Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Мушеттин мүшкүлү...


"Мушетт" тасмасынан алынган кадр.
"Мушетт" тасмасынан алынган кадр.

"Мушетт" тасмасы жөнүндө Аким Кожоевдин блогун сунуштайбыз.

Эгер немис музыкасы Моцарт, орус романы Достоевский болсо, ал эми француз киносу – бул Брессон. Жан Люк Годар

Өзүнүн кайталангыс шык-жөндөмү, чыгармачылык дарамети менен дүйнөлүк кино искусствосуна эбегейсиз зор салым кошкон Робер Брессон эстетикалык баалуулугу «Мушеттен» кем калышпаган «Айылдык поптун күндөлүгү», «Өлүмгө өкүм болгон качты», «Чөнтөкчү», "Жанна дАрк жараяны" ж.б. өңдүү эл аралык абройлуу сыйлыктарга арзыган көптөгөн мыкты тасмаларды жараткан. Биз бүгүн анын «Мушетт» тасмасы жөнүндө сөз кылабыз.

Башкаларга окшой бербеген өзгөчө стили, манерасы, философиясы, поэтикалык каражаттарды колдонуу ыкмасы менен кино дүйнөсүнө унутулгус из калтырган француз режиссёру Робер Брессондун «Мушетт» көркөм тасмасы (Жорж Бернаностун повести боюнча) көрүүчүгө эмоционалдык-эстетикалык жактан гана катуу таасир этпей, аны адеп-ахлак, ыйман, адам тагдыры, айрыкча балдардын тагдыры тууралуу терең ой жүгүртүүгө түртө турган фильмдерден. Башкы каармандын аянычтуу өлүмү менен аяктаган тасманын финалы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повести боюнча тартылган Болот Шамшиевдин ушундай аталыштагы тасмасынын финалы менен үндөшүп турат. Бирок чеберчилик деңгээли жагынан бири-биринен тең калышпаган бул эки шедевр кайсы бир даражада идеялык жактан жакын болсо да, «Ак кемеде» трагедиялуу окуя бир кыйла башкача чечмеленген.

Тактап айтканда, бала бугулардын атылышынын натыйжасында Мүйүздүү Бугу Эне жөнүндөгү жомогунан (аруу дүйнөсүнөн, келечекке болгон үмүт-кыялдарынан) ажырап, айланасындагы адамдардын баарынан мүлдө көңүлү калганы менен (айрыкча өз идеалына каршы балта чапкан таятасы Момун чалдан), анын балалык дүйнөсү туу туткан, балалык дүйнөсүнүн бүтүндөй тазалыгы, баёолугу менен ишенген дагы бир жомогу, дагы бир таяныч-тиреги – Ак кемеси бар. Демек, чыныгы, реалдуу турмуш менен өзү жашап жүргөн кыялдуу турмушту али анча айырмалай билбеген бала Брессондун каарманы сыяктуу өзүнө-өзү аң-сезимдүү түрдө кол салган жок, ал болгону Ак кемедеги күтүп жүргөн атасына «балык болуп сүзүп кетти». Ал эми жакыр турмуштун болгон-бүткөн азабы менен кордугунан жалкып бүтүп, жашабай жатып ак-каранын баарын айра тааныган Мушетт бул жарыкчылык менен адамдарга, жашоого болгон жек көрүүсү тулку боюна сыйбай калганда гана кош айтышат.

Тасма адеп башталганда эле бири-бирин аңдышкан эки кишини жана мойнунан тузакка түшүп, кутулуп кетүү үчүн жанталашып жатып мүрт кеткен кекиликти көрөбүз. Өз ишине дасыккан режиссёр желеге илинип өлгөн кекилик менен башкы каарманы Мушеттин тагдырын жарыш коюп жатканын кинонун жүрүшүндө баамдайбыз.

Балалыктын бактыдан куру калган Мушеттин көрбөгөн кордугу жок: үйүндө аракеч атасы күн көрсөтпөсө, көчөдө коргоп алар адамы жок бечара кызга бекерпоз балдар оозуна киргенди отоп тийишет; ал эми мектепте эжейинин кемсинтип кордогону аз келгенсип, классташтарынын баары өгөйлөйт. Дээринен зирек, баамчыл, музыкага да шыктуу анын болгон кемчилиги, тагдырдын каргашасындай аны бөлөктөрдөн кескин айырмалап турган нерсе – итке минген кедейлиги. Кедейлик Мушетти башкалардан кем кылат, корунтат, кедейликтин айынан кызда, психологиянын тили менен айтканда, өксүк комплекси пайда болот.

Контрабандалык иштер менен алектенип жан баккан атасын үй-бүлөсүнүн тагдыры такыр кызыктырбайт, атүгүл ал үчүн бешикте жаткан баласынын бары да, жогу да баары бир. Аны менен бирге мыйзамсыз соода-сатыкка аралашып жүргөн уулу да адамгерчиликтен эбак чыккан. Мушеттин атасы Айтматовдун Орозкулу сыяктуу дүйнөгө бийлик жүргүзүп, адамдарды кулга айландыруу жөнүндө кыялданбаганы менен ал да Орозкул сыяктуу өтө кооптуу адам. Анткени ал баласы экөө – чегине жеткен кайдыгерликтин символу, ошондуктан башкаларды мындай кой, өлүм алдында жаткан өз аялынын абалын да бир жолу сурап койбойт. Анын курсагы тойсо, кабакка (араккана) барып арак ичип көңүл ачканга тыйын-тыпыры болсо болду. Анын адамдык сапатты такыр жоготкондугу мындан эле байкалбайт; кызы Мушетти бирөөлөрдүн аракканасына жумшап идиш жуудуртуп, акыркы тыйынына чейин тоноп алат.

Ушундай мерез неме кызга ылым санаган боорукер аялдын берген жетону менен аттракциондо бир аз көңүл ачканы жана өзүнө ыкласы түшкөн өспүрүм жигитке жылмайып койгону үчүн аны эл көзүнчө уруп кордойт. Балким, кыздын өмүрүндөгү эң кубанычтуу учур, анын жан дүйнөсүндө жашоого, сүйүүгө, бакытка ишеним жаралган саналуу минуталар ушул гана болсо керек. Бирок үлбүрөгөн назик гүлдөй мындай ишенимди ырайымсыз атасы өзүнүн олдоксон жорук-жосуну менен бир заматта күм-жам кылат.

Мушеттин адамдарга болгон жек көрүүсү ушунчалык, ал эч кимди аябайт, атүгүл көөдөнүн жарып чыгууга даяр турган кастыкты бөксөртүү максатында башкалар үчүн ыйык саналган ибадаткананы да булгоодон кайра тарпайт. Бул бир караганда Жараткан Кудайга, анын Касиеттүү Пайгамбарына акаарат кылгандай көрүнөт. Көрсө, бул Мушеттин адам пендесинин эки жүздүүлүгүнө, анын мерездигине, таш боордугуна, өзүмчүлдүгүнө, майдачылдыгына, бечаралыгына каршы бунту, нааразылыгы экен. Муну биз кийинки кадрлардан, айрыкча кызга карата дүкөнчү аялдын, токойчунун жана анын аялынын, ризничий (монастырда кечилдердин кийими сакталуучу жайды тескөөчү) кемпирдин мамилесинен соң баамдайбыз. Мушеттин энесинин көз жумганын уккан дүкөнчү аял бидон көтөрүп бөбөгү үчүн сүт изден өтүп бараткан кызды чакырып алып, кофе, токоч берип сыйлайт. Дүкөнгө соода кылганы кирген кардар кемпир экөө шыпшынышып, кызга боор ооруган болушат. Бирок байкуш кыздын бүчүлөрү чечилип кетип, браконьер Арсен менен болгон каргашалуу түндө аймалган көкүрөгү көрүнөр замат алардын дайыма жамынып жүргөн чүмбөттөрү сыйрылып түшүп, чыныгы жүздөрү ачылат. Башкача айтканда, Чеховдун хамелеонундай дүкөнчүнүн өңү дароо кубулуп кетет.

Залкар режиссёр бул тасмасында бир кезде жеңил ойлуулугу үчүн эл өлүмүн талап кылган аялды да кечирип, бей-бечарага, жетим-жесирге карата (жалпы эле адамга, анткени христианчылыктын окуусу боюнча адам Кудайдын окшошу эмеспи) боорукер, кечиримдүү болууга үндөгөн Иса Пайгамбардын (дегеле бардык диндердин) осуятын бүгүн адамзат унутуп, ибадатканалар да чыныгы маани-маңызынан ажырап, тек формалдуу зыярат жайга айланып баратканын каңкуулап жатканы жокпу? Болбосо ар жекшемби күнкү сыйынуудан калбаган дүкөнчү аял (же дагы башкалар) «күнөөсүз күнөөлүү» Мушеттин кокусунан «айыбы» ачылып калганда кудум шайтандын өзүн көргөндөй чочуп, «шуркуя» деп жекирбейт эле да!

Мушеттин жалпы коомго, «ырайымсыз душмандарына» каршы күрөшүүдө колдоно турган негизги куралы – кадимки эле ылай. Ал бактылуу балалыктын кучагында бейкапар жашап жаткан, атүгүл күйүшүп-сүйүшүп жүргөн оокаттуу классташтарынын апакай кийимдерине да «буктурмасынан» туруп ылай чачып өч алат, ибадаткананы да, ризничий кемпирдин үйүн да таманынын астындагы ылай менен атайын булгайт. Менимче, режиссёр бул деталды бекеринен киргизбесе керек. Кийими жүдөө, үстү-башы да анча таза эмес Мушетт жана анын «куралы» ылайга чыкыйып таптаза кийинген кыздарды, ибадаткананы (адамдар кылган күнөөлөрү үчүн тобо келтирип, тазара турган жайды), бир жеринде чаң жатпаган ризничий кемпирдин үйүн контраст коюу аркылуу киночу каймана ойду айткысы келгени анык. Балким, Брессон ошол сырты таза көрүнгөн адамдардын ички дүйнөсү, ой-сезимдери бүгүн «ылайланып», пейили бузулуп (рухий жактан жакырланып) жатканын билдиргиси келгендир?

Катаал турмуш Мушетти оттон алып сууга салса да, кишилердин таш боордугу, кайдыгерлиги, эки жүздүүлүгү канчалык жанына батса да, кыздын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү адамгерчиликтин үрөнү (ризничий кемпир айтмакчы) такыр жок болуп кеткен жок. Токойчу Матьёну (кыянатчыл, моралдык жактан бузулган бийликтин символу) өлтүрүп койдум деп катуу кабатырланган браконьер Арсенге өзүнүн күтпөгөн жерден керек болуп калышы, аны түрмөдөн сактап калууга жардамы тийиши мүмкүн экендиги Мушеттин булактын көзүндөй болуп тосулуп калган адамгерчилик сезимин ойготот, ал бир заматта башкача жан болуп чыга келет.

Ушул эпизод да режиссёрдун чоң табылгасы. Өзү бала болуп туруп чоң кишини энесиндей калкалап калууга азыр турганы, Арсен талмасы кармап жатып калганда оозунан куюлган жин-көбүгүн жийиркенбей ак түстүү кол жоолугу менен аарчыганы жана бешик ырынын обонуна салып ага диний ырды ырдап бергендигинин өзү эмне деген адамгерчилик! Бул эле эмес. Башта жакшы эле көрүнгөнсүгөн Арсендин мастыгы күчөгөндө айбандык сезими козголуп, жаш кызды зордуктап салат. Кыздык намысы тебеленип, абийири бейкүнөө төгүлгөндүгүнө карабай, Мушетт өзүн зордуктаган адамды сактап калууга далалаттанат.

"Мушетт" тасмасынан тартылып алынган кадр.
"Мушетт" тасмасынан тартылып алынган кадр.

Мушетти тирүүлүккө байлап турган жалгыз илинчек, жалгыз адам – өмүр суусу түгөнүп бараткан апасы. Бактысыз турмуштан, кендирди кескен жокчулуктан, тыным алдырбаган тиричилик түйшүгүнөн өмүр бою башы көтөрүлбөй эрте картайып, аягында минтип айыкпас ооруга кабылган байкуш апасынын акыркы күндөрдөгү азабын да, ачык айтылбай, бирок армандуу көздөрүндө катылган күйүтүн да жалгыз гана кызы Мушетт түшүнөт, жүрөгү сыздап, Мушетт тең бөлүшөт.

- Сен дагы бир күнү мен сыяктуу жийиркеничтүү аракечке айланасың! – акка моюн сунар алдындагы апасынын акыркы сөзү, тагыраагы, акыркы деми ушул болду. Балким, бечара аял мунун менен адамдардын дээрлик баары материалдык дүйнөнүн, бийликтин, кара күчтүн, өздөрү ойлоп тапкан ырым-жырымдардын кулуна айланып, өзүмчүлдүк менен эки жүздүүлүк дооран сүрүп жаткан коомдо Мушетт өңдүү өбөк-жөлөгү жоктор, бей-бечаралар эч качан бактылуу боло албасын айткысы келгендир? Же өзүнүн тагдырынан кызынын тагдырын, кызынын келечегин көргөндүр?

Белгилүү режиссёрдун аталган тасмасы Мушетт менен ризничий кемпирдин жолугушуусунда өз кульминациясына, адабиятчылардын тили менен айтканда, апогейине жетет. Атасы, энеси (биз башта мисал келтирген жантаслим болордогу сөзү менен), дүкөнчү аял, окуткан эжейи, классташтары, токойчу ж.б. Мушеттин өлүмүнө канчалык күнөөлүү болсо, Мушеттке боор ооругансыган ризничий кемпир да ошончолук күнөөлүү. Ырас, ал кызга жакшы сөздөрдү, акыл-насааттарды айткан болот. Атүгүл маркумдун жаназасына деп бир топ бөз кездеме жана көйнөк да берет. Бирок Мушеттин байкуш апасы кепинсиз өлүп жатса, жалгыз куу баш кемпирдин үйүндө матанын кат-кат жыйылып турганы, жалаң тиги дүйнө, өлүм жөнүндө сүйлөп, өзүнүн да кудум арбак сыяктуу көрүнгөнү бул кемпирдин эчак эле «тирүүлөй өлүккө» айлангандыгын маалымдайт.

Тактап айтканда, сырты жалтырак, ичи калтырак ризничий кемпир – бүгүнкү замандын, бүгүнкү доордун Плюшкини. Кемпир кыздан: «Сен өлүм тууралуу ойлойсуңбу?» – деп сурап жана кызга кепиндик маталарды карматуу менен ага тиги дүйнөгө «жолдонмо» берип жаткансыйт. Мушеттин: «Каргыш тийсин сага, турмуш!» – деген жүрөктү титиреткен ачуу чаңырыгын да автор бекеринен ушул үйдө айттырбайт. Бул бир сүйлөм менен кыздын өмүр бою топтолуп келе жаткан ызасы, арманы, өкүнүч-өксүгү, адамдарга, жашоого, тагдырга болгон таарынычы сыртка атылып чыгат.

Өз жанына кол салууга бел байлап токой арасындагы көлмө тарапка бараткан кыз коёндорду бутага алып жаткан мергендерге туш келет. Байкуш коёндор жан алакетке түшүп канчалык качса да мыкаачы кишилердин огунан кутула албайт. Таланттуу режиссёр бул көрүнүш аркылуу коомдогу социалдык теңсиздикти, Мушетт сыяктуу алсыздар, карыптар алдууларга жем болуп жаткан ырайымсыз замандын картинасын таасын чагылдырат. Удаама-удаа тийген окко жараланып, коёндун жантаслим болгонун көргөн кыз бул дүйнөдө өзүнө орун жок экенине дагы бир жолу ынанат.

Көлмөгө кулап, өзүн өлтүрүүгө камданган кыз биринчи аракетинде тирүү калат да, өтүп бараткан трактордун добушун угуп тура калып кол көтөрөт. Тилекке каршы, башка айылдаштары сыяктуу эле кайдыгерлик өнө боюн чидерлеген айдоочу чал кыз тарапка көңүл кош гана көз чаптырып кете берет.

Биз сөз кылып жаткан тасма өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында тартылганы менен бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготкон жок.

Тескерисинче, минтип балдар арасында өзүнө-өзү кол салуу фактысы көп учурап жаткан мезгилде «Мушетт» сыяктуу тасмалар менен таанышуу балдарга (жалпы эле адамдарга) аяр мамиле кылууга, ар кандай кырдаалда аларды туура түшүнүүгө үндөйт. «Мушетт» Робер Брессондон кем калышпаган көрүнүктүү сүрөткер А. Тарковскийдин жактырып көргөн фильмдеринин бири болгондугу да бекеринен эмес.

Аким Кожоев.
Аким Кожоев.

Аким Кожоев, жазуучу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG