Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Султан Жумагулов дүйнө салды


Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү дүйнө салды.

Султан Жумагулов буга чейин ооруп жүргөн.

Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналист адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин "Би-Би-Си", "Азаттык", ЭлТР, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

Ал журналист, медиа эксперт, жазуучу катары таанымал.

Жумагулов Маданият, маалымат жана туризм министрлигине келээр замат аймактык жалпыга маалымат каражаттарын (ЖМК) реформалаш керектигин айткан.

"Азаттыкка" курган маегинде Султан Жумагулов буларды белгилеген:

- Бир да реформа жеңил өткөн эмес. Биз жергиликтүү кабарчыларды окутабыз, даярдайбыз. Семинар, тренингдерди өткөрөбүз. "Жашы 60тан өтүптүр" деген сөз болууга тийиш эмес. 70-80ге чыгып алып деле Интернеттин “тилин таап", иштеп жатышпайбы. Дүйнөлүк журналистика мындайга эбак эле келген. Биз жергиликтүү маалымат каражаттарын ошого ыңгайлаштырышыбыз керек. Азыр керек болсо ошол эле айылдарда Интернет аркылуу эле окуп жатышат. Кагаз гезиттерди бирин-серин эле киши окуйт. Тиражы 200, 800, ашып баратса 1500 экен. Ал да айына эки же үч жолу чыкса, бул өзүн актабай турган жумуш да.

Мындан тышкары Султан Жумагулов маданият тармагындагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууга жаңыча көз караш керек деген пикирде болчу.

“Мамлекеттик сыйлыктарды аткаруучулардан мурда жаратуучуларга ыйгаруу зарыл. Жер-жерлердеги китепкана, музей, музыкалык окуу жайлардын кызматкерлери, ошондой эле кол өнөрчүлөр, комуз чапкан усталар, зергерлер унутта калып жатат”,- деген эле Султан Жумагулов.

Султан Жумагуловдун "Азаттыкка" жазган айрым ой-толгоолору: "Ар кимдин апасы өзүнө аппак", "Кантип президент болбой калдым?", "Караңгылык кыргызды каптаган жок", "Сөөк коюу: тирүүлөрдүн шору", "Бир курсакка канча кой батат?", "Спортту кыргызча “сүйлөтө” алабызбы?", "Депутат болуп өлсөм арманым жок...", "Утулдук, бирок жеңдик", "Ош кимдики?" ж.б.

“Азаттыктын” жамааты Султан Жумагуловдун туугандарына, жакындарына көңүл айтат.

Султан Жумагулов оптимист эле...
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:16 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG