Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

АКШ: судьялар кантип тандалат?


Президент Трамп Жогорку соттун судьялыгына Бретт Каванонун талапкерлигин көрсөтөөрүн 9-июлда жарыялаган.
Президент Трамп Жогорку соттун судьялыгына Бретт Каванонун талапкерлигин көрсөтөөрүн 9-июлда жарыялаган.

Жакында АКШнын Жогорку сотунун тогуз судьясынын бири дайындалганы турат. Бул кызматка сунушталган судьянын талапкерлигинин айланасындагы эки партиянын тиреши дагы узакка созулчудай.

Жогорку соттун судьялыгына сунушталган Бретт Каванонун талапкерлигинин айланасындагы Республикачыл партия менен Демократиялык партиянын тиреши Америка президенттеринин маанилүү жана тарыхый мааниси бар ыйгарым укугун күн тартибине чыгарды.

АКШда судьялар Жогорку сотко өмүр бою дайындалат. Алар өлкөнүн кайсы гана президенти болбосун алардын эң көп болсо сегиз жылдык кызматтагы мөөнөтүнөн кыйла узакка иштөө мүмкүнчүлүгү бар.

Андыктан 53 жаштагы Кавано Жогорку сотко судья болуп дайындалса, бул соттук коллегиядагы салттуу көз караштагы судьялардын катарын толуктап, алдыңкы бир канча он жылдыктагы эң маанилүү мыйзамдардын багытын аныктаган адамдардын бири болуп калмакчы.

Алдыда Жогорку соттун таржымалы, судьяларды дайындоо процесси жана Каванонун талапкерлигинин күңгөй-тескейи тууралуу сөз кылабыз.

Президентке берилген мүмкүнчүлүк

Президент Трамптын Жогорку соттун судьялыгына көрсөткөн биринчи талапкери Нил Горсач 2017-жылдын апрель айында кызматка киришкен.
Президент Трамптын Жогорку соттун судьялыгына көрсөткөн биринчи талапкери Нил Горсач 2017-жылдын апрель айында кызматка киришкен.

АКШнын Конституциясы Жогорку соттун жаңы судьяларын дайындоо укугун президентке жана Конгресстин жогорку палатасы – Сенатка ыйгарган. Президент талапкерди көрсөтөт. Ал эми Сенат судьянын талапкерлигин жалпы добушка коёрдон мурда коомдук угууларды өткөрөт.

Тарыхый жактан алганда АКШнын ар бир президенти кызматта турган учурунда бир же эки судьяны Жогорку сотко көрсөтүшөт. Адатта буга айрым судьялардын пенсияга чыкканы же мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы себеп болот.

2017-жылдын январь айында президенттик кызматка киришкен Трамп ушуну менен экинчи судьянын талапкерлигин Жогорку сотко көрсөтүп жатат. Бретт Каваного чейин 2017-жылдын апрель айында президенттин сунушу менен консерватордук көз караштагы Нил Горсач Жогорку соттун судьялыгына бекитилген.

"Жогорку соттун судьясын тандоо Америка саясатындагы эң маанилүү жана коомго чоң таасирин тийгизген чечим",-дейт Массачусетс университетинин Юридика бөлүмүнүн башчысы, профессор Пол Коллинс. Анын айтымында, бул процесске коомчулук адатта абдан дыкат көңүл бурат жана көп учурда бул маселе саясий жараянга, эки партия ортосундагы талаштуу маселеге айланат.

Американын Конституциясы 1789-жылы ишке киришкенден бери баш-аягы 113 эркек жана аял Жогорку соттун судьясы болуп иштеди. Орто эсеп менен алар бул кызматты 16 жыл аркалашкан.

Соттун күчү

АКШ Конгресси.
АКШ Конгресси.

Жогорку сот АКШнын Башмыйзамын бардык соттордун үстүндө туруп чечмелейт. Мыйзам чыгаруу (Конгресс) жана аткаруу бийлиги (президент) сыяктуу АКШдагы бийликтин үч бутагынын бири. Ошондой эле кайсы бир мыйзамдык ченемдерди талдоо маселесинде акыркы чекитти коё турган орган.

Андыктан Жогорку сотто көп учурда коомчулукту эки жаатка бөлгөн бойдон алдыруу, курал-жарактарды көзөмөлдөө, сексуалдык азчылыктарын укугу сыяктуу жана бийликтин калган эки бутагынын ортосундагы шайлоого байланыштуу талаш жараткан маселелер каралат.

Жогорку соттун ар бир судьясы коомдогу дискриминациядан тарта сөз эркиндиги сыяктуу ар кыл маселелер боюнча пикирин билдирүү аркылуу төмөнкү инстанциядагы соттордун чечимине жана Америкадагы коомдук пикирге таасирин тийгизе алат.

Мисалы, алар кайсы бир сот чечимдерине карата аны колдогон же тескерисинче аларды четке каккан юридикалык баасын бере алат.

Прецедент жана таасир

АКШ президентинин мусулман өлкөлөрдөн келген качкындардын агымын чектөөгө багытталган чечимин быйыл июль айында Жогорку сот колдогон.
АКШ президентинин мусулман өлкөлөрдөн келген качкындардын агымын чектөөгө багытталган чечимин быйыл июль айында Жогорку сот колдогон.

Жогорку соттун эң күчтүү инструменти бар. Ал "юридикалык көзөмөл" деп аталат. Дал ушул ыйгарым укуктуу колдонуу аркылуу Жогорку соттун судьялары мыйзам чыгаруу органынын кайсы бир мыйзамдарын "Конституция каршы келет" деп таба алат.

Жогорку сот кайсы бир маселени соттук коллегиянын кеминде төрт судьясы “туура” деп эсептеген шартта же маселе АКШнын эки башка штатынын ортосунда талаш жаратып жатканда карай алат. Көп учурда төмөнкү инстанциялардын чечимин карап чыгып, аны колдойт же четке кагат.

АКШнын бул органынын тарыхтагы талкуу жараткан маселелер боюнча айрым чечимдери төмөнкүлөр:

- Браун жана Билим берүү министрлиги, 1954-жыл. Жогорку сот мамлекеттик мектептерде ындыкара жана ак расадагы окуучуларды эки топко бөлүп окутуу көрүнүшүн "Конституцияга каршы" деп тапкан.

- 1966-жылы Жогорку сот кылмышка шектелген адамдарды суракка алаардан мурда аларга укугу тууралуу маалымат берүүнү жана адвокат жалдоого мүмкүнчүлүк түзүүнү милдеттүү деп чечкен.

- 2015-жылы Жогорку соттун 9 судьясынын бешөө бир жыныстагы жубайлардын расмий никеге туруусуна бөгөт коюу дискриминацияга тете деген бүтүмгө келген.

Ысык атмосфера

Учурда Конгресстин эки палатасында тең азчылыкты түзгөн демократтар Бретт Каванонун талапкерлигине бөгөт коюу аракетин көрүп жатышат. Сенаттын сот тармагы боюнча комитетиндеги угууда сенаторлор Каванонун буга чейинки айрым соттук өкүмдөргө жана Конституция менен мыйзамдын кайсы бир өңүттөрүнө карата жеке мамилесин сурап жатышат.

Сенаттагы угууда Каванонун талапкерлигине каршылык билдирген аял, 4-сентябрь 2018-жыл.
Сенаттагы угууда Каванонун талапкерлигине каршылык билдирген аял, 4-сентябрь 2018-жыл.

4-сентябрда Сенаттагы угуу башталаары менен демократтар процедураны кескин сынга алышты. Алар Каванонун Республикалык партиянын администрациясындагы буга чейинки ишмердиги тууралуу документтер сессияга бир күн калганда берилгенин айтышты.

"Демократтар Каванонун судьялыкка дайындалышы көп маселени чечерин түшүнүп, анын талапкерлигине бөгөт коюу үчүн бардык аракетти көрүп жатышат",-дейт Массачусетс университетинин профессору Пол Коллинс.

Республикачылар көзөмөлдөгөн Сенат Каванонун талапкерлигин колдойт же четке кага алат. Республикачылар Сенатта 51-49 айырмасы менен демократтардан көптүк кылат. Андыктан Каванонун талапкерлиги үчүн жетиштүү колдоо тапса болот.

Демократтар республикачыл сенаторлордун кеминде экөөнү Каванонун талапкерлигине каршы добуш берүүгө көндүрүүнү көздөп жатышат.

Деген менен республикачыларга ыктаган штаттардан шайланып келген айрым демократ-сенаторлор шайлоочуларынын суроо-талабын эске алуу менен Каванонун талапкерлигин колдоого аргасыз болушу мүмкүн. Себеби алар ноябрь айындагы Конгресске шайлоодо кайрадан эле добуш берүүчүлөргө көз каранды болоору бышык.

"Демократтар судья Каванонун талапкерлигине бөгөт коюу кыйын болоорун түшүнүп турушат. Бирок алар дале эки республикачыл сенаторду аны дайындоого каршы добуш берүүгө көндүрө алабыз деп үмүттөнүп турушат",-дейт профессор Пол Коллинс.

Тараза ташы оңчулдарга оойбу?

АКШнын Жогорку сотунун имараты
АКШнын Жогорку сотунун имараты

Эгер консерватор судья Кавано бул кызматка дайындалып калса, байкоочулардын айтымында, Жогорку соттун коллегиясындагы 9 судьянын бешөө көбүнчө оңчулдар же салттуу көз карашты кармангандар тарапта болот.

Каванонун талапкерлиги кызматын тапшырууну чечкен судья Энтони Кеннединин ордуна сунушталууда. Кеннеди консерватор судья деп мүнөздөлгөнү менен айрым маселелерде азчылыктарга ыктаган чечимдерди да кабыл алганы менен белгилүү.

Демократтар Трамп Каванону буга чейинки жазгандары жана комментарийлеринен улам гана тандаганын айтышат. Алардын жүйөсү боюнча, президент Трамп судья Кавано мыйзам чыгаруу бийлиги же АКШнын башка расмий органдары менен кандайдыр бир талаштуу маселе жаралса, аткаруу бийлигин колдойт деп ишенет.

Мындай дооматтар атайын прокурор Роберт Мюллер президент Трамптын же анын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланышын жана Москванын АКШдагы 2016-жылдагы шайлоодогу болжолдуу ролун иликтеп жаткан учурда айтылууда.

Сенаторлор келечекте аткаруу бийлигине байланыштуу ыктымал талаштуу маселелер чыкса, Каванонун позициясы кандай болооруна кызыгышты. Бирок ал суроолор реалдуу кырдаалды чагылдырбай турганын жүйөө кармап, жооп берүүдөн баш тартты. Ал ошондой эле учурда болуп жаткан окуяларга да комментарий берүүдөн кармангысы келерин да кошумчалады.

Айтмакчы, шайлоо өнөктүгү маалында Трамп абортко каршы турган судьяларды Жогорку сотко тандай турганын айткан.

Демократтар жана аялдардын укугун коргогон топтор Каванонун бойдон алдыруу укугу тууралуу көз карашына тынчсыздануусун билдиришкен. Судья Кавано 2003-жылдагы электрондук катында аялдарга абортко уруксат берген Жогорку соттун чечимин бардык эле беделдүү юристтер “чечилген маселе” деп эсептебей турганын белгилеген. Демократтар Кавано мурдагы соттук чечимди жокко чыгаруу үчүн добуш берип, аялдардын мыйзамдуу түрдө боюнан алдыруу укугуна чектөө коюлушуна себепчи болушу мүмкүн деген камтамачылыгын айтып жатышат.

Кыжылдаган саясат

Бретт Кавано.
Бретт Кавано.

Көпчүлүк демократтар республикачылардын 2016-жылдын башында көз жумган консерватор судья Антонин Скалианын ордуна ал учурдагы президент Барак Обама сунуштаган судьянын талапкерлигин карабай койгонуна дале ачууланып келишет.

Ал учурда республикачылар жаңы судьянын талапкерлигин 2016-жылдын ноябрындагы президенттик шайлоодон кийин бийликке келген президент көргөзүшү керек деген жүйөнү келтиришкен. Республикачыл лидерлер Каванонун талапкерлиги сентябрь айынын соңунда бекитилет деп ишенип турушканын айтышты.

Бретт Кавано Йэл университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Ал 1998-жылы демократ президент Билл Клинтондун импичментине алып келген иликтөөнү жүргүзгөн көз карандысыз прокурор Кеннет Сттардын командасында адвокат болуп иштеген. (Айтмакчы, Клинтон Сенатта акталып, президенттик кызматын уланткан).

Мындан тышкары Кавано республикачыл президент Жорж Буштун администрациясында иштеген жана 2006-жылдан бери Вашингтондогу апелляциялык соттун судьясы болуп эмгектенип келген.

Авторлор: Марк Нажариан, Энди Хэйл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG