Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:10

Кыргыздан Третьяков чыгабы?


Третьяков галереясындагы сүрөт.

Көпчүлүк өнөр адамдарынын тагдыры татаал келет. Анткени алар көбүнесе тиричиликке байымсыз болуп, бул жагынан өз замандаштарына теңеле албай, катуу аксайт.

Албетте, Гёте сыяктуу турмуштун эки чылбыр, бир тизгинин колго алган камбылдары да бар, бирок андайлар саналуу эле. Алардын трагедиясы - жашоонун практикалык ыгына көнүп кете албаганында эле эмес, алардын шору – өздөрүнүн кыял-сезиминде, элес-түшүнүгүндө жаралган чындыкты гана таанып, таптакыр башка чен-өлчөмдөгү ааламда жашаганында.

Бул болсо өз кезегинде турмуштук чоң ажырымды пайда кылат. Атап айтканда, мындай инсандарды реалдуу турмуштун чегинен чыкпаган кишилер көп учурда түшүнө бербей, өгөйлөгөнгө чейин барат. Ал түгүл келекелеп же «бир жүргөн бечара пенде да» деп көңүл кош мамиле кылгандар да жок эмес.

Генийлер сокур тыйынга зар болуп…

Бүт өмүрүн идеяга арнап, идеалдар дүйнөсүндө жашаган андай өнөр кишилерин турмуштун башка баалуулуктары мүлдө кызыктырбайт жана бүт өмүрүнүн маани-маңызын түзгөн рухий таянычынан ажыраганда алар голландиялык сүрөтчү Ван Гог сыяктуу өз кулагын өзү кесип салышы же жапан жазуучусу Юкио Мисима өңдүү харакири да кылышы ыктымал.

Ван Гог. Мултимедиалык көргөзмө.
Ван Гог. Мултимедиалык көргөзмө.

Италиялык сүрөтчү-айкелчи, экспрессионизм агымынын көрүнүктүү өкүлү Амедео Модильяни жокчулук кендирин кесип, сокур тыйынга муктаж болуп турганда күтпөгөн жерден Америкадан капчыктуулар келип калып, анын картиналарын сатып алмакчы болот. Болгондо да сүрөтчү өмүрү колуна кармабаган чоң акча сунуш кылышат. Байлыгына манчыркаган байлар: «Мунусу сонун экен, муну мейманканага илсе болот, мунусун далиске, ал эми бул ашканага ылайык экен, муну ажатканага жайгаштырабыз», - деп картиналарды ылгай баштаганда, сүрөтчүнүн жаалы кайнап, чыгармаларын сатуудан баш тартат да, кардарларды кууп жиберет.

Демек, мүнөзү катаал, өз идеясы үчүн өлүп берүүгө да даяр турган (швециялык атактуу режиссер, кино өнөрүнүн Достоевскийи Ингмар Бергман «эгер мен каражат таппай калсам, бирөөнү өлтүрүп болсо да кино тартам» деген) мындай инсандар моралдык-материалдык колдоого эле эмес, өзгөчө мамилеге, камкордукка да муктаж. Ой жүгүртүүсү, сүйлөгөн сөзү, алектенген иши, жүргөн-турганы, жашоо таризи жалпыга (аламанга) окшой бербеген андай кишилер кээде эң жакын адамдары (үй-бүлөсү, туугандары, балдары) менен да тил табыша албай калат. Себеби андайлардын өмүрү, чыгармачылык чабыты турмуштун көнүмүшкө айланган нугуна сыйбайт, алар дайыма «жалпы агымга» каршы турат. Эгер алар да башкалар сыяктуу даяр чийимден чыкпай жашаганда, балким, бир да нукура көркөм чыгарма жаралмак эмес, коомдо өсүш да, өзгөрүш да болмок эмес (мен бул жерде улуу ачылыштарды жасаган илимдин корифейлерин да эске алып жатам).

Ал эми чоң таланттарды эң оболу тарыхый жагдай-шарт, коом жаратат. Искусство адамдары үчүн биз бүгүн жер-жеберине жеткире сөгүп жүргөн совет мезгилиндегидей эч бир доордо, эч бир коомдук формацияда кам көрүлгөн эмес. Совет өлкөсү маданият ишмерлерин алаканга салып, мүмкүнчүлүккө жараша алардын материалдык муктаждыгын жана башка кем-карчын канааттандырып турган, алардын чыгармачылык дараметинин ачылышына, ар тараптуу өсүп-жетилишине шарт түзгөн. Бүгүн биздин сыймыгыбызга, мактанычыбызда айланган Чыңгыз Айтматов үчүн дал ошол советтик коомго карызбыз.

Өз кезегинде мукам авазы аалам кезген опера ырчысы Болот Миңжылкыевди да советтик коом тарбиялап-таптаган. Кино дүйнөсүндө «кыргыз керемети» деген атак-даңкка ээ болгон тасмалар да ошол заманда тартылган. Албетте, идеологиялык кысым, чектен ашкан цензура, чектөө болгону да талашсыз. Бирок Ч.Айтматов сыяктуу залкардын партиялык ар кандай чектөөлөрдөн буйтап өтүп, идеологиялык «капастан» суурулуп чыгышы – кыргыз элинин эле эмес, жалпы адамзаттын зор бактысы.

Бүгүн өзүбүз көрүп тургандай, капиталисттик коомдо мамлекет маданиятка биз каалагандай кам көрбөйт экен. Биринчиден, байлыктын тең жарымы жеке менчик колго өткөн мындай түзүлүштө мамлекеттик машиненин чама-чаркы, мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо, экинчиден, экономикалык өсүшкө айрыкча басым жасалып, маданият тармагына анча көңүл бурулбайт калат турбайбы.

Жан дүйнөсү байлар

Мындай шартта маданиятка анын кадырын билген бай адамдар (меценаттар) кам көрүп, бул багытта жаңы ысымдардын жаралышына ошолордун салымы эбегейсиз чоң болгону тарыхтан белгилүү. XIX кылымда орус өнөр адамдарынын багына Павел Третьяковду (1818-1901) Кудай чындап берген тура.

Теги көпөс Павел Третьяков жаштайынан эле искусство чыгармаларына кызыгуусу артат жана ар кайсы сүрөтчүлөрдүн картиналарын сатып алып, үйүнө жыйнай баштайт.

Третьяков галереясы.
Третьяков галереясы.

Көп өтпөй, сатып алган картиналары сыйбай калганда, турак-жайына туташ өзүнчө имарат (галерея) курат. Ал галерея жылдан-жылга чоңоюп отуруп, азыр бүткүл дүйнөгө белгилүү Третьяков галереясына (сүрөт музейине) айланат. Өзү сыяктуу эле сүрөткерлерге демөөрчүлүк кылып жүргөн иниси Сергей кайтыш болгондон кийин, 1892-жылы Третьяков аталган галереясына дагы алты зал кошуп, Москва шаарына тартуу кылат. Муну менен эле чектелбей, өз галереясына өмүр бою кам көрүп, жаңы сатып алган картиналарын утуру белекке берип турган. Учурда бул музей жети имараттан турат жана коллекциясында 170 миң искусство чыгармасы бар.

Третьяков шык-жөндөмдүү сүрөтчүлөрдүн эмгектерин сатып гана албастан, аларга дайыма материалдык да, моралдык да жактан колдоо көрсөткөн, жаңы идеяларды ортого салып, аларды чыгармачылыкка шыктандырган. Ошондой эле көзү өтүп кеткен сүрөтчүлөрдүн жесирлерине, балдарына үзбөй камкордук кылганы маалым.

Бизге окуу китептерден тааныш Островский, Достоевский, Тургенев, Толстой, Салтыков-Щедрин, Аксаков жана Некрасов ж.б.у.с. улуу акын-жазуучулардын портреттерин атайын буюртма менен тарттырган. Мындан тышкары Павел Третьяков иниси Сергей Третьяков экөө дудуктардын мектебин туруктуу каржылап, Москва консерваториясы менен көркөм окуу жайына да кол кабыш кылып турушчу экен. Ошентип, Третьяковдун үйү маданияттын, искусствонун чыныгы очок-ордосуна айланган.

Третьяков өз заманынын эң бай адамдарынын бири болгонуна карабастан, өтө жупуну, жөнөкөй жашап өтүптүр. Биздин байлардан айырмаланып, ал тапкан-тутканынын басымдуу бөлүгүн маданиятты өркүндөтүүгө жумшаган. Акчасын үнөмдөйм деп Европага түнкү поезддерде жана отурма вагондордо каттаганы, ошондой эле падыша Александр III сунуш кылган дворяндык макамдан баш тартканы анын канчалык карапайым да, улуу да адам экендигинен кабар берет. Коллекционер үй-бүлөсүн да ушундай эле сарамжалдуулукка үйрөтүптүр.

Балким, Третьяков болбогондо орус эли эле эмес, дүйнөлүк маданият да Верещагин Суриков, Репин, Левитан, Крамской ж.б. сыяктуу атактуу сүрөтчүлөрдөн жана алар жаратып кеткен баа жеткис картиналардан куру калмак. Третьяковдун заманындагы байлыгы менен бийлигине мас болуп, таптакыр өлбөчүдөй айбаты асманды чапчыгандардын баарынын бүгүн аты-жыты унутулду. Ал эми өзүнүн бийик адамгерчилиги, кайрымдуулугу менен дүйнөлүк маданиятка опол тоодой салым кошкон орус меценатынын ысымы алтын тамга менен түбөлүк жазылып калды.

Ошол кылымда орустарда Павел Третьяковдон башка да өз каражатына темир жол, оорукана, театр, мектеп куруп, илим менен маданиятка, искусствого сүрөөнчүлүк кылган Г.Солодовников, А.Штиглиц, Ю.Нечаев-Мальцов, К.Солдатенков, С.Мамонтов, В.Морозова (Хлудова), С.Морозов, М.Тентишева, М. Морозова (Мамонтова) сыяктуу атактуу демөөрчүлөр жашап өткөн.

Кажы-Сайдагы чакан "Лувр"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:39 0:00

Калмурат жана карынбайлар

Ал эми бизде катар-катар кафе, кабат-кабат ресторан, мейманкана салган байлар ондоп-жүздөп саналат, бирок театр курган бир да капчыктуу али чыга элек. Сыналгыдан айтылгандай, оокаттуу үй-бүлө ресторанда той өткөрсө, орто эсеп менен 12 миң доллар сарпталат экен. Бул Кыргызстандын шартында оңой акча эмес. Ушунча каражаттын бир нече сааттын ичинде ичилип-чачылып жок болуп кетиши эмне деген шумдук! Балким, бул акча Кыргызстандын атын таанытып, маданий казынабызды толуктаган дагы бир мыкты тасманы тартууга кошумча болмок. Же бул акчага батирден-батирге көчүп жүргөн таланттуу жаштарыбыздын бири үйлүү болуп калмак. Же акын-жазуучуларга, композиторлорго, сүрөтчүлөргө ж.б. бул каражатка шарт түзүлүп берилсе, бир канча мыкты чыгарманын жаралышына түртү болот эле.

Маркум Калмурат Рыскуловдун обондору мезгил өткөн сайын классикага айланып баратат. Анын чыгармачылык өнөрү толук ачылбай, талант-дарамети өзү менен кошо кетти. Биз аны убагында барктай албадык, сактай албадык! Балким, бүгүн да биз билбеген, биз баалабаган же биз байкабаган канчалаган Калмураттар арабызда жүрөт. Мүмкүн, алар да Калмурат сыяктуу биздин көмөгүбүзгө, биздин аяр мамилебизге абдан муктаж. Аш-тойлордо кумга сиңген суудай бир күндө (же бир түндө) чачылып жок болуп кетип жаткан акчаны ошолордой дээринде барларды колдоого жумшасак, эртең Чыңгыз сыяктуу кыргыздын атын ааламга угузган дагы бир залкар чыкпай койбос.

Руслан Жумабаевдин элине калтырган дөөлөтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:19 0:00

Саамалык салтка айланса…

Эми демөөрчүлүк маселесине кайра келсек, бир топ жылдардан бери маданиятты көтөрүүгө колдоо көрсөтүп келе жаткандар жок эмес. Алардын сап башында Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз турат.

Өзү искусствонун адамы катары бул тармактагы кыйынчылыктарды жакшы түшүнгөндүктөн, акын-жазуучуларга дем берүү максатында «Айтыш» коомдук фондун, «Калемгер» адабий клубун негиздеди. Кино тармагын өнүктүрүү үчүн «Айтыш фильм» киностудиясын түптөдү. Бүгүн да төкмө акындарга, жаш киночуларга байма-бай колдоо көрсөтүп келет. Алдыңкы режиссер катары мыкты тасмаларды жаратып жатканы баарыбызга белгилүү.

Садык Шер-Нияз баштаган көчтү улап, мындан эки жыл мурда «Калемгер» адабий клубу менен биргеликте жеке ишкер Кылычбек Исамамбетов дээрлик бир жыл бою аңгемечилердин сынагын уюштуруп, адабият айдыңында жаңы ысымдардын пайда болушуна жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Учурда ал баштаган саамалыкты «РухЭш» сайты (негиздөөчүсү Олжобай Шакир) колго алып, саясатчыларды, коомдук ишмерлерди, жеке ишкерлерди адабият-маданиятка сүрөөнчүлүк кылууга үндөп, чакырык таштап жатканы кубандырбай койбойт. Анын демилгеси менен мына жакында эле эки адабий сынактын башталышы (демөөрчүлөрү: Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев менен Абдувахаб Нурбаев) алдыда буюрса жакшы иштер дагы арбын боло тургандыгынан үмүттөндүрөт. Аталган маданий-интеллектуалдык сайттын алкагында ай сайын бирден адабий сын макаланын авторуна калем акы төлөп берип жаткан дагы бир азамат Дүйшөмамбет Орозалиевге да алкыш айтып кетүү кишилик парзыбыз.

Экс-президентибиз Роза Отунбаева башында турган «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду да көп жылдардан бери жаш таланттарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатканы мактоого арзыйт. Албетте, спортко, дагы башка оюн-зоокторго каржылык колдоо көрсөтүп, жетим-жесирлерди, бей-бечараларды ж.б. унуткарбай, соопчулук иштерди аткарып жаткан мен билбеген байманалуулар көп эле болушу мүмкүн. Бирок мен бүгүн маданият тармагына кол кабыш кылып жаткандарды гана атап өттүм.

Аким Кожоев.
Аким Кожоев.

Көч бара-бара оңолот дегендей, Кудай жалгап жакынкы жылдарда кыргыздан да Третьяков сыяктуу айкөл инсан чыгып калса ажеп эмес. Менин терең ишенимимде сөзсүз чыгышы керек, анткени кыргыз эли сөздү баалабаганда, өнөрдү баалабаганда эч качан «Манастай» улуу эпос жаралмак эмес!

Аким Кожоев, жазуучу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG