Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 11:03

Улуттук лидерди чыгаруу өзүбүздөн


Иллюстрациялык сүрөт.

Биздин шартта, биздин коомдо чоң саясатчы же улуттук деңгээлдеги лидер болуу абдан кыйын да, абдан татаал.

Адам бийлик тепкичтерине көтөрүлгөн сайын анын калыс маалымат алуу мүмкүнчүлүгү азая берет.

Мисима

…акмак байлыгы, бузуку эки жүздүүлүгү менен барктуу болот.

Оскар Уайльд

Биздин шартта, биздин коомдо чоң саясатчы же улуттук деңгээлдеги лидер болуу абдан кыйын да, абдан татаал. Мен бүгүн кара нөшөрдөн кийинки козу карындай жамырап кеткен, ашказанын эле эмес, мээсин да май басып, ойлонуу жөндөмүнөн ажырап калган саясатчы сөрөйлөр тууралуу эмес, абийирин, ар-намысын таза сактаган, кара кылды как жарган калыс саясатчы же лидер жөнүндө кеп кылып жатам. Анткени биздин менталитетти, биздин жердешчилигибизди, түндүк-түштүкчүлүгүбүздү, биздин оомалыгыбызды, биздин сокур тыйынга сатылмайыбызды, көпчүлүк элдин жигерсиздигин, кайдыгерлигин эске алганда; Акаев, Бакиев, Атамбаев жана башкалар түптөп кеткен, учурдагы президенттин тушунда да өкүм сүрүп жаткан коррупциялык тутумду, баарын акча чечкен, баары акчага барып такалган, баары акчанын кулу болгон, акчага сатылган заманда; ак үй менен көк үйдөгүлөрдүн баары тамырлашып-туугандашып, бири бирине жипсиз чымалышып калган, билимине, кесипкөйлүгүнө, абийирине эмес, капчыгына, жердештигине, тууганчылыгына карап бирин-бири көтөрмөлөп, түртмөлөгөн, акылдуунун эмес, акмак болсо да акчалуунун күнү тууп турган заманда адил, таза, жалпыга бирдей тең караган үлкөн саясатчы же лидердин суурулуп чыгышы такыр мүмкүн эместей. Ал үчүн Индияны эркиндикке, эгемендикке жеткирүүгө өмүрүн арнап, Англиянын жылуу-жумшак төшөгүнөн, дене-бойго жайлуу кийим-кечесинен, жагымдуу тамак-ашынан баш тартып, багуудагы кул болгончо, азат бойдон ачтан өлгөндү артык көргөн Махатма Гандидей болуш керек. Ал өз өлкөсү кудум бүгүнкү биздин кейпибиздей туңгуюкка кептелип, караламан калкы карайлап турганда эң ириде табакташ «досторунан» кечкен, алардын бирин да жанына жакын жуутпай, баарынан тазаланган Ли Куан Юдай болуш керек. Мындан да маанилүүсү, мындан да зарылы – ушундай лидерди, көсөмдү таптап алаар, барктап алаар элдин өзү болушу керек. Эл ойгонбосо, келечегин ойлобосо, өсүп-өнүгүшүнө, улуттук, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүүсүнө кедерги болуп келе жаткан сенек көз караштардан арылбаса, улуттук лидердин пайда болушу да, жалпы элдин бир бүтүн улутка айланышы да такыр мүмкүн эмес.

Эгер Индиянын миллиондогон эли Махатма Гандини колдобогондо, анын айжаркын идеалдарына, анын орошон ойлоруна шыктанып, ачарчылыктан, куугундан, ур-токмоктон алсырап азганына карабай күчтүү куралданган, бийликке, байлыкка мас Британиянын баскынчы аскерине, саясатына каршы турбаганда жалгыз Гандинин колунан эч нерсе келмек эмес. Акылмандыгы, ынтымагы, топуктуулугу, сабырдуулугу менен бүткүл дүйнөнү таң калтырып, Индия эли тарыхта биринчи жолу кандуу кагылышсыз эгемендикке ээ болду. Ысымы тарыхта алтын тамга менен ашкере даанышман жана адилет падыша катары жазылып калган Махатма Ганди өзүнүн ишмердиги, жөнөкөй жүрүм-туруму, асыл идеялары аркылуу элди, мамлекетти күч менен эмес, акыл менен башкаруу керектигин далилдеп, адамзаттын аң-сезиминде бурулуш жасады. Ал тууралуу улуу окумуштуу Альберт Эйнштейн: «Биздин балдарыбыз менен неберелерибиз планетада ушундай адам жашагандыгына ишенбесе да керек», - деп, суктануу менен жазган.

Эми өзүбүзгө келе турган болсок, минтип эгемендик алганыбызга да мына 29-30 жылга аяк басты. Эмне үчүн ушунча мезгил аралыгында кыргыз кыйырында жалпынын башын бириктирген, жалпынын ишенимине арзыган, жалпынын колдоосуна ээ болгон лидер, журт башы чыкпады? Махатма Гандини же башкаларды айтпаганда да, береги эле өзүбүздүн атуулубуз Исхак Раззаковдой көрүнүктүү инсандар неге жаралбады? Буга бир эле көпчүлүгүбүздүн энөөлүгүбүз, камаарабастыгыбыз, кайдыгерлигибиз, ээрчимелигибиз, жүр нарылыгыбыз себепчиби? Же мурда мектептен окуганыбыздай, саясий-тарыхый кырдаал, өбөлгө, жагдай-шарт болгон жокпу? Же мүмкүн, баарын астын-үстүн кылган жаңы коомдук формация, акчаны, байлыкты адамдардын кудайына айландырган капиталисттик түзүлүш айыптуудур? Менимче, мунун бир эле себеби бар. Буга чоң саясатчы болом деп дымагы айды чапчыгандардын, эл башкарам деп оолуккандардын эң мурда элдин эмес, өз кызыкчылыгын (т.а. партиялаштарынын, табакташтарынын, тарапташтарынын кызыкчылыгын) гана ойлогондугу, өз напсисин тыя албагандыгы себепкер.

Акаевдин да, Бакиевдин да, Атамбаевдин да түбүнө ач көздүк жетти; эгер топук кылышпаса, мындан кийинкилердин да түбүнө ач көздүк жетет. Негизи эле байлыкты, бийликти тең салмактап турган, мындай азгырмалуу нерселерди ыгы менен пайдаланып, аларга толук алдырып жиберүүдөн адамды сактай алган нерсе барбы? Албетте, андай нерсе – адамдын ыйман-ынсабы, адамдын рухий көрөңгөсү, маданияты. Инсан катары кишинин ички дүйнөсүн калыптандырган ыйман-ынсап, рухий көрөнгө, маданият деген түшүнүктөрдү ал үй-бүлөдөн, мектептен, аралашкан чөйрөсүнөн, окуган китептеринен, көргөн кинолорунан ж.б.у.с. алат. Ал эми биздин жетекчилер, биздин саясатчылар канчалык «окумал» экендигин баарыбыз көрүп-угуп жатабыз.

Кубаны дээрлик жарым кылым башкарып, атактуу кол башчы, жол башчы катары таанылган Фидел Кастро Рус Эрнест Хемингуэй, Гарсиа Маркес, Евгений Евтушенко сыяктуу дүйнөгө белгилүү сүрөткерлер менен ынак дос болуп, алардын акыл-насааттарын угуп турчу экен. Ал түгүл чыгармачыл достору менен балык уулаганга да чогуу барган күндөрү болуптур. Ал эми биздин эл башылар кайсы бир акын-жазуучу, сүрөтчү, композитор же дагы башка өнөр адамы менен жакын дос болгондугун ушуга чейин уга элекмин.

Илгерки королдордун, императорлордун, падышалардын, хандардын айрымдары адабиятты, искусствону кадимки билермандардын деңгээлинде эле түшүнбөй, өздөрү да чыгармачылыкка жакын болгондугу тарыхтан маалым. Кутумчулардын айынан өз туулган жеринен куулуп барып, бир канча жыл Индияда адил падыша катары өкүмдарлык кылган Султан Бабурдун «Бабурнаамасы» - адабияттын, искусствонун чыныгы үлгүсү. Эгер Александр III сүрөтчү Айвазовскийди көр тириликтин ташпиштеринен толук азат кылып, чыгармачылыгы үчүн кенен шарт түзүп бербегенде деңиз пейзажынын атактуу жарчысынын ажайып картиналарын, балким, көрбөй калмакпыз. Ал эми Кайра жаралуу доорундагы Флоренция Республикасынын башчысы, Микеланжело сыяктуу көптөгөн айкелчилерге, сүрөтчүлөргө, акындарга, илимпоздорго кам көрүп, аларды байма-бай колдоп турганы үчүн «Айкөл» деген атка конгон Лоренцо Медичинин өзү да акын болгон. Анын шарапаты менен тарыхта өлбөс-өчпөс улуу искусство, өнөр адамдарынын улуу мууну жаралган.

Тилекке каршы, буга чейин улуттук лидер чыкпагандай эле, анда-санда сөөк ыргытып турганы эле болбосо, адабиятка, маданиятка чындап кам көргөн эл башы да, өкмөт башы да чыкпады.

Арийне, улуттук лидер болуу, жалпы элдин, мамлекеттин жүгүн өз мойнуна алуу – өтө татаал, оор вазийпа. Устаранын мизинде тургандай курч, опурталдуу кырдаалдар, тараза ташынын бир жагында мамлекеттин, элдин тагдыры, бир жагында улуттук лидер болом деген инсандын өмүрү, тагдыры турган тобокел учурлар болбой койбойт. Демек, мындай ишке белсенип жаткан адам ушуларды эске алып, баарына кайыл болушу, ар кандай кыйынчылыктарга, сыноолорго даяр турушу керек.

Урматтуу эли-журт! Биз баарыбыз бириксек, биз ынтымак болсок, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак, Индиянын мисалындай, жаңы тарыхты жаратабыз, коррупциядан, алдым-жуттумдан арылган таза, жаңы мамлекет курабыз. Эгер бул жолу да болор-болбос тыйып-тыпырга сатылсак, бул жолу да шылуундарга алдансак, бул жолу да уруулук, жердешчилик оорубуздан өйдө боло албасак, анда жаркын келечектен үмүт кылбай эле койсок болот.

Аким Кожоев, жазуучу

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG