Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Утулдук, бирок жеңдик


Султан Жумагулов
Султан Жумагулов

Азия чемпиону, дүйнөлүк биринчиликтердин катышуучусу Австралиянын оюнчулары да, машыктыргычтары да, күйөрмандары да биздин дарбазачыбызды миң жолу алкап жатса керек. Оюн башталып-баштала электе эсине келе элек дарбазачыбыз жок жерден топту өткөрүп жиберип, алчы-таасын жеген конокторго дем берип таштады. Бир катар футболчулары Европанын дасыккан клубдарында ойногон австралиялыктар таймаштын тагдыры чечилди дегенсип, каадалана топту ары-бери бири-бирине узатып, мастер-класс көргөзгөнгө киришти. Бирок, кыргызстандыктар эсин жыйып алган соң оюн тизгинин колуна алып, чебердиги жагынан жогору турган коноктордун шаштысын кетире баштады. Жигиттерибиз аларды жакшы эле дарбазасына чейин камап келип, бирок жаза тээп алып, баарыбыз аттиң деп, ээрдибизди кырча тиштеп турдук.

Матчтын 2-бөлүгүнүн башында жана аягында кыргызстандыктардын үстөкө-босток чабуулдарынан австралиялыктар алапайын таба албай, утур-утур жаңылып жатышты. Эгер жигиттерибиз жүз пайыз голдук учурларды жаза кетирбегенде Азия чемпиондору азыр шылкыны куруп, жолго түшкөн кез болмок. Ошентсе да, оюн бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда кыргызстандыктар бир гол киргизип, миңдеген (болжол менен 20 миңдей) күйөрманынын төбөсүн көккө жеткирди.

Бул эми оюн тууралу. Мени ойго салганы да, кубандырганы да башка нерселер болду. Бул биздин футболчуларыбыздын чеберчилигинин көз көрүнөө өскөнү. Күйөрмандарды дал ошол көрүнүш ыраазы кылды. Болбосо эл аралык таймаштарда биздикилердин көздөрүнөн чымын учуп, алапайын таба албай калганын көрчү элек.

Футбол классиктери айтмакчы, азыркы футбол – бул улуттун ички дүйнөсүнүн чагылышы. Курсагы ток, көңүлү өскөн улут басыгынан билинет. Биздин жигиттер жашыл майсаңда классы жагынан бийик атаандаштарынын алдында басынып калбай, тең ата, айрым учурларда өйдөрөк оюн көргөздү. Күйөрмандар мына ошого ыраазы болуп тарады. Мелдештеги маанай, атмосфера былтыр сентябрдагы Көчмөндөр оюнун эске салып турду. Улутубуздун намысы бекемделип, бир үйдүн – өлкөнүн балдарыбыз деген сезим өөрчүгөнүнө дагы бир жолу күбө болдук. Бул жолку таймаштын сабагы ушунда. Жеңишибиз ушул. Биздикилер эсептен утулганы менен улуттук намыс жагынан ЖЕҢДИ!

Соңунда эки ооз сөз. Биздин футболчулардын бул оюнуна караганда алдыда дагы далай эл аралык деңгээлдеги мелдештерге күбө болчудайбыз. Тек гана республикалык стадионубуз эл аралык талапка таптакыр төп келбей калганын көрдүк. Билеттерди ортомчулар дүңүнөн алып коюп, кайра сатканы, кириш-чыгыштын тардыгы, ичиндеги тейлөө деңгээли... Оюн көрөйүн деп Австралиядан Бишкекке атайын учуп келген конокту билет жок деп киргизбей коюшканы... Эми бул тууралу беттешти келип көргөн өкмөт башчысы Темир Сариев баш болуп баарыбыз ойлонорбуз. Стадиондогу бул абал келген мекендештерибиздин көтөрүңкү маанайын бузуп, баарыбызды иренжитти дебей туралы.

Султан Жумагулов, журналист

XS
SM
MD
LG