Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 11:13

Журналист Султан Жумагулов орусиялык “Лента. ру” интернет-сайтына жарыяланган “Тьма киргизская” аттуу сюжет боюнча ой бөлүшөт.

Караңгылык кыргызды каптаган жок

Же эки эл ортосуна ким шынаа кагып жатат?

Жарым жылдан ашуун убакыт убара-аракеттен кийин мен акыры Владимир Балыкин деген, бир тууган агамдай болуп калган керемет адамды таптым. 2005-жылы Бишкектен Санкт-Петербургга көчүп кетиптир. Такыр жаны тынбаган, адамгерчиликтүү, маңдайы жарык киши. Кезинде Орусиядан иштегени келип, Кыргызстанды чын дилинен сүйүп, байырдап калган жүз миӊдеген орус адамдардын бири болчу. Бишкекте бир катар гезиттерде иштеп, көбүнчө сүрөт тартчу. Ал кезде ар кайсы редакцияларда иштеген орус-кыргыз-өзбек-еврей... кыскасы ар кайсы улут өкүлдөрүнүн “Журналист” аттуу футбол командасы бар эле. Балыкин уюштуруучубуз да, машыктыруучубуз да, капитаныбыз да болучу.

Ал киши мени эски “жигулисине” салып алып, футболго далай ташыды, үйүнө алып барып, аялы Наташа жасаган борщуна тойгузчу, кала берсе мага батир да караштырган учурлары болгон. Куюндай кыйсыпыр салган 90-жылдардан бери карай 10-15 жылда ар кимибиз ар жакка чачылып, эми эсибизди жыйган кезде жаштык күндөрдү, эски досторду издейт экенсиӊ. Владимир Ивановичти эстеген сайын анын мээримдүү көпкөк көздөрү чакыйып элесиме келе калат...

Бул жеке өзүмө гана таандык сырды неге ортого салып жатам? Анын жөнү төмөндө.

31-январда Орусиянын “Лента.ру” сайтына “Тьма киргизская” деген сүрөттүү кабар чыкты. Бул аталышты кандай кыргызчалашты да билбей турам. Караңгылык каптаган кыргыздар, карантүн баскан кыргыздар... Астында “Как выживают в одной из беднейших стран Средней Азии” деген тактама турат. “Орто Азиянын эң кедей өлкөлөрүнүн биринде кантип өлбөстүн күнүн көрүп жатышат” деп которсок туура болот го.

Сүрөттүү сюжетте Сүлүктүнүн шахтасында көмүр казгандар, милициядан дене-башын шейшеп менен каткан сойку, таштанды жайдан жегенге жана кийингенге ырыстуу бирдеме издеген селсаяктар Алексей менен Вячеслав, Орусиядан депортацияланып келип, эми Бишкек ТЭЦинен жагылып чыккан күлдү сапырып, таш көмүрдүн калдыгын чогултуп сатып, жан баккан Мыктыбек тууралу айтылган. Бардык сүрөт өтө чебердик менен караӊгы фондо тартылып, көргөн кишинин зээнин кейитет. Айрыкча Кыргызстанды мурда көрүп-билбеген адамдар бул сюжетти көрсө, Кыргызстанга эзели буту баспайт.

Ал эми таштанды жайда жаткан Алексей менен Вячеславдын сүрөтүн көргөн ошол эле Орусияда, башка жерлерде болсун, кыргыздар кантип орустарды “кор кылып жатканы” тууралу элес алса керек. Ушуну көргөн Балыкин Кыргызстанга келип кет, өткөн-кеткенди эскерип, чер жазышалы деген менин чакыруумдан сылык баш тартары турган иш... Владимир Иванович, келе бериӊиз, биз дагы эле баягылар – кыргыздар, орустар, өзбектер, татарлар болуп футбол ойнойбуз. Эч ким эч кимди кодулабайт.

Сүрөттөрдүн автору Даниль Усманов деп турат. Фейсбуктагы текжайы боюнча 1995-жылы туулган жигит. Бишкектик жердешибиз. Бул жапжаш мекендешибиз кантип жалаң караӊгыны көрөт деген суроо келди. Биздин Даниль жарыбаган гонорар үчүн туулуп өскөн жерин насыя жаман аттуу кылып жатканын, кайсы жакка барбасын, Кыргызстандагыдай жайлуу боло бербесин али сезе элек.

Чынын айтсам, “Тьма киргизская” деген тема тапканга өтө чоң акыл, тажрыйба керек. Ошондуктан “Лента.ру” сайты бул сюжетти тегин жерден койбосо керек деген ой келет.

“Лента.ру” - Орусиядагы көп окулган интернет-сайттардын бири. Анда “Мурдагы СССР” (“Бывший СССР”) деген рубрика бар. Көбүнчө Украинага каршы материалдар басымдуулук кылат. Балтика боюндагы мурдагы СССР республикаларындагы кырдаал да Орусиянын ырасмий көз карашынан чагылдырылат.

Болуптур, Украина, Балтика боюндагы өлкөлөр менен Москванын өз геосаясый талаш-тартыштары, ич ара аласа-береселери бар экен. Биз эмне кылдык? Кыргызстан менен Орусия - стратегиялык союздаштар, ЕАЭС, ШКУ, ЖККУ уюмдарынын алкагында өнөктөр. Бул өӊүттөн алганда "Лента.ру” шериктеш өлкөлөр арасына шынаа кагып, кыянаттык кылып жатат деген ой келди.

Караӊгылыкка келели. Ошол эле бети-башы көмүрдөн капкара болгон сүлүктүлүк Нурландын ордуна Орусиянын Воркутасында азап менен көмүр казган Иванды коюп койсок бап эле келип калат. Же болбосо Орусияда сойкулар жокпу? Путин аларды “турмушка жеӊил-желпи караган аялдар” деп жакында өзү деле мойнуна албадыбы. Таштанды менен күн көргөндөр Орусиянын кайсы гана шаарынан болбосун кадам сайын табылат! Кыскасы, Орусиянын өз проблемалары менен түйшүктөрү башынан ашат.

Кыргызстанда атыр же спирт аралашкан суяктук ичип алып, мүрт кеткен окуя болбогонуна шүгүр! Иркутскиде ондогон адамдар ванна жууган “Боярышник” лосьонун ичип алып, күрүнөн мүрт кеткени тууралуу кабарды кыргызстандыктар таба кылбастан, тобо кылып кабыл алды. Боордошторубуз кырсыктады деп ичибиз ачышты. “Менимче, ал "Боярышник" ким бирөөнүн катасы эмес эле, бюджетке күч келтирип, санда жок жүргөн калкты жоготуу боюнча гэбистин долбоору болгон” (орусча түпнускасы: “Боярышник тот, мне кажется, был не чьей-то страшной ошибкой, а тайным гэбистским проектом по уничтожению никчемного и обременительного для бюджета населения”) – бул сыяктуу үрөй учурарлык комменттерди орусиялык сайттар чыгарышты, мындай ой кыргызстандыктардын башына келмек эмес. Азбы-көппү, бизде уят, ыйман бар.

Кыязы, айрым эксперттер айтмакчы, өз проблемаларынан калкынын көӊүлүн алагды кылуу үчүн “көрдүӊөрбү кыргыздарды, кандай аянычтуу абалда жашап жатышат?” деген сыяктуу чалдыбары чыккан даяр клишени колдонушса керек.

Кудайга шүгүр, интернет деген бар: азыр каерде кандай окуя болуп жатканын, каерде жашоо кандай экенин билүү кыйын болбой калды, альтернативдик булактар толтура. Анын сыӊары Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, каалаган киши ар башка интернет-сайттардан, ошол эле орусиялык башка сайттардан таап окуп да, көрө да алат.

Албетте, Орусия кыргыздарга улуу тарыхый жакшылыктарды жасады, бул – тангыс чындык. Индустрияны бутуна коюп, кыргыз маданияты менен искусствосунун кеӊ дүйнөгө чыгышына ат көтөргүс салым кошту. Орус тили аркылуу чыгаандарыбыздын аты ааламга тарады. Ал жакшылыкты кыргыздар эч качан унутпайт. Ошого жараша кыргыздар башкалар окшоп орус тилин чанбастан, расмий статус берип, кастарлап келатат. Дегеле орус калкына кыргыздын пейили да, көзү да түз.

Ошону менен катар Тарых жазмышы менен 25 жылдан бери Кыргызстан эгемен мамлекет. Бул чындык менен ким болбосун, анын ичинде орус боордоштор – саясатчылары да, журналисттери да, эксперттери да эсептешүүгө тийиш.

Кыргызстан Орусиянын экономикалык, финансылык, аскерий колдоосун баалоо менен өзүнө теӊ укуктуу өнөк катары мамиле жасоону талап кылууга акылуу. Кыргызстанга мурдагыдай “кичик” баладай же бир провинциясындай мамиле жасоо жол берилгис иш.

Ооба, биздин жүз миӊдеген жарандар Орусияда эмгектенип жүрүшөт. Алардын көбү орустардын адамгерчилик мамилесин белгилешет. Ошону менен катар улутчулардын колунан запкы көргөн, ал турсун ажал тапкандар да кездешет. “Силер гастарбайтерсиӊер, Орусия силерди багып жатат” деген сөз да тараган. Менимче, бул сын көтөрбөгөн көз караш. Эмгек мигранттарыбыз карандай мээнети менен акча таап, Орусиянын экономикасына колдон келген салымын кошуп жатышат. Орусиянын мыйзамдарын жана жергиликтүү калктын салт-санаасын сыйлоо, орус тилин билүү деӊгээли жагынан кыргыз мигранттары башкаларга үлгү экенин Орусиядагы иш берүүчүлөр, федералдык миграция кызматкерлери көп жолу белгилешкени бар.

Бу жарыкчылыкта не деген гана дөөлөттүү мамлекеттер, империялар болбогон! Рим, Британ, Испан, Кытай, Перс, Жапон, Осмон империялары, Алтын ордо, ондогон каганаттар... Качандыр бир кезде Тынч океандан Орол, Алтай, Памир тоолоруна чейин көз жеткис мейкиндикте Улуу Кыргыз каганаты да болгон. Империялар да карыйт-арыйт, кези келгенде бири ыдырап, башкасы пайда болуп отурат экен. Бүт дүйнө тынымсыз өзгөрүп жаңырып, өлкөлөр менен элдер жер которуп, жаңы цивилизациялар жаралып дегендей, тынымсыз түбөлүктүү процесс улана берет.

Миграция демекчи, азыр дүйнөдө алдыңкылар сабында турган Түштүк Корея да кезинде ыдыроо абалына кептелип, эли ар жакка тентип, кор болуп отуруп, акыры намысына келип чыйралып, бекем мамлекет курады, мунайзат сыяктуу бат жана оӊой пайда берген байлыгы жок туруп, жалаң мээси менен күчтүү экономика курду.

Кыргызымдын да күн сайын намысы бекемделип, “Манастагыдай” өткүр сөзүн айта турган күнү жакындап калды деп ишенем. Кореянын мисалы көргөзгөндөй, кеп калктын же жердин чакандыгында эмес, элдин рухунда, намысында. Бул мунайзаттан миӊ эсе көп күч!

СССР доорунда ар бир республиканын образын, жүзүн аныктаган аталыштар болор эле. Биздин өлкөнү баары текши “Күнөстүү Кыргызстан” деп аташчу. Азыркы тил менен айтканда, Кыргызстандын бренди эле. Тарых сыноосунда ары-бери урунуп отуруп, Кыргызстан ошол жаркын позициясына кайтып келатат. Мисалы, дүйнөдөгү өлкөлөр арасындагы өнүгүү деңгээлин аныктаган Британиянын Legatum Institute изилдөө мекемеси 149 мамлекеттин ичинен Кыргызстанды 77-орунга койду. Азыр Кыргызстан дүйнөдө ар ким барып көрүүгө тийиш болгон 10 өлкөнүн ичинде турат.

Демек, “караӊгылык каптаган кыргыздар” дегенди ойлоп чыгаргандардын өздөрүнүн башында кара ой бар, көзүн караӊгылык баскан болуш керек...

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG