Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:37

Игорь Чудинов дирекциянын директору кызматынан алынды


Игорь Чудинов.
Игорь Чудинов.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 14-майда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын сөзүнө караганда, "президент Садыр Жапаров Конституциясынын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйругун жокко чыгарган".

Аталган чечимди кабыл алууда мамлекет башчысына тийиштүү маалымат бербегендиги үчүн энергетика министрине эскертүү берилди. Министрликтин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов дирекциянын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.


Игорь Чудинов “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору болуп өткөн аптада дайындалганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" 14-майда ырастаган. Анын бул кызматка дайындалышы коомчулукта түрдүү талкууларга жем таштаган.

“Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясы 2023-жылы түзүлгөн. 2024-жылдын 28-февралында “Электр станциялар” ишканасынын акционерлеринин кезексиз жолугушуусунда “Камбар-Ата 1” ГЭСи “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясына башкарууга берилген.

Игорь Чудинов Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда 2007-жылдан 2009-жылга чейин премьер-министр болуп иштеген. 2009-жылдын 6-ноябрында Кыргызстандын өнүктүрүү фондунун башкы директору болуп дайындалган.

2010-жылы Апрель окуясынан кийин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармалып, көп өтпөй эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган.

Ал 2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2018-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун жер ишине байланыштуу козголгон кылмыш ишинде Игорь Чудинов “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мандатынан ажыратылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG