Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Чыңгыз агай кичи пейил болчу


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

"Мен билген Айтматов" сынагына журналист Ырысбай Абдыраимовдон келген макаланы сунуш кылабыз.

Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун Жалал-Абад обулусундагы бөлүмүнүн төрагасы Самидин Станбеков Бишкекте жашап-иштеп жүргөндө Чыңгыз Айтматов менен болгон жолугушууларга, ал өткөргөн республикалык акын-жазуучулардын жыйналыштарына далай катышкан.

Ч. Айтматов Кыргыз ССРинин жазуучулар жана кинематографисттер союзун башкарып турган жылдары анын ой-сунуш, сөздөрүн далай ирет уккан. Ага дейре улуу жазуучу менен Ош мамлекеттик педагогикалык институттун кыргыз тили жана адабияты факультетинде окуп жүргөндө кол алышып, аталган жогорку окуу жайдын президиумунда ардактуу мейман катары отурган жазуучу менен саламдашып, институттун окутуучулары менен студенттеринин алдында Чыңгыз агайга арнаган ырын окуп берген.

Ал окуяны Жалал-Абадда “Эргүү” аттуу адабий-көркөм бирикмени ачкан акын Самидин Станбековдун өз оозунан уксак;

- Анда 1977-жыл болчу, - деп эскерүүгө киришти ал. - Мен ОМПИнин кыргыз филологиясы жана адабияты факультетинин экинчи курсунда окуп жаткам. Күндөрдүн биринде эле биздин институтка Чыңгыз Айтматовдун келе турганын айтышып, мага филфактын деканы жазуучуга арнап ыр жазып, даярдап коюуну тапшырды. Мен “Чыңгыздын “Ак кемеси” деген ырды жазып бүтүп, деканга алып барсам, ал агай:

- Ээ, биз Чыңгыз Айтматовго тартуулаганы ээр камдап койдук эле. Ыр ошо ээр тапшыруу жөнүндө баяндоосу керек болчу. Сен башка нукта жазган экенсиң. Мейли эми, жарай берет. Жазуучу менен жолугушуу болгондо сүрдөбөй, ырыңды көркөмдөп, шаңдуу окуп бергенге камдан, – деп табыштады.

Айткандай эле Ч. Айтматов Ош областынын Ноокат районунан СССРдин Жогорку Советине депутаттыкка шайланып, шайлоочулары менен жолугушуусу бүтүп, ал жактан кайткан учурунда биздин институтка да кайрылыптыр.

Мен залдын арт жагында отургам. Атымды атап чакырышканда, трибунага чыгып, “Чыңгыздын “Ак кемеси" – деген ырымды окуп кирдим. Ал ырдын азыр момундай ыр саптары эсимде;

“Чагылып күнгө элеси...

Баратат дүйнө кезип.

Чыңгыздын Ак кемеси-

Кыргыздын Ак кемеси!..”

Жазган ушул ырым залдагыларга жаккан көрүнөт, дүркүрөтүп эле кол чаап жатышты. Ага аябай толкунданып, тердеп-кургап, трибунадан шашып түшүп бараттым. Зал толо элдин сүрү оңой болобу?..

Президиумда отурган Чыңгыз агайдын кол сунуп: “ырды мага берип коюңуз!” – деген үнүн уктум. Жанына кайра барып, ыр жазылган баракты сундум.

- Рахмат. Азамат! – деп, колумду бекем кармап, өпмөк болуп, жаагын тосту.

Аны менен саламдашкандан кийин президиумдан залды көздөй түшүп, өз ордума баратсам, залдагы топ экиге бөлүнүп, мага кенен жол ачышты. Кийин да чыгармачыл адам иретинде далай ирет жолугушуп, амандашып жүрдүк.

А киши кимге болбосун, жашы өзүнөн кичүүбү же улуубу, ага карабай, сүйлөшкөн, учурашкан адамдардын баарына чоң маданияттуулук, илбериңкүүлүк менен “сиз” деп кайрылаар эле. Буга бир далил: азыркы Бишкек шаарынын мурдагы 1-Май көчөсүндөгү көп кабаттуу имараттардын биринде Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлиги менен Жазуучулар союзу бирге жайгашкан болчу. Мен Жазуучулар союзуна киргени лифт менен жогорку кабаттарга чыгып баратып, маңдай тушумдан Чыңгыз агайдын келатканын көрүп калдым. Лифт токтогондо анын эшиги ачылып, Чыкеге жол бошоткону лифттин төр жагына жыла койсом, а киши кайра илбериңкилик менен мага кайрылып атат: “сиз чыга бериңиз”, – деп.

Дагы бир окуя. Бишкекте курултай уюштурулду. Ага делегаттар өлкөбүздүн туш тарабынан, Ысык-Көл менен Таластан, Нарындан, Чүйдөн да келишти. Курултайга президенттин Бишкектеги резиденциясынын директору болуп иштеген, азыр республикалык Ардагерлер кенешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков аксакал төрагалык кылды. Курултайдын уюштуруучулары Ч. Айтматовду учак аэропортко түшөөрү менен түз эле чогулушка алып келишкен экен. Залда үч жүздөй киши. Чыңгыз Айтматов жыйналыштын төр жагына отурганда гана курултай болуп жатканын түшүнүптүр. Ага сөз берилгенде:

– Мына демократия... Мурда мындайга тап-такыр уруксат беришчү эмес. Ал кезде үстөлдөргө ичимдик да коюлган эмес, – деп айтты Ч. Айтматов. Ал окумуштуу Оморбай Нарбеков даярдап чыгарган дары куюлган чөйчөктү (рюмканы) көтөрдү да;

- Келгиле! Жашасын кыргыздар!.. – деп, ыстаканды жанындагыларга кагыштырганы менен ичиндегини ичпей, рюмканы кайра ордуна койду. Андан ооз тийгизгенин деле байкабадым. Арадан он мүнөттөй убакыт өткөндөн кийин ал жердегилерден уруксат сурап чыгып кетти.

Ошондо 2007-жылдын күз айлары болчу. Андан бир жыл өтпөй, 2008-жылы 10-июнда катуу оорудан улам көз жумду. Адабий не бир сонун чыгармалары аркылуу улутубуз менен өлкөбүздү бүткүл дүйнөгө таанытып, өзүнүн кайталангыс таланты менен дүйнөлүк окурмандарды, адабий сынчыларды таң калтырган улуу жазуучу менен мындай жолугушуулар көп эле болду. Чыңгыз агай өзү чакырбаса, сүрөткө түшчү эмеспиз, - деп сөзүн бүтүрдү Самидин Станбеков.

Өтүп бараткан жыл Түркия өлкөсүндө гана эмес, Кыргыз Республикасында да Чыңгыз Айтматов жылы деп президент тарабынан алейне жарлык менен аталып калганда, балким, улуттук адабиятка, анын өнүгүүсүнө кошкон унутулгус үлүш болоор беле? Чыгаан адамга дүйнөнүн бөлөк мамлекеттерине караганда өз Ата Журту алардан ашыкча көңүл буруусу зарыл эле да.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ, журналист, Жалал-Абад шаары.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG