Линктер

шейшемби, 22-январь, 2019 Бишкек убактысы 17:03

Чыңгыз менен Кубаткул абамдын достугу


Сүрөттө: 1953-жыл, 1-Май парадынын алдында. Солдон оңго: Чыңгыз Айтматов, Кыргыз айыл чарба институтунун 5-курсунун студенти, М.Н.Лущихин – институттун ректору, А.С.Лукьяненко – институттун парткомунун катчысы, Кубаткул Касымбеков – институттун 5-курсунун студенти.

Чыңгыз агабыз менен өзүмдүн бир тууган агам Кубаткул Касымбековду эстегенде оюма ар нерселер түшөт.

Китеп текчемдеги жыртылайын деп бараткан Чыңгыз Айтматовдун орус тилинде Москвадан жарык көргөн «Огонёк» басмаканасынан чыккан китепчеси жарыяланган «Ранние журавли» ("Эрте келген турналар") чыгармасына, анын башкы бетине Чыңгыз агабыздын абам Кубаткулга арнап жазган кол тамгасы көзүмө учурайт.

Анда Чыңгыз Айтматов: "Куке, ушул китепти эрмектеп окуп кой. Кубаткул деген баланын аты сенин атыңдан коюлду. Саламаттыгыңдын оңолуп кетишин каалайм", дептир. Чындыгында эле бул сүйлөм мага жат. Журналды ача электе эле Чыңгыз агабыздын кол тамгасы көз алдыма шурудай тизилет.

Кубаткул абам катуу кыйналып, ооруканада жаткан. Бул 1976-жылдын апрель айынын акыры эле. Мен анда Фрунзедеги Айыл чарба институтунун 5-курсунда окуйм. Абамдын ал-акыбалын билгени жанына келгем. Бир оокумда бөлмө шарт ачылып, дарыгер аял менен үстүнө ак халат жамынган Чыңгыз Айтматов кирип келсе болобу?

Дарыгер озунуп:

- Кубаткул аба, Чыңгыз Төрөкулович сиздин саламаттыгыңызды сурап келиптир. Ээн-эркин отуруп, маектешип алгыла, – деп көз карашы менен жаңсап, эшикти көздөй жөнөдү. Мунусу мени да «алагды кылбай сыртка чыга тур» деген сыяктуу туюлду. Экөө эзелки тааныштардай болуп, кучакташып көрүшүп калды. Денем дүр эте түштү. Көзүмө жаш тегеренип кетти. Эрксизден дарыгердин артынан ээрчий чыгып, коридордо ары-бери басып турдум. Бир эсе Чыңгыз Айтматовду көргөнүмө сүйүндүм, экинчиден Кубаткул абамдын катуу ооруп жатканына күйүнүп жаттым.

Чыңгыз Айтматов анда дүйнөлүк атак-даңкка ээ болуп, аты ай-ааламды аралай чаап калган чагы эле. Буга чейин Чыңгыз ага менен Кубаткул абамдын Кыргыз айыл чарба институтунда бирге окуганын, ал турсун жатаканада бир бөлмөдө чогуу жашап, окууга бирге даярданып, тамак-ашы бир болгонун, жаштыктын доорун бирге сүргөнүн көп ирет угуп, элестетип калар элем. Бирок аны менен эртедир-кечтир ушул акыбалда жолугам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес.

Чыңгыз Төрөкулович агам экөө тээ бир далайга чейин сүйлөшүп отурушту. «Көп нерселерди угуп калбайт белем» деп наалып, ичимден тиги дарыгерди күнөөлөгөн болом. Болжолу эки саатка чамалаш убакыттан кийин Чыңгыз ага бөлмөдөн ойлуу чыгып, бирок жылмайган болуп, шек алдырбаган абалда далымдан таптап:

- Рыскул, сен чоң азамат болгон турбайсыңбы. Алды агаңдын жолун жолдоптурсуң. Туура кыласың. Айыл чарбасына дал сендей жигиттер керек. Окууңа ийгилик каалайм. Абаңдын үстөлүнө менин бир чыгармамдын «сигнальный экземплярын» калтырып кеттим. Кичине жакшы болуп калганда окуп берээрсиң. Кош иним, көп ирет жолугушабыз, - деп колун сунуп, бирок менден көзүн ала качып, жанымдан шартылдай басып, тезинен узап баратты. Алда немеден шек уруп, бөлмөгө шашыла кирип бардым. Кубаткул абам чабалактай баштаптыр. Көрсө, Чыңгыз Төрөкулович абамдын мындай алсыз абалын көрүп, өтө ойлуу чыккан окшобойбу. Агам ошентип кыйналып жатса да мага колу менен жаңсап, үстөлдү көрсөтүп:

- Алчы, Рыскул. Журналга Чыңгыз бир нерселерди чиймелеген болду. Сыягы дагы бир чыгармасы жарык көргөн окшобойбу, - деп калды.

Мен «Огонёк» басмаканасынан чыккан китепчесин колума алып, Чыңгыз агабыз жазган кол тамгасын шартылдатып окуп бердим.

– Оку, чыгарманы оку, үнүңдү чыгарып оку. "Сен жөнүндө жаздым" дейт. Жакшылап оку, - деди Кубаткул абам. Мен Айтматовдун орус тилинде жарыяланган «Ранние журавлисин» үнүмдү чыгарып, кырааты менен окуп жаттым. Кубаткул деген каарманга жеткенимде, абам журналды колуна алып, маңдайына такап сүйүп:

- Рахмат сага, Чыңгызым. Ал эми сен жатаканаңа барып эс ала бер. Баса, тиги айранды ичип ал, - деп калды.

Мен:

– Ичтим, аба, сиз өзүңүз ичиңиз, - дедим.

– Ичейин эле дейм, бирок болбой жатпайбы. Өтсө гана, ичсем жыргабаймынбы, - деп бурк этти. Көңүлүн ооруткум келбей, стаканга куюлган айранды толук ичип, көзүмө чолок жаш алдым да, абамдын үстүн жылуулап жаап, жатаканама жол тарта турган болдум. Анын үстүнө жеңемдин дагы келе турган маалы болуп калган.

Кубаткул Касымбеков.
Кубаткул Касымбеков.

Ошол жолугушуудан көп узабай, Кубаткул абам 1976-жылдын 11-майында 45 жаш курагында, катуу оорудан улам көзү өтүп кетти. Абамды коюуга Кыргызстандын ар кайсыл райондорунан көп адамдар келишти. Аттуу-баштууларынан Чыңгыз Айтматовду көрдүм. Башкасын чыны менен тааный алган жокмун. Анан калса абам көп жерде иштеп, көп адамдардын көңүлүн алган турбайбы.

Кубаткул абамдын көзү өткөндөн кийин кыргыздын философиялык бир макалында «атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн» деп айтылгандай, Чыңгыз Төрөкуловичти көп эстечү болдум. Чыгармаларынын бирин калтырбай окуп, аман-эсендигин тилеп жүрдүм. Азыр да менин китеп текчемде улуу жазуучунун ондогон эмгектери турат. Ал эми агама берген «Огонек» басмаканасынан чыккан китеп текчемдин баалуу жеринде сакталуу.

Мындан сырткары, Чыңгыз Айтматов менен Кубаткул абам тууралуу чыккан ар жылдардагы гезит-журналдардын кесиндилерин сактап жүрөм. Экөөнүн жакын жолдошчулугу, адамгерчилик сапаттары туурасында көптөгөн курбу-курдаштары эскерип, айтып да, жазып дагы жүрүштү.

Алардын бирин Каракол шаарынын тургуну, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңирген ардагер Аман Айтпаев «Эсимдеги аалам залкары» деген ат менен «Кут билим» гезитинин 2014-жылдын 30-январындагы санына жазыптыр. Анда автор Чыңгыз Төрөкулович менен Кыргыз айыл чарба институтунда бирге окуп, жатаканада бирге жатканын, кийин дагы көп ирет жолугушканын айтып:

"Ал анда Айыл чарба институтунун студенти эле. Бир күнү аны Сталиндик стипендиядан четтетип коюшту. Биз «буга "үч тамга" (Мамлекеттик коопсуздук комитети) кийлигишти» деп, деңдароо болуп калдык. Ачык айтууга каяктан шаабыз келмек? Аңгыча бөлмөгө биз менен бирге жаткан кыргыздын мыкты азаматтарынын бири Кубаткул Касымбеков кирип келди.

Ага удаа Чыңгыз Айтматов кирип, үстүнө кийип жүргөн атасынын эски тонун керебетке чечип ыргытып:

- Деги бул бийликке мен ушунчалык эмне кылдым эле? - деп эчкирип-эчкирип ыйлап жиберди", - дейт автор. Баса, агам Кубаткул да Чыңгыз ага сыяктуу эле Сталиндик стипендия менен окуп бүткөн. Мында айта турган нерсе - Кыргыз айыл чарба институту боюнча эки гана студент Сталиндик стипендияга ээ болгон.

Бул туурасында агам Кубаткул да көп ирет эскерип калаар эле. Айрыкча ошол учурдагы бийлик Чыңгыз Айтматовдун сары изине чөп салып, «кара көлөкөдөй» болуп бучкактап ээрчип алганына айран таң калчу. Бир жолу агам бейтааныш эле (чамасы бирге иштесе керек) адеми кийинген бир кишиге:

– Чыңгыз экөөбүз окууну абдан жакшы бүттүк. Мен айыл чарба жумушуна, партиялык кызматка аралашып кеттим. Чыкем «үч тамгадан» баш калкалап, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тажрыйба станциясында катардагы зоотехник болуп иштеп жүрбөдүбү. Бийлик анда да жөн койгон жок. Мындай куугунтук жедеп Сталин өлгөнгө чейин уланды. Мына ошондон кийин гана Чыкемдин багы ачылды да калды, - деп айтып жатканын уккам. Муну адабият, тарых иликтөөчүлөр да көп жолу жазышты. Чыңгыз агабызды «жерден алып көргө, көрдөн алып жерге ургандар» четтен чыкты. Бирок ал өзүнүн улуу жазуучулук жолунан кенедей да тайган жок.

Кубаткул абам 1947-жылы Саруу орто мектебин артыкчылык аттестаты менен бүтүп, Кыргыз айыл чарба институтуна кирип, 1953-жылы «ветеринардык дарыгер» адистигин алып чыккан. Эмгек жолун Тоңдогу «Төрт-Күл» участогунда ветеринардык участканын башчысы болуп иштөө менен баштап, андан соң ушул эле колхоздун башкы ветеринардык дарыгерлигине которулган. 1958-жылы болсо Тоң райондук аткаруу комитетинин төагасынын орун басары болуп шайланган. 1960-жылы партиянын Тоң райондук комитетинин 2-катчысы, 1962-1965-жылдары Ысык-Көл облустук өндүрүштүк колхоз-совхоз башкармалыгынын башчысынын орун басары, Чүй облустук өндүрүштүк колхоз-совхоз башкармалыгынын башчысы болуп иштеди. 1965-жылы партиянын Чүй райондук комитетинин 1-катчылыгына шайланды. Бул кызматта Кубаткул абам сегиз жыл иштеди.

Бул жылдары партиялык иш менен илимий эмгегин да колдон чыгарган жок. Аспирантураны сырттан окуп бүтүп, Чүй өрөөнүнүн райондорунун мисалында «Мал чарбасынын рентабелдүүлүгү жана экономикалык натыйжалуулугу» темасында кандидаттык диссертациясын жактап, 1973-1976-жылдары кыргыз айыл чарба министринин орун басары болуп иштеп турду. Кыргызстан КП БКнын мүчөсү жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки жолку чакырылышына депутат болуп шайланды. «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак Белгиси» ордендери, Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Аны замандаштары республиканын колхоз-совхоздорунун ички тармактарын, анын ичинде мал чарбасынын азыктуулугун өркүндөтүүгө, асыл тукумдуулугун арттырууга, мал чарбасын ар кандай ылаң-илдеттерден арылтууга, айыл чарба азыктарынын арбын өндүрүлүшүнө зор маани берген жана жетекчилик дарамети бийик, малчы-чабандардын, айыл чарба кызматкерлеринин турмуш-тиричилигинин жакшырышына жакындан кам көргөн кыраакы адам болгондугун көп эскеришет.

Айыл чарба илиминин доктору, профессор Рыскул Касымбеков (Кубаткул Касымбековдун бир тууган иниси), Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Оргочор айылы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG