Украинада кырдаал оор, Орусияда коргоо министри алмашты
Беш айдан бери тергөө абагында отурган журналист Махабат Тажибек кызы камерасында сабалган делген сүрөттөр жарыяланды. Жаза аткаруу кызматы аны четке какты. Быйыл январда Бишкекте 11 журналист кармалган, учурда төртөө камакта отурат. Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгунун ордуна экономист Андрей Белоусовду дайындады. Москва Украинада согуш баштаганы Шойгунун дарегине көп сын айтылды. Астана соту аялын өлтүрүүгө айыпталган Казакстандын экс-экономика министри Куандык Бишимбаевди 24 жылга эркинен ажыратты. Анын тагдырын арачылар соту чечти.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 01, 2026Токаев Путинди "Орусияны башкарууга ылайыктуу фигура" деп эсептейт
-
Сентябрь 29, 2026Шаирбек Ташиевдин иши: Мамлекет тарткан зыян кайра эсептелет
-
Сентябрь 29, 2026Орусия Украинанын илимпоздорун бутага алды
-
Сентябрь 28, 2026Каспийдеги кырсык: Казак армиясындагы көйгөйлөр
-
Сентябрь 25, 2026Нью-Йорк: Газаны колдогон, Израил премьерине каршы жүрүш
-
Сентябрь 24, 2026АКШ-Кытай: Лидерлер Иран, Тайван, АI, соода согушун талкуулайт