Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:06

Рух дүйнөсүн даңазалаган спектакль


«Чыңгызга ыр» спектаклинен бир көрүнүш.

Жакында италиялык режиссер Андреа Бенальонун Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде койгон «Чыңгызга ыр» («Песнь Чингизу») спектаклинин жабык көрсөтүүсү болуп өттү.

Спектакль Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында ойнолду. Анын өзөгүн залкар жазуучу Ч.Айтматовдун «Кыямат», «Кассандра тамгасы» романдары менен «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Чыңгызхандын ак булуту» повесттеринен алынган фрагменттер түзөт.

Италиялык режиссердун жаңы спектакли биз буга чейин көрүп жүргөн спекталдерден ырааттуу фабуласы (башы башталып, аягы жыйынтыкталган бирдиктүү окуя) жоктугу менен эле айырмаланбайт. Кызыгы, бул театралдашкан чыгармада көрүүчүнү сахнадагы өнөр дүйнөсүнө тартып, каармандардын тагдырына аралаштырып ийчүдөй шарттуу каражаттар колдонулат (мисалы, ар бирине бирден «таш» жана экиден таякчага берилет).

Спектаклдин дагы бир өзгөчөлүгү - автор искусствонун драматургияга тектеш жанрлары болгон хореографиянын, операнын, атүгүл акробатиканын да элементтерин мыкты пайдаланыптыр.

"Чыңгызга ыр" спектаклинен бир көрүнүш.
"Чыңгызга ыр" спектаклинен бир көрүнүш.

Ал эми музыка (элдик күүлөр, ырлар) спектаклдин бүтүндөй маани-маңызын ачып берип, анын жан-тенине, анын күрөө тамырына айланыптыр десек жаңылышпайбыз.

Даанышман сүрөткер Ч.Айтматов маектеринин биринде: «Бул аалам мүлдө жок болуп кетсе да, музыка сыяктуу бир ажайып нерсе сакталып калып, түбөлүк жаңырып турары шексиз», - дегени бар. Демек, аталган спектаклде музыкага айрыкча орун берилип жатышы бекеринен эмес. Бул ыңгайдан алганда музыканы бир эле учурда спектаклге жан киргизген негизги каражат катары да, философиялык, идеялык-эстетикалык зор жүк көтөргөн метафора, символ катары да кабыл алсак туура болот.

Атап айтканда, музыка – рух дүйнөсүнүн, гармониянын, Иса Пайгамбар, Эдигей, Данияр, Танабай, Орган карыя, Авдий Каллистратов, Филофей ж.б. сыяктуу айжаркын каармандар алып жүргөн ары түбөлүктүү, ары жаратман идеялардын, адамзатты жер үстүндө жок болуп кетүүдөн сактап келе жаткан, анын эртеңки күнү жашап калуу тагдырын чечкен улуу касиет-кудуреттин символу.

Спектаклдеги музыканын орду муну менен эле чектелбейт, музыка (т.а. гармония) менен кара күчкө таянган зулумдуктун (Чыңгызхандын образы), наадандыктын (Авдий Каллистратовдун антиподу – семинариянын мүдүрүнүн образы) күрөшү да режиссердун чоң табылгасы десек болот.

Бар күнөөсү бири-бирин сүйүп, адам тукумун улантуу болгон Эрдене менен Догулаңды моюндарынан кошоктоп төөгө астырып, жараткандын да, табияттын да мыйзамына каршы иш кылган зөөкүр хандын бакты тайып, аны дайым ээрчип жүргөн ак булуту эми ач бел, куу чөлдө Алтун кемпирдин колунда калган күнөөсүз наристенин төбөсүнөн калкалап, мындан ары аны коштоп жүрөт. Башка көрүнүш, эпизоддор сыяктуу эле, бул учурда да музыка чындык менен акыйкаттын жарчысы мисал улам жаңырып турат.

Кесипкөй хореограф бийчилерден калышпаган артист кыздардын ары кооз, ары ийкемдүү кыймыл-аракети, тулку бойлорунун пластикасы, «Ырдап жүр» «Жүрөгүмдөн», «Тектир саз» сыяктуу эчак классикага айланган ырларды мукам үн менен жогорку чеберчиликте аткарышы көрүүчүгө кошумча эмоционалдык-эстетикалык ыракат тартуулайт.

Айрыкча опералык деңгээлде жаңырган Айдай Стамкулованын («Насыйкат» тобунун мүчөсү) авазы жана комузда кол ойнотушу, Бактыбек Чытырбаевдин (аталган топтун жетекчиси) элдик күүлөрдү не бир эргүү менен аткарганы (турган турушу мүлдө музыкадан бүткөнсүгөн ыр-күүнүн чыныгы фанаты бул инсан тууралуу өзүнчө кеңири сөз кылса арзыйт), консерваториянын 2-курсунун студенти Дастан Биримкуловдун чоорду бирде муңдуу, бирде шаңдуу сайратканы спектаклдин ажарын ачып, аны музыкалуу драматургия, тагыраагы, драматургиядагы симфония деп атоого негиз болот.

Режиссердун идеясын сахналаштырууга катышкан театрдын алты артисти да кайсы ролдо ойнобосун (спектаклдин жүрүшүндө айрымдары бир нече роль менен чыгат) өзүнө тагылган милдетти эч бир кынтыксыз, кемелине келтире аткаргандыгын көрөбүз.

Музыкалык маанай сыяктуу эле, спектаклдин декорациясы да (актерлордун кийим-кечеси, буюм-тайымдары, сахнадагы предметтер жана анын жасалгаланышы) улам өзгөрүп, жаңыланып турат.

Бирок спектаклдин баалуулугу муну менен эле чектелбейт. Чыгармалары 200гө жакын тилге которулуп, дүйнөдө окумдуулугу боюнча Л. Толстой, А. Чехов, Ф. Достоевский менен бир катарда турган залкар талант Ч.Айтматовдун улуу идеяларын, орошон ойлорун Андреа Бенальо жаңы өңүттөн чечмелегенге аракет кылган.

Айтматовдун чыгармаларындагыдай эле, спектаклде козголгон башкы маселе – адам тагдыры, анын бүгүнкүсү менен эртеңкиси, жамандык менен жакшылыктын, ак менен каранын күрөшү.

"Чыңгызга ыр" спектаклинен бир көрүнүш.
"Чыңгызга ыр" спектаклинен бир көрүнүш.

Ф. Достоевский кезегинде «адамдагы адамды издеген» болсо, улуу гуманист Ч.Айтматов «адамдагы адамды сактап калуу» (адамды сактап калуу – демек, ааламды сактап калуу) жөнүндө чакырык таштаган.

Адамдардын улутуна, расасына, диний ишенимине жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабай «планетардык бир үй-бүлө» куруп, «дүйнөлүк маданияттын бирдиктүү мозаикасын жаратуу» жөнүндөгү Айтматовдун асыл тилегин, келечектен күткөн зор мүдөөсүн Андреа Бенальо терең түшүнүп, мыкты режиссер катары көрүүчүгө абдан чеберчилик менен жеткире алган деп ишенимдүү айтсак болот.

Спектаклди көрүп жатып бир кезде Айтматовдун Саякбай Каралаевди мухитке теңегени эске түшүп, көрсө, Ч.Айтматовдун өзү да чыныгы деңиз, чыныгы мухит турбайбы деп калдым. Айтайын дегеним, ар бир адам Айтматовду өзүнчө ачат, өзүнчө түшүнөт, өзүнчө чечмелейт.

Бирок, мейли ага канчалаган кыйынмын деген окумуштуулар, адабиятчы-сынчылар, режиссерлор, философтор, теологдор ж.б. кайрылбасын, аны эч качан толук ачууга же түшүнүүгө мүмкүн эмес. Жүздөгөн жылдар өтсө да, анын чыгармачылыгы инсан колунан жаралган ааламдын бир купуя сыры сыяктуу (маселен, «Жоконда» өңдүү) толук чечмеленбей кала берер...

Спектаклдин соңунда дагы бир жолу аалам өз колубузда, Кудай да, азезил да өзүбүздүн жүрөгүбүздө, келечектеги тагдырыбыз, бар же жок болуп кетерибиз, алардын кимисине табынып, кимисине баш урганыбызга жараша болот деген тыянакка келебиз.

Сөзүмдүн аягында театр сүйүүчүлөрдү, жалпы эле көрөрмандарды эртең 7-октябрда саат 18.00дө Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында боло турган «Чыңгызга ыр» спектаклинин бет ачарына келип, кеменгер жазуучунун рухий мухитинен жан дүйнөңүзгө азык алыңыздар деп чакырып кетмекчимин.

Аким Кожоев, жазуучу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG