Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Шабдан баатырдын ашы: легенда жана чындык


Мындан мурунку кыска баяныбызда Шабдан баатырдын кыргыз тарыхындагы ээлеген орду жана мааниси тууралуу учкай сөз кылган элек. Чынында да баатырдын кыргыз тарыхындагы орду абдан маанилүү жана орчундуу. Дагы бир жолу кайталап кете турган болсок, Шабдан кыргыз элин кылымдар бою келаткан караңгылыктан, артта калуучулуктан алып чыгуунун бир гана жолу - Орусия сыяктуу күч-кубаттуу жана өнүгүп-өскөн мамлекеттин курамына кирүү деп эсептеген.

Ырас, орус империясы Шабдандын жардамысыз эле Кыргызстанды, Кыргызстан эле эмес, бүткүл Орто Азияны өзүнө каратмак. Экинчи жагынан орус колонизаторлору ансыз да кедейленип, заман агымынан таптакыр артта калган бечара калкка жардам көрсөтүп, өнүктүрмөк тургай, кайра ого бетер тукулжураткан, сугат жерлерден ажыратып, кыргыздарды өз жеринде экинчи сорттогу элге айланткан. Бирок ошондой болгон күндө да жаңы тартиптеги мектептер аз да болсо ачылып, Европа маданиятынын улуттук маданиятыбызга аралашуусу, Агартуучулук доорунун башталышы ошол орустардын турмушун көргөндөн соң тамыр жайды.

Ошол жаңы турмуштун демөөрчү жана демилгечилеринин бири Шабдан баатыр болгондугун эч бир танууга болбойт. Анын ишмердигинин негизги мааниси мына ушунда. Бирок кыргыз элинин бактысын падышалык бийлик эмес, негизинен Совет өкмөтү, анын социалдык жана маданий саясаты ачканын да эч качан эстен чыгарбашыбыз керек.

Шабдан баатыр жаш кезинде ар кандай жортуулдарга, аскерий операцияларга орус армиясынын эң алдыңкы катарында жүрүп катышса да, өмүрүнүн соңку жылдарында негизинен калың эл менен аралаш жашап, калктын турмушуна колдон келишинче каралашканга, эң кур дегенде кеп-кеңешин айтканга колдон келген аркетин жасап жүрүп өткөн экен. Дүнүйө жыйнабай, аброй жыйнап, нечен ошол замандын белгилүү адамдары менен жолугуп, орус империясына ак кызматы үчүн 1883-жылы Александр III такка отуруу аземине катышып, ал гана эмес салтанат учурунда орус падышасы менен жүз көрүшүптүр.

Элден алганын толугу менен элге берип, ошону менен бирге мусулманчылыкты да катуу тутуп, 1904-жылы Мекеге ажыга барыптыр. Ажыга бараткан жолдо Осмон түрктөрүнүн ордосу Стамбулга токтоп, Дамаск шаарынан Мединага темир жол салынышы үчүн кайрымдуулук иретинде 2500 алтын теңге салым кошкону кийин билинди. Тарыхчы Дөөлөт Сапаралиевдин маалыматына караганда, Шабдан түрк султаны Абдулхамид II ден ыраазычылык иретинде берилген алтын медал алып, Кыргызстанга келгенден кийин бир уулунун атын Абдулхамид коюптур.

Айтор, уникалдуу, эч кимдикине окшошпогон жолду басып, 1912-жылдын 6-апрелинде 73 жашында а дүйнө салган экен Шабдан баатыр. Жазга жуук, кечки намазга карата азан айтылганда башын бир көтөрүп, ошол бойдон келгис сапарга кеткен, деп жазат тунгуч кыргыз тарыхчыларынын бири Осмонаалы Садык уулу “Тарыхи кыргыз Шабдания” деген китебинде.

Баатыр каза тапканда баш аягы Кыргызстандын 32 волостунан миңдеген киши көңүл айтканы келип, аларды тосуу үчүн жүздөгөн кой жана жылкы союлган экен. Шабданды жерге берээрдин алдында орус аскерлеринин ардактуу караулу тизилип, аза күтүү иретинде асманга салют атылган.

Бирок чыныгы тарыхый окуя деп ошол эле жылдын 9-октябрында Түркстан генерал-губернаторунун атайын чечими менен өткөн Шабдандын ашын айтуу керек. Кыргыз элинин тарыхын изилдеген белгилүү окумуштуу С.Абрамзондун жазганы боюнча, ашка Ташкен менен Бухарадан, Кашкар менен Кулжадан баштап, Ферганадан, Ош менен Анжияндан, Кыргызстандын баардык булуң-бурчтарынан 15 миңге жакын өкүлдөр келген. Коноктор үчүн 1500, тамак-аш даярдоо үчүн 1000 боз үй тигилген. Ошентип Кичи-Кеминдин ичине баш-аягы 2500 боз үй тигилген экен. Жалаң конок алуу үчүн 2000дей жылкы, 10 миңден ашуун кой союлуп, жалаң арактан 2000 бөтөлкө арак ичилген дешет тарыхчылар. Аш берүү аземине катышкан элдин саны 50 миңден ашкан деп жазат изилдөөчү С.Абрамзон.

Дээрлик 10 күнгө созулган чоң салтанатта ар кандай ат оюндары, анын ичинде эр сайыш да уюштурулуп, эр сайышта жаракат алган бир азамат үч күндөн кийин каза тапкан экен. Эбегейсиз чоң ат чабышка эң мыкты деген саяпкерлер таптаган сай күлүктөр катышып, башы Токмоктон коё берилген аттарды болжол менен 50 километрдей аралыкка чуркап, мара Боролдойдо (азыркы Самсоновка) болуп, эң биринчи байгени солтолордун күлүгү алып, ал эми экинчи орунга атайын Ташкенден алып келинген, аты “Жакерия” деп аталган таза кандуу англис аты чыккан.

Кыскасы Шабдан баатырдын өмүр тарыхы - кыргыз элинин улуттук тарыхынан ажыратып кароого эч бир мүмкүн эмес тарых. Эгер баатыр тирүү болсо, балким, 1916-жылдагы кыргын да болмок эмес деп эсептейт кээ бир тарыхчылар. Болсо да анчалык чоң масштабга жетмек эмес, анткени Шабдан орустун курал күчүн, аске күчүн абдан жакшы билген адам болгон. Орус империясынын зор армиясына салыштырганда кыргыздардын жалаң союл, шылк этме менен куралданган жигиттери көлдүк атактуу акылман Кыдыр аке айткандай “аттын маңдайындагы кашкасындай” болгон кичинекей гана күч болгон. Муну эң сонун түшүнгөндөрдүн бири Шабдан баатыр болгонуна эч бир шек жок.

Ошондой болсо да тарых деген тарых, аны кайра жазып чыгууга же оңдоп тегеретүүгө эч бир мүмкүн эмес экен. Ошол эле Шабдандын укум-тукумдары Совет бийлиги орногондон кийин кулакка тартылып, алды Украинага, арты Оренбургга сүргүнгө айдалган.

Баатырдын 73 жыл тыюуда болгон аты эгемендик орногондон кийин гана угуза айтылып, күмбөзү жаңыланып, эң сонун атчан эстелиги коюлуп, азыр улуттук тарыхыбыздан татыктуу ордун ээлеген кези.

XS
SM
MD
LG