Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:37

Алаңгазардын ата болушу


"Ата" тасмасы.

“Ата” фильминде сыноолор аркылуу күчтүү адамга айланган каарманды көрө алабыз.

Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулунун КВН оюнчусунан кабелтең кинокомедиячыларга айланышы - кийинки үч жылдан кийинки натыйжа.

Бул мезгилде алар “Бир тууганчик”, “Напарниктер” анан “План “Б” киносун тартышты, коммерциялык тасма жарата аларын ырасташты. Руслан Акундун “Кыялымдагы кыз” менен “Апамды издеп” тасмасынын сценарийи бул эки автордун мыкты драмачы экенин көрсөттү.

Быйыл күздө Бакыт Осмонканов дагы бир үй-бүлө таржымалын алдыга жайды, бул ирет көнүмүш комедиялык маанайдан чыгууга аракет жасалды. Автордун “Ата” деген жаңы фильминде алдыга коюлган максат-милдеттер кандай ишке ашырылганын “Киностан” рубрикасында талкууга алмакчыбыз.

Айныксыз акыйкат катары мындай бир жүйөнү айтып келатышат: драманы кыргыз көрүүчүсү жактырбайт, ансыз деле адамдын маанайын чөктүрчү кайгы-муң күндөлүк турмушта толтура экен. Ошондон кыргыз көрүүчүсү көчөгө чыкса эле күтүп турган суз турмуш көйгөйүн азга болсо да унутуп, “көңүл ачып” кетиш үчүн кинотеатрга баш багат окшобойбу.

Мүмкүн ал башын оорутуп ойлонгусу келбеген немедир, ага атайлап токтолуп кеп кылбай эле коёлу. Анын үстүнө алдагыдай түшүнүккө айрым киносымал бирдемелерди бапыратып тартып аткандар ишенип алышкан. Алардын колунан штампка басылган видеокатарлар гана чуурулуп чыгат. Алар чыгарма түспөл бирдемеге азыноолок акча коротуп, тартылган кинону жакшы-жаманына карабай жабылып көрө берчүлөргө арнап, кеткен чыгымын эселеп кайтарып алуунун камынан башка эч нерсени ойлошпойт деле.

Бакыт Осмонканов.
Бакыт Осмонканов.

Мындай шартта Бакыт Осмонкановдун тапталып калган жолдон чыгуу аракети ыраазы кылбай койбойт. Тажрыйбасы чакталуу кино жаратуучу кайра эле жеңил-желпи баяндарды бапыратып чыгара берсе, андайга көнгөн кино көрүүчүлөр келе беришмек. Жакшы-жаманды ылгабас көпчүлүктүн аркасы менен чөнтөгү акчага толуп, андай кино тартып аткан режиссерго эч ким кылапат айтмак эмес. Бирок өзү тарткан киносунда режиссёр тобокелге билип туруп эле барды, алгач ирет этияттанып атып жасаган бул кадам, менимче, автордун олуттуу чыгармачылык дымагынан улам чыгып отурат.

"Ата" тасмасы.
"Ата" тасмасы.

Кино сүйүүчүлөргө жайдары юмору жагып алган авторду дайым бучкактап турчу бир коркунуч бар, ал - жалкы жанрдын кучагынан чыкпай, ошонун жетегинде калышы. Алдыда күтүп турган көнүмүш жолдон чыгууну убагында баамдап, чыгарманын маанайын башка нукка буруу аракетинин өзү, жок эле дегенде, жаңыланууга ык коюу, кандай болгондо да сый-урматка татыктуу нерсе. Жанатан бери айтылып аткан кеп-сөздүн баары тасмадагы башкы суроого жооп бериши керек. Белгилей кетчү дагы бир жагдай - бул фильмди автор “жаратты”, бул көнүмүш жол менен “жасалган фильм эмес” (автордун өзүнө жана көрүүчүлөргө деген сый-урматы ушул), буга канча убакыт, канча чыгармачылык кайгы-кубаныч кеткени тууралуу кеп кылып кереги деле жок, уялбай турган чыгарма. Кой эми, кинонун өзүнө келели.

Асандын керемет жашоосу

Кинонун баш каарманы Асандын (Болот Тентимишов) жашоосу чынында да мыкты тартылган. Иши жүрүшкөн табышкер жигит, жанында жаркылдаган жакшынакай келинчеги, акылдуу балдары бар. Баш калаанын 40 жаштагы азаматы шаардык орто катмар дегенге кирет. Минтип баары жетишип турса, турмушу бардар бай жигитти колу туткак, анан да пайда үчүн баарына даяр шумпай деп айтыш кыйын.

"Ата" киносу.
"Ата" киносу.

Тескерисинче бапыраган жайдары Асанды жанындагы дос-жолдоштору азыноолок апенди чалыш адам катары эсептешет. Кыймылы аз, анан да дүйнөгө аябай эле баёо караган ал өзүнө ынгайлуу дегидей шартты түзүп алган: балдарын тарбиялоо ойноп-күлүп жасалчу жумушу, жумушка чыгармачылык мамиле жасайт, турмушка жеңил карайт. Кол алдындагы кызматкери осолдук кетирип койсо, андай осолдук баарында эле бар; кесиптеши башкаларга жакпаган чечим алып койгонун айтса, ага элге таанымал мультфильмдеги учкул сөзгө айланып кеткен сөз менен жооп берет; баласы мектепте начар окуйт, а демек мугалимдер иштерине шалаакы. Ойдо жок так жүйөөнү алдыга жайып, баскан-турганы, айткан-дегени ишенимдүү логикага таянган, башкалар үчүн ойдо жок нерселерге ишенип алуу – мунун баары Асандын образын кайсы бир ыңгайда айтылуу Дон Кихотко окшоштуруп, испан жазуучусу Сервантестин белгилүү романын эске салып иет.

Маанайы чөкпөгөн испандык рыцардын кыялга бай дүйнөсү көз алдыга тартылат. Баш каармандын жасаган-эткенине деле коошпогон экинчи пландагы образдар бар: Асандын тыкылдаган тың келинчеги Каныкей (Айнура Качкынбек кызы), эч нерсеге ишенбеген уулу (Азамат Уланов), уяты жогураак бизнес өнөктөшү Кубат (Марат Амираев), басынып калган досу Аскар (Аскат Сулайманов). Мына ушул болпойгон досу, баскан-турганы, макалдатып, апылдап-шапылдап сүйлөгөнү жагынан, чындап эле күлкү келтирерлик Дон Кихоттун жанынан карыш чыкпас кадимки Санчо Пансону эле эске салат.

Жашыктыкка баткан элестин атасы

Сюжеттин ыкчам жүрүшү баш каарманды өзү туулуп-өскөн айылды көздөй алып жөнөйт, ал жерден өзүн ата катары да, бала катары да сезиш үчүн, кыскасы, өзүн издеп барат. Бала кезди эзилип эстөө, анан да Асандын сөз болсо эле айылды оозанып турушу, азыркы шаардык жигитте айылга деген кусалык, бутун чөңөргө тилдирген жылаңайлак балалыгын эстөө күчтүү экенин билдирет.

"Ата" тасмасында Болот Тентимишев башкы ролду ойноду.
"Ата" тасмасында Болот Тентимишев башкы ролду ойноду.

Ошондой эпизоддордун биринде өзү да айтып отурбайбы, “мен жашык бала болчумун” деп. Асандын атасы (катуу оорудан кийин ишке киришкен Азиз Мурадилаевди экрандан көрүү кандай жакшы) – бекем эреже, нормаларды түзүп алып, башкаларды башкарганды жакшы көргөн адам. Ал баласын эч аябай, бышык болсун, бекем болсун деп катуу кармаган. Ошон үчүн ал “эркек ыйлабайт”, “ооруп атсаң да онтобо”, “жарык – бул окуу” деп баласын тарбиялаган. Антип мисирейген атасын тартпай, Асан балдарын уруп-сөкпөй, аларга жумшак мамиле кылып, дайыма көңүлүн көтөрүп жүрөт. Башкы каармандын аталыгы анын бала кезиндеги катуу тартипке таптакыр карама-каршы. Ошондон анын кантип ата болуу тууралуу түшүнүгү жок. Буга чейин жалаң комедия тартып келген Бакыт Осмонканов жеке адам драмасын кантип көркөм изилдөөгө алганы кызык. Үй-бүлөлүк кино деп жарыя кылынган көркөм тасмада туугандык байланыш, карым-катыш айрым каармандардын көбүнесе психологиялык туюмдарын, санаасын ачууга кетет. Тээ балалыктан башталган, ичте быкшып чечиле албай келген конфликт (“атасындай чечкиндүү боло албай калган”) Асанды акыры келип токтолууга мажбур кылат, Асан токтолот.

Жашыктыктан бийик туруу

Уруу менен уруулук маданиятка апачык эле өбөктөп алган өлкөдө Мекенди сүйүү же үй-бүлөлүк баалуулуктарды алга сүрөөдөн өткөн өтүмдүү тема жок. Анан да драмалык жанрга жаңыдан баш багып аткан автор үчүн мындан өтөрү жок. Анткен менен “Ата” – таптаза драма эмес, муну драмеди десек болчудай (драма менен комедиянын ортосунан чыккан). Аябай эле чыңалган драмалык баянда Бакыт Осмонканов өзүнө жакын комизмге өтүп, аны кыйла эле пайдаланыптыр. Айта кетиш керек, комизм оркоюп чыгып калбай, ар бир тамашалуу сөз ордун таап, ыгы менен айтылыптыр. Тез-тез өзгөрүп турган маанайды (анын эң мыкты эпизоду деп эки достун баткакта жатышын айтсак жарашат), жалаң эле лирикалуу музыкага бастырып салбай (муну сезим-туюмдан куржалак калган режиссерлор көп колдонот), окуянын чечилишинин ыктуу көрсөтүлүшү, айласы куруган абалы (Асанга боор оорубай коюш мүмкүн эмес) – мына ушул драмалуу учурлар фильмде мыкты берилген. Тек чыгарманын соңуна жакындап баратканда баштагы ыраат бузулуп кетет.

"Ата" тасмасынын бир кадр.
"Ата" тасмасынын бир кадр.

Жашыктыкка чакырган маанай оголе созулуп, кандай да болсо көрүүчүнү ыйлатып чыгаруу аракети коюлганбы - аны залдан көзүн жаштап чыгып аткандардан улам байкадык - автор максатына жетти. Мага мындай ыкма жаккан жок, фильмдин чоң кемчилиги да ушул. Драмалык жанрдын көрүүчүгө таасир эткен күчү сөзсүз эле ыйлатууга байланган эмес. Драмалык жанрдын таасири мындан кыйла терең жана кең. Автор эгер аягында көрүүчүнү ыйлатууну гана көздөсө жаңылышат. Көрүүчүнүн жүрөгүнө чын дилден чыккан, анан да кылдат ыкмалар аркылуу жасалган нерселер жетет.

“Ата” тереңдин алдына дагы бир тереңдик катылган фильм. Сюжеттик коллизияларды ыктуу чечүү менен адам дүйнөсүнүн татаал табиятын талдаса болот. Тажрыйбалуу актерлордун оюну менен жаңыдан көркөм өнөргө кирип жаткан таланттардын жанылыгын табуу зарыл. Голливуд фильмдеринин өзөгүнө абай салган адам фильмдин негизги окуяларынын багыты автордук тааным кыйла көтөрүлүп калганын байкай алат.

Которгон Бекташ Шамшиев.

“Ата” фильминин расмий трейлери.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG