Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

Тагдыры талашка түшкөн тарыхый тасмалар


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кинематография департаменти “Кожомкул” тасмасын тартыш үчүн сценарийлерге сынак жарыялады. Жогорку Кеңеш былтыр июнь айында балбандын 130 жылдык мааракесине карата “Каба уулу Кожомкул” көркөм тасмасын тартууга 25 млн. сом бөлүү тууралуу токтом кабыл алган болчу. Анткен менен буга чейин “Шабдан баатыр”, “Тайлак баатыр”, “Алымбек датка” сыяктуу тарыхый инсандар тууралуу тасма тартуу иштери башталып, аз өтпөй ар кандай себептер менен токтоп калган.

Буга чейин коомчулукта кыргыз киносунда акыркы жылдары ар кайсы өрөөндүн тарыхый инсандары жөнүндө көркөм тасма тартуу жагынан атаандаштык жүрүп жатканы айтылып келген. Иш жүзүндө ушул күнгө чейин "Курманжан датка" тасмасынан тышкары тарыхый инсандар тууралуу мамлекеттик буюртманын негизинде тартылары айтылган фильмдердин бири да соңуна чыга элек.

Бул жолу "Каба уулу Кожомкул" көркөм тасмасын тартуу туурасында Эл артисти, "кыргыз кереметин" жаратууга салым кошкон режиссерлордун бири Болот Шамшиев демилге көтөргөн. Адис эки жылдан бери ушул тема боюнча изденип, иштеп, бийлик бутактарына сунуш киргизип келгенин айтат:

Болот Шамшиев.
Болот Шамшиев.

- Биринчиден, Кожомкул атаны идеалдуу каарман десе болот. Мен ал тууралуу кино тартууну элүү жылдан бери ойлоп келем. Ал жалаң эле балбан, күчтүү киши болбостон, пейли кенен киши болгон. Анын окуясы элге кызык. Жаштар үчүн керек. Бул өзүнчө чоң тарых да. Мен Кожомкул тууралуу тасма аркылуу ХIХ кылымдын аяк жагынан баштап ХХ кылымдын башындагы доорду эпос сыяктуу көрсөткүм келет.

Анткен менен адистер арасында Кожомкул Каба уулу тууралуу толук метраждуу тасма тартууну, ага өлкө казынасынан 25 миллион сом сарптоону туура көрбөй жаткандар да бар. Алардын бири - Мамлекеттик кино департаментинин эксперттик комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев:

Мар Байжиев.
Мар Байжиев.

- Кожомкулду Кудай ошондой кылып жаратыптыр да. Бою эки метрден ашык экен. Таш көтөрүптүр. Албетте, бул жакшы дечи. Бирок анын тагдырында кыргыздын тарыхы жок да. Ал тууралуу эки бөлүмдүү даректүү тасма тартса болот. Ага татыктуу. Демилге көтөргөндөр кинону тартпай жатып эле миллиондогон акча сурап жатышат. Аны каякка жумшайт, биз билишибиз керек да?

Кино ишмерлеринин арасында буга чейин "Шабдан баатыр" тасмасын тартууга мамлекеттик казынадан жыйырма миллион сомдон ашык каражат сарпталып, бирок тасманын бир да кадры тартыла электиги айтылып келген. Ал эми "Тайлак баатыр", "Алымбек датка" сыяктуу тасмалардын сценарийин жазууга бир миллион сомдон каражат жумшалган.

"Шабдан баатыр" тасмасынын режиссеру Эрнест Абдыжапаров бул тарыхый тасмага жумшалган каражат тууралуу мындай дейт:

Эрнест Абдыжапаров.
Эрнест Абдыжапаров.

- Башында он миллион сом бөлүнүп, ага аппаратура алынган. Кийимдер тигилип, арабалар жасалган. Андан кийин да он миллион сом бөлүнүп, ал иштетиле электе тасма токтотулуп калды. Акча кайра артка кайтарылган. Чыгармачыл топ да тарап кетти. Менимче эми бул тасма уланбай калат окшойт. Уланса да аны мен тартпайм.

Абдыжапаров “Курманжан датка” тасмасы аркылуу мамлекеттик буюртма менен тарыхый тасма тартуу иши жакшы башталып, бирок кийинчерээк бул жакшы жөрөлгөнүн мааниси кеткенине кейийт.

Кинематографисттер бирикмесинин төрагасы Таалай Кулмендеев тарыхый тасма тартуу боюнча буюртмалар мамлекеттик кызыкчылыкты эмес, жеке бир топтордун кызыкчылыгын көздөгөн шартта иштин жыйынтыгы ушундай майнапсыз болорун айтып, бул ар тараптан зыянын тийгизип жатканын айтты.

- Тематикалык пландар кинону жетектеген мамлекеттик органдар тарабынан түзүлбөй, кандайдыр бийликтеги адамдар тарабынан түзүлүп калып жатат. Бул өзү такыр туура эмес. Ошонун кесепетинен "Шабдан баатыр", "Тайлак баатыр", "Алымбек датка" сыяктуу тасмаларды тартуу буйругу түшүп, сценарий, режиссерлук боюнча сынактар жарыяланып, бир аз каражат бөлүнүп, анан токтотулуп калып жатат.

Кулмендеев мамлекеттик буюртма менен тартыла турган тасмалардын тематикасын кино боюнча мамлекеттик мекемелер аныкташ керек деген пикирде.

Мамлекеттик кинодепартаменттин директору Муктаалы Бектеналиев мындай иш тажрыйбасы илгери деле болуп келгенинин айтып, жыйналып жаткан сценарийлер өкмөттөн каражат бөлүнгөн кезде чекесинен тартыла баштайт деп ишендирди.

Каба уулу Кожомкул тууралуу мамлекеттик буюртма боюнча тартыла турган тасманын сценарийи боюнча жүрүп жаткан сынак 1-мартка чейин уланат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG