Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Шабдан баатырдын доору тасмада чагылдырылат


"Шабдан" тасмасынын сценарийин талкуулоо. Э.Абдыжапаров (оңдо), Э.Чопиев, Б.Дууланов. 11.5.2015.
"Шабдан" тасмасынын сценарийин талкуулоо. Э.Абдыжапаров (оңдо), Э.Чопиев, Б.Дууланов. 11.5.2015.

Жазуучу Каныбек Иманалиевдин “Шабдан баатыр” деген романынын негизинде режиссер Эрнест Абдыжапаров жазган эки сериялуу көркөм тасманын долбоордук сценарийи тууралуу коомдук талкуу май (бугу) айынын 11инде Бишкек шаарында өткөрүлдү.

Алгы сөз – алкыш

Оболу бул темага батынып киришкен аракети үчүн, албетте, сценаристке алкыш айтуу керек. Бирок мындай залкар эпопеяны тарыхый тасма катары жаратууда жалгыз гана каалоо, эңсөө жетишсиз. Албетте, “тасманы көркөм кылып жаратып жатам, анын тарыхый чындыкка тиешеси аз”, - деп сценарист жана режиссер алдын-ала моюнга алса, анда иш башка, бирок Шабдан Жантай уулу (1839-1912) жөнүндөгү өкмөттүк бүжөттөн алына турган акчага жаралчу алгачкы тасма – тарыхый-көркөм тасма катары тартылышы абзел деп сунушталып жаткандыгы да белгилүү.

Шабдан баатыр.
Шабдан баатыр.

Эми, тарыхый маалыматтарга сыйбаган учурларга чет-четинен келсек.

Фильмдин бет ачарындагы айрым так эместиктер

Белек Солтоноев, тарыхчы жана болуш, 1916-жылкы көтөрүлүшкө жалпы жетекчилик кылгандардан эмес болчу. Албетте, ал да көтөрүлүшкө катышкан, Үркүнгө да катышкан, бирок аны бардыгын багыттаган көтөрүлүш жетекчиси болду деп жазууга мүмкүн эмес.

Канаат Ыбыке уулу – Нарындын Кочкор өрөөнүндөгү көтөрүлүш очогуна жетекчилик кылган, бирок ал Чүйдүн Кемин өрөөнүндөгү алгачкы нааразылык жыйындарына катышкан эмес. Канаат Ыбыке уулун өз өрөөнүндө хан көтөрүшкөн, бирок Канаат хан Мөкүш Шабдан уулунун хан көтөрүлгөнү маалында Кеминде болбогон, демек, ал Мөкүштү хан катары тааныган эмес.

Мен көргөн сценарий вариантында, негедир, бардыгы орусча жазылып, кишилердин сүйлөгөнү кыргызча берилиптир. Шумдугуң кургур.

Анан калса, бет ачар минтип аяктайт:

“Кемел:

Ата! Атаке! Барсыңбы? Бар болсон элиңди эсине келтир! Атаке!

На фоне огня и криков о помощи появляется титр фильма:

Ш а б д а н

(Өрттүн жана жардамга чакырган ач-айкырыктардын көрүнүшүнүн фонунда тасманын “Шабдан” деген аталышы калкып чыга келет).

Мындан көрүнгөндөй, тасманын сценаристи 1916-жылкы окуялардын эң жогорку чекити – падышалык бийликти четке кагып, эгемен мамлекетти кайра түптөө ураанын чакырган кыргыз элинин өкүлдөрүнүн улуттук боштондук көтөрүлүшүн жектеп, кейипкер Кемелдин сөзү аркылуу “кыргыз элин эсине келтире көр!” деп Шабдандын арбагына кайрылат. Ак паашанын 1914-16-жылкы согуш аракеттери эгемендикти эңсеген кыргыздар үчүн баскынчы, оторчу падышанын өз кызыкчылыгы үчүн жүргүзгөн чоочун согушу болгону менен сценаристтин иши жок.

Келээрки жылы 1916-жылкы улуу улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдык мааракесин салтанаттуу белгилейбиз. Ошол датага карата боштондук кыймылдын катышуучусу болгон бабаларыбызга ушул тасма аркылуу акаарат айталыбы? Таң калычтуу. Же бул – улуттук боштондук көтөрүлүштү жана анын мааракесин жектеген күчтөрдүн тымызын буйрутмасынын аткарылышыбы?

Эми Ормон хан көтөрүлгөн Ысык-Көлдөгү курултайга келсек

Албетте, шарттуулук деген бар. Кеминдеги наристе Шабдан оорулуу энеси менен чогуу Кызыл-Токойдогу (Көтмалдыга жакын жердеги) Ормон Ниязбек уулу хан көтөрүлгөн айтылуу курултайга да атасы Жантайды ээрчип келди, деп шарттуу кабыл алып койолу. Бирок курултай болгон жерден Ысык-Көлдүн шапатасын укмак тургай, анын өзүн да көрө албайсыз. Себеби Чүй суусунун боюндагы бул жай – Ысык-Көлдөн алда канча алыс. Муну да “тасмадагы шарттуулук” деп койсок болоор.

Бирок шарттуулуктун да чеги бар го.

Сегиз жашар Шабданды колго түшкөн казак султаны Кенесары Касым уулу айтылуу Ормон хандын ордуна кабыл алганы менин оозумду ачтырды. Сары ооз балапанды, анын балагатка жете электеги ичке үнүн хан Кене кантип эле айырмалай албай калсын? (Сценарист болсо “мында Кенесары юмор мене айтып жаткан болчу” деп кийинчерээк актанды, бирок текстте анын юморунун ишаарасы да сезилбейт).

Деги, Кенесарыны Шабдан көргөн эмес эле да. Чүй менен Кеминдеги салгылашууларга тестиер балдарды аралаштырышпаса керек. Шабдан ошол урушка аттанып бараткан жана кайра келген жоокерлерди көргөн чыгаар, албетте.

Ал эми туткунда калган Кенесары: “Кыргыз менен казакка калкан болгон чыгаан баатыр бол!” деп, Шабдан түгүл, эч бир кыргыз балага өңүндө бата бермек эмес. Кенесары өлтүрүлгөн Чүйдөгү (Кекилик-Сеңирге жакын Май-Төбө жергесиндеги) согуш талаасынан Шабдан алда канча узак, бейпил жайда – Чоң Кеминде чикит чаап ойноп жүргөн.

Периштелер

“Тарыхый тасма” делген бул чыгармада саентологдордун, ырым-жырымчылардын “периштелери” катыштырылгандыгы да таң калтырат. Христиандык фантазия аралашкан көркөм тасмаларда периштелер кейипкер катары көп эле колдонулат.

Бирок “тарыхый” делген жанрга ылайык тартылышы абзел болгон кыргызстандык тасмага периштени кейипкер катары катыштыруу кажетпи?

Тим эле Шабдандан Ыйса пайгамбарды төрөткөнү жаткансып, периштелер кедей Касендин кызы Гүлайымды 15 жашында барымтачылыкка катышкан Шабданга “ыроолошот”.

Менимче, тарыхый жагдайларды анчейин билбеген чакта, сценарист фантазия аркылуу кенемтени толтурууга алпурушкандай сыяктанып кетет.

Албетте, тарыхчы келекелеген бул жагдайды көркөм сценарист “эң укмуш табылга” деп баалашы деле мүмкүн, фантазияга чек жок деңизчи.

Ал эми иши кылып эле тарыхый окуяларды “жамай берүү” аракети Ормон хандын бугу уруусуна каршы жазалоочу жортуулуна 15-16 жашар Шабданды да кошуп койгонунан көрүнөт.

Хан Кенени жеңген Ормон хан дагы өтө эле алаңгазар көрүнбөйбү. Болбосо, 15-16лардагы уландын ордуна башка деле тажрыйбалуу жоокерлерди жортуулга кошуп алса эмне болмок?

Маселе башкада: сценарист Ормондун өлүмү маалында таптакыр башка жакта – Кеминде жүргөн бозбала Шабданды Ысык-Көлдөгү бугу уруусун чаап жаткан Ормонго шынаарлатып койгусу келип жатканында болуп жатпайбы!

Кенесарыга окшоп, мында да сценаристтин “парманы” менен Ормон хан: “Кыргыздын башын бириктирем деп ушуну көрдүм... Шабданым... тапкан багыңды кыргызга арна!” деп өлөөр алдында өз жанында эч болбогон Шабданга бата берет.

Башкасын кой, асмандагы периштелерден бери өзүн кабыл алып жаткан Шабдан үчүн өзү таптакыр аралашпаган бугу-сарыбагыш чабышына катышуусу кеп бекен!

Талкуу уюштуруучулар Ленара Ниязбекова менен Гүлжигит Исаков. 11.5.2015.
Талкуу уюштуруучулар Ленара Ниязбекова менен Гүлжигит Исаков. 11.5.2015.

Кокондогу тентектик

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун сын-пикири туура айтылган экен, Шабдан эрезеге жетип, жигит болуп калган чагында, 1860-жылы октябрда, азыркы Казакстандагы Узун-Агач жергесинде падышалык Орусияга каршы Кокон хандыгынын урушуна кокондук тараптын жоокери катары катышып, эрдик кылат.

Бирок бул жылды 1862-жыл менен алмаштырып алууга эч мүмкүн эмес. Анткени эки жыл ичинде Шабдандын жана анын атасы Жантайдын саясатында чукул өзгөрүү болуп, алар 1862-жылы кокон беги Рахматуллага каршы көтөрүлүшкө чыккан солто манабы Байтик баатырдын жана орусиячылдардын тарабына өтүшкөн. Эки жыл түгүл жыйырма жыл көркөм тасмада чаташтырыла бергени менен, тарыхый тасма үчүн эки жума же эки саат да кээде өтө чоң мезгил!

Бирок 1862-жыл – Алымбек датка Асан бий уулу кутумда өлгөн жыл – сценарист үчүн башка окуяга карата керек болуп калды көрүнөт. Шабдан, Гүлайымга жетпегенден кийин, эми кокон төбөлдөрүнүн бири Маткеримдин кызы Айымханды сүйүп калышы керек болчу, ага да “сени мага периштелер жиберишти” деши керек болчу. Аны кыз жандуу көрсөтүү аркылуу сценарист Шабдандын пендечилигин билдиргиси келдиби, ким билет?

Айтор, сценаристтин каалоосуна ылайык, Шабдан кокондук бийик пакса дубалдан оңой ашып түшүп, “баатырдыгын” көрсөтөт. Азыркы жаштардан да ашып түшүп, эки ирет жолукканда эле Шабдан менен Айымхан кучакташып бири-бирине ашык болуп калышат.

Коомдук тарыхты, тактап айтканда, совет доору менен кокон доорунун коомдорунун турмушун аралаштырып аңдап алган сценарист кокондук төбөл Маткеримдин өзүнө конокторго көк чайды куйдуруп койгону күлкү келтирет. Ал доордо ошончолук чоң мартабалуу төбөлдүн карамагында коноктун чайын куюп тим болбостон, чымынын да айдап турчу ар кыл малайы болгон. Сценарист болсо Маткеримди конокко чайды өзү куйган өзгөчө демократ кылып салган экен...

Демократтын калеминен жаралган дагы бир окуя – Малла-хан өз колу менен Шабданга чапан жапканы болду! Шабдан өзү Малла ханды 1860-жылы күзүндө көрүп, сабына алтын жалатылган кылыч, мылтык тартуулап, ошондой эле жибек чапан жаптырганы тууралуу маалымат тарыхта бар. Демек, өтө айран-таң калтырчу жорук – хан сарайдагы жөрөлгөнүн ушундайча либералдаштырылып сыпатталышы. “Курманжан датка” тасмасында Бухара эмири өзү тыңчыдай кийинип алып, Алайга тымызын келип, сөөк жеткиргендей эле ойдон чыгарылган иш, бул! Хан түгүл манаптар, бийлер деле чапанды конокко өз кол алдындагы киши аркылуу жаптырышчу.

"Курманжан датка" даректүү тасмасынан. 28.12.2010.
"Курманжан датка" даректүү тасмасынан. 28.12.2010.

Курманжан менен ойдон чыгарылган таанышуу

Дагы кызык жери – Шабданды жана Баяке деген Шабдандын жигитин Алымбек датка Кокон шаарынан өз жубайы Курманжан менен ХХ кылымдагы советтик кыргыз коомуна таандык үлгүдө келегей тилде сүйлөп тааныштырганы: “Таанышып койгула, менин жубайым Курманжан! Балдарым Абдылдабек, Камчыбек. (повернулся к своим приближенным) Бул жигиттер Жантай хандын уулдары Шабдан, Баяке!”

Биринчиден, Баяке Күнтууган уулу (1837-1909) – манап Жантайдын уулу болгон эмес. Экинчиден, “таанышып койгула” (орусча “познакомьтесь”) дегендей этикет ошол доордо башкача айтылса керек эле.

Үчүнчүдөн, Шабдан Курманжан датка менен падышалык оторчул орус жоокерлерин коштоп барганда, демек, Алымбек датка кутумда өлтүрүлгөндөн 14 жылдан кийин, 1876-жылы гана алгачкы жолу жолуккандыгы тууралуу кошумчалай кетүү керек. Башкача тарыхый даректи мен учурата элекмин, балким, сценаристте жашыруун архивдик маалымат бардыр?

Осмон датканын Шабдан менен ойдон чыгарылган жекеме-жеке беттеши

Тасма сценарийинде эгемендик үчүн күрөшкөн айтылуу баатыр Тайлактын урпагы Осмон датканын бейнеси өтө төмөндөтүлүп, Шабдан баатыр тим эле найзакер болуп, Осмонду жеңгени ойдон чыгарылып баяндалат. Чын-чынында, Осмон датка өз аскери менен Тогуз-Тородон батышка - Чыгыш Фергананын тоолуу аймактарын көздөй чегинген. Демек, Осмон менен жекеме-жекеге чыкмак тургай, Шабдан жана анын жигиттери Алай тарапка чегинген Осмон датканын тобуна жете албай койгон.

Тээ совет тарыхнаамасында да “эл душманы” катары көрсөтүлгөн, кыргыз жеринин эгемендиги үчүн чындап күрөшкөн Осмон баатырга бул сценарист да “ырайым кылбаган” экен. Анан калса, акталаалык жана тогузторолук саяктардын жана жалпы кыргыз элинин баатыры Осмон датка Тайлак уулу жалгыз болбогондугу, Шабдандын уруулашы, айтылуу Ормон хандын уулу Үмөтаалы да ошол кездери Нарын жергесинде оторчул орус аскерлерине каршы такаат кылгандыгы жөнүндө сценарист ныпым сөз кылбайт.

Сыягы, сценаристтин оюнча, Осмон датка Тайлак уулу жалгыз өзү гана падышалык Орусияга каршы чыккан “тентек” сыяктуудай. Осмондун “тентектигин” көркөм каражат менен билдирүү үчүн сценарист орусиялык жазалоочу жана чалгындоочу кошуундун офицери Загряжскийден калган дасторкондогу башты Осмонго кемиртип койот. То-обо!

Жети-Суу жана фон Кауфман

Текстте “Семиреченский Генерал-Губернатор Константин Петрович Кауфман” деген саптар бар. Муну сындаган тарыхчыларга мен да кошулам. Константин фон Кауфман – Түркстандын генерал-губернатору (1867-1882) болгон, ал эми Сыр-Дарыя менен Жети-Суу – тек гана облус болгон. Жети-Суу облусу Талаа (“Степное”) генерал-губернаторлугуна баш ийдирилген кезең да болгон.

Фон Кауфман, сценарист ойлогондой, 1873-жылы Верный шаарында эч болгон эмес. Ал жылы бул орус колбашчысы Ташкен шаарынан чыгып, Хива хандыгына каршы аскердик жортуулга катышканы маалым. Сценарист болсо фон Кауфман менен Шабданды Верный (Алматы) шаарында полковник Петр Дмитриевич Скобелевдин коштоосунда чай ичирип койгон.

Ал эми тарыхтагы Михаил Дмитриевич (Пётр эмес) Скобелевге келсек, ал 1873-жылы Мангышлакта болгон, Хиваны каратып алуу жортуулуна катышкан, жыл соңунда Францияга эс алууга кеткен, бирок Алматыда (Верныйда) болгон эмес!

Баарынан кызыгы, Шабдан мырза оторчуларга “Кокон хандыгын биротоло жоюп салгыла!” деген сунуш менен чыккандыгы болду. Баракелде, мурдагы Петербургга жана бүгүнкү Кремлге жагынуу үчүн эми Шабданды да падышалык Орусиянын Борбордук Азияны каратып алуу долбоорун пландаган оторчул кишиге айлантуубуз эле калган экен!

Полот хан (Искак Асан уулу)
Полот хан (Искак Асан уулу)

Айтмакчы, агартуу тармагына Шабдан 1875-жылы кам көргөндөй сунушталган экен, сценарийде.

Менимче, жадидчилердин таасири менен Шабдан Жантай уулу Чүйдө медресе ачууга ХХ кылымдын башында гана киришкен.

Анан эле окуя 1876-жылга өтөт да, Шабдан тим эле айтылуу Полот-хан менен жолугуп, падышалык бийлик тарабында тынчтык сүйлөшүү жүргүзүп калат. Бул да сценаристтин оюнан жаралган нерсе.

Кутту Шабдан өзү качырганбы?

Албетте, элдин же баатырдын куту, сценаристтин оюнча, сүйүүсүнө жеткен айымдан төрөлгөн урпак менен гана байланыштырылат. Бул – “периштечилердин” версиясы. Шабдандын Султан айымдан туулган баласы менен кошо кут да казак журтуна ооп кетти, - деген ой баса белгиленет. Албетте, кыргыз менен казак бир эле эл, деп дагы жооткотулат. (Сценарист “кут качкандык” тууралуу бөлүм алынып салынып жатканын айтты. Азырынча буга убактылуу соороно туралык, себеби, сценаристтин кээ бир сын-пикирлерди кабыл албай коюу укугу бар эмеспи).

Ошентип, тасманын шашылыш жазылган барактары да соңуна чыгат.

Тарыхый тасманын аты менен заты

Шашылыш сценарийдин барактары күзгү шамал бирден жулуп учкан дарактын бариктериндей башаламан сүрөт тартып, сынчыларды ойго батырып жаткан кез.

“Мына мен – Манаке, Манаке болсом – сакалым канаке?” - деген экен бир киши. Мына бул – тарыхый тасманын сценарийи. Эгерде ал тарыхый тасма болсо – тарыхы канаке?

Шабдан тууралуу тасманын сценарийин талкуулоо маалы. 11.5.2015.
Шабдан тууралуу тасманын сценарийин талкуулоо маалы. 11.5.2015.

Постскриптум

Жакында тартыла башташы күтүлгөн “Шабдан” тасмасы тууралуу 11-майда Бишкек шаарында коомдук талкуу болуп өттү. Ага катышкан сценарист жана кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров өз дарегине карата айтылып келген сындарга жооп узатты.

Эрнест Абдыжапаров 2007-2008-жылдары жазуучу Каныбек Иманалиев менен жолукканын, Шабдандын урпактарынын бири Жаңыл Абдылдабек кызынан да бир катар маалымат алганын белгиледи.

Былтыр К. Иманалиевдин романы жарык көрдү. Вице-премьер Тайырбек Сарпашов да бул темадагы тасма үчүн 10 миллион сом бөлүнөрүн айткан.

Шабдан тууралуу тасманын сценарийин талкуулоо маалы. 11.5.2015.
Шабдан тууралуу тасманын сценарийин талкуулоо маалы. 11.5.2015.

Эрнест Абдыжапаров сын- пикирлерге ачык болуп келгенин, сценарийинин текстин ушуну менен үчүнчү ирет кайра оңдоп жазып чыкканын да белгилеп, бирок айрым сын-пикирлерди кабыл албай коюуга укуктуу экенин, теманы кино тасмасынын каражаты аркылуу ачуунун өзгөчөлүктөрү болорун баса айтты. “Кыргыз элин даңазалоо үчүн Шабдан өзү жолукпаган кишилерге деле ал жолуккандай кылып жаза бергеним чын”, - деди Эрнест мырза.

Анын айтымында, жакында дүйнө коомчулугуна тааныштырылган “Курманжан датка” тасмасына руна сымал жазманын кошо чагылдырылышы туура эле болгон, антпесе дүйнөдөгү эч ким мындай жазма болгонун байкамак эмес. Эрнест мырзага биз каяша кылып, “орто кылымдардын эрте мезгилиндеги жазма маданиятыбызды даңазалагыбыз келсе, эмне үчүн бул руна сымал жазманы колдонгон Барсбек тууралуу тасма жаратууга болбосун?” деген жүйөбүздү айттык.

Талкуу маалында тарыхчы илимпоздор, ошол доор боюнча адистер Роза Абдыкулова менен Аида Кубатова да өз ойлорун айтышып, тарыхый факттар көп экенин, алардын алкагынан чыкпай туруп деле Шабдандын бейнесин мыкты ачып берүүгө болорун айтышты.

Маселен, тарых илимдеринин кандидаты А.Кубатова Шабдандын жадидчилер усулундагы мектеп-медресени колдоо долбоорунун тарыхый чоң маанисине токтолсо, тарых илимдеринин кандидаты Р.Абдыкулова Осмон дөөлөтүнүн ордосу Стамбулга келип, жасаган кайрымдуулугу үчүн Шабдан Жантай уулу султан Абдулхамит Экинчинин доорунда алтын медалга татыганын баса белгиледи.

Белгилүү сатирик, акын Эсенгул Чопиев Шабдандын Эрнесттин сценарийинде “ашкере ыйлаак” болуп калганына кейип, “анын мүлдө кыргыздын таламын талашкан дипломат болгонун да ачып көрсөтүү керек, сценарийдеги кейипкерлердин келегей тилин оңдоо зарыл”, - деди.

Кеминдик тургун Баатырбек Дууланов болсо Шабдандын небереси Ажыгабыл сталиндик ГУЛАГда 25 жыл толук абакта отурганын, андан соң элине кайтып келип, орус тилинен өзүнө да сабак берип калганын айтып, сценаристти тарыхты бурмалабастан так чагылдырууга үндөдү.

Ал эми кеминдик калемгер Теңис Төлөмүшов болсо сценарийди кайра толук жазып чыгуу керек деген пикирин ортого салды. Баалы эне – катаган саяктан чыккан Шербектин кызы болгон, ал Шабдандан кийин да балдарды төрөгөн. Демек, кооз сюжетке азгырылып, Баалы энени “эрте өлтүрүп” салуу – тарыхый чындыкка төп келбейт, деди.

Киносынчы Талип Ибрагимов болсо: “Режиссер Эрнест Абдыжапаров мырза өтө тез иштейт. Айрым сындарды эске алат. Бирок сценарийдин өзөгү бар. Виртуалдык ыкма менен баяндоо – тарыхчылардын супсак тил менен даректүү маалыматтарды санап берүүсүнөн таптакыр айырмаланышы керек”, - деп айтты.

Былтыр чыккан “Курманжан датка” тасмасы кулуарда эле жетилгендиктен, андагы адистер, маселен, профессор В.М.Плоских, сөз жүзүндө гана кеңешчи адис болгонунан улам, тарыхый чындык жаатында бир катар чалкештиктер келип чыкканын белгилей кетсек болот (маселен, 1862-жылы кутумда өлгөн Алымбек датка андан беш жылдан соң өлгөн Жантайдан кийин да “тирүү” калып жаткандыгы, жеткен шовинист, ырайымсыз жазалоочу Скобелев тим эле кыргыз тилин суудай сүйлөөгө умтулган либерал көрсөтүлгөндүгү, Курманжандын эчак унутулган руна сымал орток түрк жазмасында сүйүү катты саймалагандыгы, ж.б.).

Ал тасмадагыдай тарыхка таандык эмес окуяларды “токуган” катачылыктарга жаңы тасманы даярдоодо жол бербөө үчүн ыктыярдуу түрдө коомдук талкуу уюштурган атуулдар – ишкер Гүлжигит Исаков, журналисттер Ленара Ниязбекова, Асылкан Шайназарова, дин таануу адиси Улан Усупов, ж.б.

Бүгүнкү талкуунун алып баруучусу Ленара айым да сценарист мырзаны тарыхыйлуулук жагын эске алууга үндөп өттү.

Жаңыл Абдылдабек кызы, Талип Ибрагимов, Эрнест Абдыжапаров. 11.5.2015.
Жаңыл Абдылдабек кызы, Талип Ибрагимов, Эрнест Абдыжапаров. 11.5.2015.

Мурдагы талкуулар маалында тарыхчылар Дөөлөтбек Сапаралиев менен Кыяс Молдокасымов да өз сын пикирлерин билдиришкен. Арийне, алардын айрым пикирлери эске алынган менен, кээ бир сындары көңүл сыртында калгандай.

Биздин билишибизче, Шабдан тууралуу кино тасманын сценарийине ачык сынак деле жарыяланган эместей. Азыр да буга кеч эмес.

Дегиңкиси, мындай көз карандысыз талкуу анын маңызын түшүнгөн калемгерлерге көмөк гана болот. Анын пайдасы көп, зыяны жок.

Бул сыяктуу коомдук пикирлер Шабдан тууралуу тасманы жаратуу идеясын, Эрнест мырза чочулагандай, таптакыр көөмп салбоого тийиш, тескерисинче, тарыхый инсандар тууралуу сапаттуу тасмаларды огобетер көбүрөөк жаратуу үчүн киночуларды шыктандыруусу абзел.

Эгерде мындай тасма салык төлөөчүлөрдүн эсебинен – өкмөттүк бүжөттөн төлөнчү болсо, анда анын сапаты үчүн камкордук кылуу – бардык эле атуулдардын кызыкчылыгына төп келчү иш-аракет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG