Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:30

Айтматовдун чыгармалары турмуштун уңгусунан алынган


"Саманчынын жолу" спектаклинен тартылган сүрөт.
"Саманчынын жолу" спектаклинен тартылган сүрөт.

"Мен билген Айтматов" сынагына Жалал-Абад шаарынын тургуну Жолдошбай Осмоновдон келген аңгемени сунуш кылабыз.

“ - Амансыңбы, куттуу талаам?

- Аманчылык. Келдиңби, Толгонай? Былтыркыдан дагы карый түшүпсүң го. Чачың куудай, колуңда таяк.

- Өмүр өтүп бара жатпайбы, Жер-Энем, арадан дагы бир жыл өттү. Бүгүн менин сыйынуу күнүм.

- Билем. Келээриңди күтүп жаткам, Толгонай. Бул жолу сен баланы да ээрчите келмек эмес белең?

- Ооба. Бирок бул сапар да жалгыз келдим.

- Демек, сен ага эчтеке айткан эмес экенсиң да, Толгонай.

- Жок, айталбадым.

- Айтор, эртеби-кечпи, акыры бир күнү ал угат да, Толгонай. Элдин арасында оозу бош бирөө-жарым жок дейсиңби?”

Ч. Айтматов. “Саманчынын жолу” повестинен.

Чыңгыз Айтматовдун балалык өспүрүм чагынын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине дал келиши анын чыгармачылыгына өзгөчө олуттуу таасир тийгизгендиги талашсыз. Али бел сөөгү ката элек он үч, он төрт жаштагы Чыңгыз согуштун апаатын, анын катаал азабы менен оор мүшкүлүн, орду толгус жоготууларын өз жон териси менен сезбедиби. Айылдык кеңештин катчысы катары жаштайынан чоң жоопкерчиликти өз мойнуна алып, элибиздин азап-тозогун, кайгы-капасын тең бөлүштү. Почточу менен бирге айылдарга кара кагаздарды таратып, жесирлер менен балдардын, чал-кемпирлердин көз жаштары менен ый-өкүрүктөрү канча ирет анын зээнин кейитип, заманасын кууруткандыр. Бирок, ушунун баары, ошол капсалаңдуу согуш апааты менен азабы анын кайталангыс чыгармаларына негиз болуп, көркөм сөздүн улуу кудрети менен ааламга тарап кетпедиби.

Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестин алгач окуганымда мага жазуучу биздин эле айылдын турмушун көркөм тилде чагылдыргандай туюлган. Жазуучунун даанышмандыгы жана улуулугу согуштун кесепетинен Толгонайдын жеке башына түшкөн оор трагедияны Толгонай менен Жер-Эненин диалогу аркылуу окуяларды чиеленештирип, байланыштырып бергендигинде. Мунун өзү Айтматовдун чыгармачылыгындагы улуу бурулуш, жаңылык, новатордук болду.

Элибиздин башына караан Түн түшүп, Улуу Ата Мекендик согуштун алааматынан жер солкулдап турганда, Толгонай күйөөсү Субанкулдан, жан канынан бүткөн уулдары Касым, Майсалбек, Жайнак жана келини Алимандан ажырап, куудай башы менен калгандыгы Чыңгыз Айтматовдун калеми менен жогорку көркөмдүктө жана чеберчиликте чагылдырылган. Айтматовдун улуулугу согуш мезгилиндеги накта турмуш чындыгын, элибиздин каармандыгын турмуштун өзүндөй таасын бергендигинде болуп жатпайбы.

Ошол согуш жылдары Базар-Коргон районунун тоо койнундагы Жедигер айылында болгону 40тай түтүн эл жашаган. Айылыбызда “өзүбүздүн Толгонайыбыз” аталган Майра Султанова деген энебиз күйөөсү менен эки уулун согушка аттантып, үчөө тең чоң казаттан кайтпай калган. Кичинекей эки кызы менен калган Майра эне кайгырып, мүңкүрөп, чөгүп отуруп калбастан кайра чыйралды, кайратынан жазбады. Ооруктагылардын катарында “Бардыгы фронт үчүн, бардыгы Жеңиш үчүн!” деген ураан алдында Ворошилов колхозунда бригадир болуп иштеди. Кайратман эмгеги менен душмандан өзөк өчүн, кеткис кегин алды. Улуу Жеңишке эл менен бирге өз салымын кошту.

“Саманчынын жолу” жана “Бетме-бет” повесттериндегидей “өзүбүздүн Жекшенкул менен Ысмайылыбыз” да чыгып, Керимкул (атын өзгөртүп койдум, жер жамандап барбасын) деген жердешибиз эли-жерин душмандан коргоонун ордуна, кара башын калкалап, качкын-дезертир аталды. "Мураттын тамы" аталган жаңгагы жыш жана калың өскөн чытырман аралаш токойдо өзү казган жер үңкүрдө беш жыл жашынып, бүлкүлдөп бөгүп жатты.

Бала чагыбызда качкын-дезертирдин үңкүрүн сонун карап, жаңгак тергени же кой бакканы барганда ал үңкүргө далай ирет сойлоп кирип-чыгып, ойноп жүрдүк. Кийин ал үңкүр 1970-жылдары биротоло урап түшүп калды.

Керимкулдун бир тууган агасы Алымкул согуштан кайтып келгенден кийин качкын-дезертир инисин сай-сөөгүнө, чучугуна жеткире жемелеп тилдеп, ал түгүл эси-көөнүнөн кеткис кылып, көк чаначты ийлегендей сабады. Аскер комиссариатына өзү алып барып тапшырды. “Качкын-дезертир” Керимкул Мекен алдындагы өмүр бою жуулгус жана эч качан кеткис так болуп калган айыбын Көк-Жаңгак шаарында согуштун кылмышкерлери жана чыккынчылары катарында көмүр шахтасында 10 жыл иштөө менен актагандай болгонсуду.

Жер үңкүрдөгү беш жылдык жашоосунун “пайдасы” болдубу, же чындап эле элдин каргышы урдубу, же жесирлер менен жетимдердин көз-жаштары менен ыйларынын кесири тийдиби, же көмүр шахтасындагы оор жумуштан уламбы, айтор өмүрүнүн соңку жылдары эки көзү тең көрбөй, сокур болуп калды. Согушка барып кайткан курбалдаштары менен бир дасторкондун четинде отура албай, аш-тойлорго бара албай, жалгыз макоо катары журттан биротоло бөлүнүп, сүрүлүп, элге батпай четтепкалды. Өмүр бою өзүн-өзү жемелеп, жашоосунда чүнчүп жүрүп өттү. Турмушта, бул жашоодо адам баласы үчүн мындан өткөн азап, мындан өткөн кордук, мындан өткөн кайгы, мындан өткөн тозоктуу катуу жаза болбосо керек. Элден, калктын пейилинен миң айланса жарашат, чакан айылыбыздын эли, согушка барган аталарыбыз аны кечирди. Бирок, абийири аны өлөр-өлгүчө кыйнап, эзип, сыздатып келди. “Ушундан көрө согушка кетип, өлүп калсам болмок экен!” деп зар какшап, боздоп ыйлаганын айылыбызда көргөндөр жана уккандар болуптур.

Сүрөттө: Социалисттик Эмгектин Баатырлары - жазуучу Чыңгыз Айтматов, пахтакер Өлмөскан Атабекова
Сүрөттө: Социалисттик Эмгектин Баатырлары - жазуучу Чыңгыз Айтматов, пахтакер Өлмөскан Атабекова

Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестин окуган сайын көз алдыма эмгеги менен эл оозуна алынган энелерибиз, Социалисттик Эмгектин Баатырлары Керимбүбү Шопокова, Зууракан Кайназарова, Өлмаскан Атабекова, Анакыз Жумабаева, Саадат Ногоева, белгилүү чабан Телегей энелерим көз алдыма тартыла берет. Булар Толгонайдын үрөйлөрү эмей кимдер?!

Көрсө, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары кайнаган турмуш чындыгынан, жашоонун уюткусунан алынгандыгы менен дагы өтө баалуу окшобойбу. Саресеп салып, байкап көрсөк, Кыргызстандын ар бир айылында “өзүнүн Толгонайы”, “өзүнүн Дүйшөнү” бар экендиги кашкайган чындык.

“Биринчи мугалимдеги” Дүйшөн биздин айылыбызда дагы болгон. Кыргыз-Каба айылында раматылык, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, өзүбүздүн “биринчи мугалимибиз” болгон Давид Азимкулов мугалимдиктен согушка аттанып, кан майдандан Улуу Жеңиш менен кайткандан кийин Жалал-Абад шаарындагы А.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын бүтүрдү. “Катар-Жаңгак” сегиз жылдык мектебинде өмүр бою башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенди. Жүздөгөн жаш муундарга арип таанытып, билимге жол ачып, татыктуу таалим-тарбия берди.

Сузак районунда көп жылдар бою Октябрь винсовхозун жетектеген, партиялык, советтик жана чарбалык иштерде актив болуп иштеген Бекболот Ибрагимов агамдын бир ирет айтканы такыр эсимден чыкпайт, көкүрөгүмдөн кетпейт.

- 2012-жылы Кытай Эл Республикасынын кыргыздар жашаган Кызыл-Суу автономиялуу областына Кыргыз Республикасынын Эл артисти Керим Турапов баштаган топтун курамында барып калдым. Кытайда жашаган боордошторубуздун Чыңгыз Айтматовду ушунчалык барктап кадырлашкандарына аябай таң калдым жана аларга ичимден терең ыраазы болдум. Айтматовдун чыгармаларын окубаган кыргыз аякта кем экен. Кызыл-Суулук сексенден өтүп калган Касымбай деген аксакал боордош атабыз көз жашын көлдөтүп:

- Чыңгыздын бутуна сайылган тикенек биздин көзүбүзгө сайылса экен,- деп ага узун өмүр тилээр элек. Шум ажалга айла жок экен, бизди зарлатып-какшатып туруп, Манасыбыздан кийинки бизге аскар-тоо, арка-бел болгон Чыңгыздай кыраан шумкарыбызды колубуздан жулуп кетпедиби?!, - дегенде баарыбыз тегиз көзүбүзгө жаш алганбыз,- деди Бекболот Ибрагимов.

Руханий дүйнөнүн керемети жана касиети да ушунда, туура!

“Бүгүн менен сыйынуу күнүм, бүгүн менин Субанкулду, Касымды, Майсалбекти, Жайнакты, Алиманды эстеген күнүм. Мен аларды өлөр-өлгөнчө унутпаймын.

Кезеги келгенде, Жанболотко түшүндүрүп айтып берем. Эси болсо, түшүнөөр, эси болсо кечирээр бизди... Ал эми башкаларчы, күн астында жашаган бардык адамзатка айтаар сөзүм, айтар кебим бар. Аны кантип айтам, кантип ар бир кишисине жеткирем?

Э-э, асманда жаркыраган күн, жер кыдырып сен айткын!

Ээ, сапар баскан булут, шөшөрлөнө төгүлүп, ар бир тамчың менен сен айткын!

Жер, дүнүйөнүн бардык булуң-бурчунда адам баласын баккан жер, сен, сен, айткын, жан-боордош Жер!

Жок, Толгонай, сен айткын. Сен – Адамсың. Сен баарыбыздан бийик, баарыбыздын улуу жаралган жансың, сен айткын, сен – Адамсың!..

* * *

- Кеттиңби, Толгонай.

- Кеттим. Кош, аман бол. Өлбөсөм, дагы келермин.

Ч. Айтматов. “Саманчынын жолу” повестинен.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад шаарынын тургуну

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG