өтө качкан. Анда Сафия Вазир алты жашта болгон. Он жылдан ашуун Өзбекстанда качкын катары жашап, Сафия 16га чыкканда Кошмо Штаттарга көчүп келишкен. Алты жылдан кийин ал АКШ жарандыгын алган.

Сафия Вазир үй-бүлөсү менен.
Сафия Вазир үй-бүлөсү менен.

Вазир Өзбекстанда качкын болуп жүргөндө өзбек жана орус тилдерин өздөштүргөн. Англис тилин да бат эле үйрөнүп алган.

Ал мектепте окуп жүргөндө ата-энесине жардам берип азык-түлүк дүкөндөрүндө иштеген. Кийин Нью-Гемпшир Техникалык институтуна тапшырып, күндүз окуп, түнү ишин уланткан.

Ал шайлоо өнөктүгүндө негизги көңүлдү билим берүүгө, медицина көйгөйлөрүнө жана үй-бүлө баалуулуктарына буруп келет.

Сафия Вазир үй-бүлөлүү, эки баланын энеси. Азыр үчүнчү баласын курсакта көтөрүп жүрөт. Эгер ал 6-ноябрда шайлоодо жеңсе, штаттын парламентине келген биринчи качкын жана мусулман аял болуп калат.

Бул үчөөнөн тышкары башка мусулман аялдар - Аризона штатынан Дедра Аббуд Сенатка, Массачусетс штатынан Тахира Аматул-Вадуд жергиликтүү кеңешке ат салышып жатат.

Түндүк-батыш университетиндеги Демократия жана саясий ар тараптуулук борборунун директору Элвин Тиллери бул аялдардын моюнунда чоң жоопкерчилик бардыгын айтты:

- Тарыхый өзгөрүүлөрдөн жана өзгөчөлүктөрдөн улам бул аялдардын моюнунда чоң жоопкерчилик турат. Буга байланыштуу башка жаңы конгрессмендерге караганда алардан көбүрөөк нерсе күтүшөт.

Жалпысынын быйылкы шайлоого жүзгө чукул мусулман талапкер катышып жатканын Jetpac көз карандысыз уюму билдирди. Бул 2001-жылкы теракттардан берки эң жогорку көрсөткүч.

Байкоочулар буга президент Дональд Трамптын иммиграциялык саясаты түрткү болгонун айтышууда. Мусулмандар АКШ калкынын бир пайыздан ашуунун түзөт. Анткен менен PEW иликтөө борборунун эсептөөсүнө караганда, 2040-жылдары ислам Кошмо Штаттардагы экинчи чоң динге айланышы толук мүмкүн.

Ошону менен катар быйыл шайлоого катышкан аял талапкерлердин саны да буга чейин болуп көрбөгөндөй көп. Алардын көбү Демократиялык партиядан. АКШда Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсү, Сенаттын 35 мүчөсү жана 33 штаттын губернаторлору шайланат. Ошондой эле бир катар штаттарда жергиликтүү парламент мүчөлөрүн шайлоо өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG