Линктер

шейшемби, 25-июнь, 2019 Бишкек убактысы 22:24

Айтматов берген боорсок


Иллюстрациялык сүрөт.

"Мен билген Айтматов" сынагына Австрияда жашаган мекендешибизден келген блогду сунуштайбыз.

Мындан сегиз жыл мурун мектеп окуучусу элем, ошол жылы 11-классты бүтүрүп жаткам.

Айылда бири-бирине окшогон күндөр көп эмеспи, ошондой күндөрдүн бири. Майдын башы болчу, болгон бүтүүчүлөр толкунданып, 11ди бүтүрсө эле Марска уччудай болуп баары эле бушайман. Кыздар күндөн-күнгө сулууланып, арзан чач боёкторун сатып алып, чачтарын боёп эле жатып калышчу. Бирине кызыл алчанын өңү жарашса, бирине такыр жарашпайт, көбү эле ошол өңгө барып жабышып калчу эмнегедир. Ошол маалда мода болсо керек кыязы...

Айылда, болгондо да так көлдүн жээгиндеги аймакта кыздардын шамал сүйгөн беттери кызыл алмадай эле тирсейип турчу, кай биринин бети кесилген, кай бириники күнгө күйгөн, иши кылып кара торулар көп болчу.

Энем мектепте орус тилчи, адабиятчы. Ал киши убагында Москвада билим алып, жаш кезинде моданы кубалап кийинген, атам ала кача электе региондорду кыдырып сабак берген мыкты адис экен. Үйдө биз менен кээде орусча сүйлөшүп, бир тууганым экөөбүздөн Есениндин ыр саптарын сурап калчу, "бир тил ашыкча билсеңер өзүңөргө эле жакшы" деп.

Демейде саат экилерде үйдө болчу энем, түш оогондо араң келди үйгө. Мектептен чарчап, башы ооруп келчу. Ошон үчүн ким үйдө болсо, ысык чай камдап күтүп турчубуз.

- Ой, чайды улам-улам кайната берип тажадым, каякта эле жүрөсүз, - деп калды агам. Энем чарчаңкы, эси оогону куралсыз көзгө көрүнүп турду.

- Райондон комиссия келиптир, мектептен чыгаарыбыз менен директордун үйүнө бардык, тиги комиссиясын алып барып коноктодук, дасторконго деп кармап калат да кайра зарплаттан, жанды койбогурлар, келген сайын эле ушу, - деп үшкүрүп алды.

Баласы экөө чайга отурганда, мага: «Алина, чай ич! Бир аз тыныгуу кыл, өтөсүң, балам, жакшы эле даярданып атасың», - энекемдин үнү ашканадан чыкты. Мен ордуман туруп үйгө кирдим, ошондо гана кежигеме, далыма бир кап туз үйүлүп калгандай ачышканын байкадым. Болбосо, керээлди кечке бир бөлмөгө бекинип алып сабак окуп жаткан катардагы күндөрдүн бири эле мен үчүн, бирок ал күнү бакчада, мен сүйгөн өрүк бактын түбүндө отургам, кун да ачык болчу.

Элге кошулуп көл жээгине экскурсияга да барбай, бүтүрүү кечеси, отуруш дегендин баарын жыйыштырып салып, борбордогу таза жана күчтүү, дегеним коррупцияга малынбаган университеттердин бирине акысыз окууга өтөм деп жүрүп, элден чыгып калганымды кийин байкадым. Классташтарым мени «ботаник» деп «эркелетип» калышчу. Курбум болсо «ээк, сексенге чыккан кемпирдей болуп эле үйдөн чыкпай окуп отурат», - деп жинденип алчу мага.

Энем кара жолдун жанындагы дүкөндөн ала келген вафли менен чайды шыкап аттым. Ии баса, ал кара жолдогу дүкөн айылдын сүйүктүүсү эле, анткени ал жактан кара курсак каалаганын тапчу, айылдыктар да: «Токе, жазып койчу эми» деп эле ала берүшчү алчусун. Таттуу дегенде ичкен ашын жерге койгон мени ошол вафли аябай бактылуу кылды бейм, курсагым чандайып эле уйкусурап кирдим.

Үчөөбүз чай үстүндө бир топко жыргап сүйлөшүп отурдук, мен көзүм жабышкандан: "эноу, идишти анан жууп коём, ээ, мен тарыхты кайталай берейин" деген бойдон бакчага жөнөдүм...

Бир үйдүн ичинде жүрөм. Эки кабаттуу, кооз жасалган экен. Киргенде эле аристократтардыкына окшош эмеректер көзгө урунду. Каякта жүргөнүмдү деле билбейм.

- Тыңыраак кийинип алсаң болот беле, кебетең кантет?, - деп бир тийдим өзүм-өзүмө. Үйдүн ичи тыптынч, кыязы эч бир жан жоктой ичинде. Бирок ары басканда, үстүңкү каттан сыналгынын араңжан үнү келип аткансыды, ошол жакта го деп экинчи кабатка бет алдым. Чоочун үйдө жүргөндө киши коркот го, уруудай болуп эле тепкичтен дыкаттык менен өйдө көтөрүлө баштадым. Чоң бөлмөгө келдим, карасам сыналгы иштеп жатыптыр. Анын жанында колго түйүлгөн ак дасторкон менен көшөлгөн, жыгачтан жасалган чакан үстөл турат.

Эки жакты караганча артыман бирөө келди, карасам Айтматов экен. Кадимки эле Айтматов, баягы мектепте чыгармаларынын үзүндүлөрүн окуп, анын туулган айылынын атын – биздин кошуна Шекерге (айымдын аты) салыштырган адам чыга келди маңдайыма. Бир карасаң сүрдүү, бир карасаң күлүмсүрөп, мага эмнегедир ыраазы болуп тургандай, мени жыргап карап турат. Бирок сүйлөбөйт, мени менен ошо бойдон сүйлөшкөн жок.

Мен апкаарып, уурулук менен кармалган немедей эле тилсиз тура бердим. Айтматов кычыраган чарчы көйнөк, эч бырышы жок боз түстөгү шым кийип алыптыр. Анан ал ары басып кетип эле кайра келди, колунда бир чоң табак бар. Аны жанагы үстөлгө койгондо, бөлмө казандан жаңы чыккан боорсоктун жытына толо түштү, өңү сонун, жегиң эле келет.

Ал мага күлүмсүрөй келип, колума ысык боорсокторду карматты. Мен ага ыраазы болгондой жылмайып, экөөбүз чогу боорсокту тамшана жей баштадык...

Ошентип эмнегедир сүйлөшкөн да жокпуз, болгону ысык, даамдуу боорсоктон жеп, бири-бирибизге күлүмсүрөп отура бердик. Эсимде так ошол күлүмсүрөгөн элеси калды.

Бакчада, жашыл чөптүн үстүндө калган китеп-дептерлерим, бир ак барактын үстүндө жарым-жартылай тиштелген алма мени күткөндөй турат ойгонсом...

Ошол жайда борбордогу бир эмес, үч университетке акысыз окууга өттүм. Алардын ичинен Кыргыз-Түрк "Манас" университетин тандадым.

Рашана Шобер, Австрия

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG