Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 06:05

Орусия "Сталиндин өлүмүнө" терикти


"Сталиндин өлүмү" тасмасынын постери.

Орусиянын Маданият министрлиги «Сталиндин өлүмү» аттуу сатиралык тасманы өлкө аймагында көрсөтүүгө тыюу салды. Маданият кызматкерлери комедияны «советтик адамдын жан дүйнөсүнө түкүрүү» катары сыпатташса, Мамдуманын депутаттары «Орусияга каршы психологиялык согуш» деп баалашты.

«Сталиндин өлүмү» аттуу сатиралык комедия француз жазуучулары Фабьен Нури менен Тьерри Робиндин 2011-жылы жарык көргөн романынын негизинде тартылган.

Франция менен Британия бирге тарткан фильмде 1953-жылы Сталин өлгөндөн кийин Советтер Союзунда болгон бийлик талашуу чагылдырылган. Анда Никита Хрущев (Стив Бушеми), Вячеслав Молотов (Майкл Пейлин), Георгий Жуков (Жейсон Айзекс) жана башка советтик ишмерлердин образдары сатира, гротеск менен көргөзүлгөн.

Тасма Орусияда саясатчылар менен мамлекеттик кызматкерлердин куйкасын куруштурду.

Фильмди Орусияда көрсөтүүгө Маданият министрлиги уруксат күбөлүгүн 17-январда берген. Эки күндөн кийин эле министрликтин юристтери тасмада «экстремизмдин белгилери табылды» деп арызданып чыгышкан.

«Сталиндин өлүмү» фильми жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козгоп, орусиялык (советтик) адамдын кадыр-баркын тепсеп, адамды социалдык статусу жана улуту боюнча кемсинтип жатат, бул экстремизмдин белгилери" деп жазылган арызда.

Андан соң Маданият министрлигинин коомдук кеңеши «советтик гимн, орден жана медалдар мазакталган» деп 25-январга дайындалган фильмдин бет ачарын жарым жылга токтотуп койгон.

Мамдумада КПРФ (коммунисттер) партиясы тасманы Орусияга каршы «психологиялык согуштун бир түрү» деп баалаган. Депутат Елена Драпеко министрликтен тасманы көрсөтүүгө уруксат берген күбөлүктү артка кайтарууну талап кылган.

Павел Пожигайло.
Павел Пожигайло.

Коомдук кеңештин өкүлү Павел Пожигайло тасманы «чагым жана коммунисттерге урулган сокку» катары кабыл алган. Ал тасма Сталинград салгылашуусунун 75 жылдыгын белгилеген ардагерлерди кемсинтет деген ойдо.

- Мамлекет жетекчилери, согушту жеңген маршалдардын баары кем акыл, макоо болуп көрсөтүлгөн. Албетте, бул адамдардын Советтер Союзуна, анын жетекчилерине, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке болгон сезимдерин кордойт. Андан тышкары фильмде зордук-зомбулук, атышуу, Сталиндин денесин жиликтеген кадрлар көп. Буга таянып, фильмге тыюу салып койсо болот. Менин оюм боюнча мамлекеттик символдор дагы мазакталган. Орусиянын гимни ырдалып, маршалдар ордендерди тагынып жүрүшөт. Сталинград салгылашуусунун 75 жылдыгын белгилеген адамдарга бул фильмди көрсөтүү аларды кордоого барабар. Советтер Союзунда болгон нерселерди ачык эле кемсинтип, тебелеп-тепсөө.

Андрей Архангельский.
Андрей Архангельский.

Ал эми «Огонек» маданий журналынын кабарчысы Андрей Архангельский «тасма орусиялык көрүүчүгө пайдалуу болмок» деген ойдо.

- Орусиялык көрүүчү «өткөн доорго сый-урмат менен караган», жылдык мааракелерге арналып тартылган кино менен сериалдарга көнүп калган. Орусиялыктарга «ал улуу доор болгон да» деген, тиранды да улуу адам катары сыпаттаган түшүнүк сиңип бүткөн. «Сталиндин өлүмү» - бул комедия, анда күлкү менен баары ачыкка чыгып калган. Бул адамдардын аң-сезимине катуу таасирин тийгизет. Көз алдыңдагы пардалар ачылып, чындыкты көрүп каласың.

Архангельский тасмага тыюу салууну Маданият министрлигиндеги айрым кызматкерлердин обу жоктугу деп эсептейт.

Ал эми фильмдин режиссеру Армандо Ианнуччи болсо өз эмгеги күлкү аралаш чындык экенине терең ишенет.

- Биз иликтөөгө көп эмгек жумшадык. Архивдеги материалдарды окуп, жергиликтүү адамдар, тарыхчылар, ошол мезгилде чоңойгон орусиялыктар менен сүйлөштүк. Биз 1950-жылдары Советтер Союзунда адамдар туш болгон окуяларга аяр мамиле кылдык. Фильмди көргөн орусиялыктар «күлкүлүү экен, бирок ал чындык» дешти.

«Сталиндин өлүмү» сатиралык тасмасынын дүйнөлүк бет ачары былтыр сентябрда болгон. Орусияда тасма 25-январдан тарта көрсөтүлмөк.

Тасманын трейлери

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG