Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Кыргыз адабияты Чыңгызга муктаж


Чыңгыз Айтматов/
Чыңгыз Айтматов/

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынан тарта ааламды дүңгүрөтө баштагандан тартып, эл ичинде жаңы төрөлгөн бөбөктөргө Чыңгыз деген ат коюу өнөкөткө айланды.

Ал тургай, анын “Жамийла” повестине француз окумуштуусу Луи Арагон: “Сүйүү тууралуу эң мыкты чыгарма” деп баа берген соң, Чыңгыздын китептери дарбазаны жарып өткөн ташкын суудай кыргыз, орус жана чет тилдерде укмуштуудай тездик менен миллиондогон нускада жарыялана баштаган.

Залкар жазуучунун көркөм китептериндеги башкы каармандардын ысымдары да жарык дүйнөгө көзүн ачкан ымыркайларга жапырт берилгенге өттү. Гений жазуучунун аты менен чыгармаларындагы Дүйшөн, Алтынай, Жамийла, Данияр, Ильяс, Асел, Султанмурат, Мырзайым... жана башка кейипкерлеринин аты коюлган адамдар азыр өлкөбүздө эсепсиз экендигин эч ким танбас. Чыңгыздын ысымы менен аталган балдар биздин үйдө да, айыл-кыштактарыбызда да бар.

Адабиятчы жана окумуштуу Луи Арагон.
Адабиятчы жана окумуштуу Луи Арагон.

Биздин эсибизде дүйнөлүк маданий коомчулук тен берип, чыгармалары чет элдик жүздөгөн тилдерге которулуп, театр менен кинодон түшпөгөн улуу жазуучунун күтүүсүздөн көзү өткөн убагы, көркөм китептериндей эле унутулгус болуп калды.

Автор мындан он жыл мурун, 2008-жылы 10-июнда республикалык коомдук телеберүү корпорациясынын кезектеги телекөрсөтүүсүн ача коюп, кыргыздын бактысына жаралган Чыңгыз Айтматовдун Татарстанда катуу оорудан кийин Германияга жеткирилип, бирок ал жерден да айыга албай, жүрөгү токтогонун угуп, шалдайды. (Автор Бишкектен түнү менен таксиде жүрүп, таң шоокум салганда Ноокендеги үйүнө жетип келген болчу. Жол бою жарытылуу кирпик деле ирмеген эмес).

Көз жашы өзүнөн - өзү жамгырдай куюлуп, токтоно албады. Кесепеттүү оорунун айынан Чыңгыз агайды жоготуп алганыбыз тууралуу теледе кошок кошуп аткан төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин муңдуу үнү сай-сөөктү сыздатып, ого бетер жашытты.

“Кантип аман алып калса болот эле?” - деп, түпсүз ойго чөмүлүп, арга издедик. Алманиядагы кыйын дарыгерлердин күчү кантип эле Чыңгыз агайдын бөйрөгүн дарылап, сакайтууга шайы жетпей калды экен?.. Сүймөнкул Чокморовду да “эки бөйрөгүнө катуу суук тийип, көз жумду” - деп айтышкан. Эмне үчүн биздин залкарларыбыздын бөйрөк-өпкөлөрү кагына берет? Чыңгыз агай кур дегенде кавказдык жөнөкөй эле кишилер 150-180 жыл өмүр сүргөндөй эки жүз жыл аман турса жарашат эле го!.. Жетимиш тогуз жашында... Эмне деген кыска өмүр?...Куру дегенде Нобель сыйлыгы менен сыйланып калса болбойт беле?.. Эми кантебиз, андай үлкөн талант качан жаралат?... Кантип Чыңгыздайды табабыз?..."

Мына, андан бери он жыл өттү, дүйнөгө кыргызды дүңк дедире тааныткан Чыңгыздай орошон таланттуу жазуучу, акын-драматург же кинорежиссер, калемгер жарала элек.

Үйдөгүлөрдүн алдына койгон тамагы да өтпөдү...

Өзүнө тарткан каармандар...

Чыңгыз Айтматовдун бүткүл китептери биздин көз алдыбызга тартылды: Алгачкы аңгемелеринен болгон “Гезитчи Дзюйо” чыгармасынын баш каарманы – ак көйнөкчөн, дилдиреген бала буту-бутуна тийбей, шаар көчөлөрүндө гезит сатуу максаты менен дикилдеп чуркап жүрөт...

“Биринчи мугалим” повестинде жарандык согуштан кайтып келген Дүйшөн таалим-тарбия берем деп, айыл балдарын көк кашка суудан жонуна көтөрүп өтүп, мектепке жетелеп баратат... “Жамийла” повестинде буудайлуу казак талаасын көздөй бет алган Жамийла менен Даниярды ээрчип, бирок, аларга жетпей калып, балалык сүйүүсүнөн айрылган Сейит ооналактап, жер тепкилеп ыйлап атат...

“Саманчынын жолу” чыгармасында согушка кеткен күйөөсү менен бүтүндөй үч уулунан, жаңы көз жарган келини Алимандан айрылган Толгонай, ымыркай небересин көкүрөгүнө кысып, уулу Масалбектин тумагын жыттап атат... “Кызыл жоолук жалжалым” повестинде бузулган машинасын түбүндө жатып, оңдоп аткан Ильяс анын жанына токтогон Аселди өң-бешенесине жүз бакпай туруп,тамаша чегип, таанышкан чагы...

“Гүлсарат” чыгармасында улгая баштаган Танабай менен араба сүйрөгөн картаң Күлсары... “Ак кеме” повестинде атасын күткөн бала, ал баланын таятасы Момун карыя, бала жытын эңсеген тайэжеси Бекей менен кызыл камчы жездеси Орозкул...” Бул баланын эки жомогу боло турган. Бири-жан билбеген өз жомогу, экинчисин таятасынан уккан. Акырында эки жомогунун бири да калбады. Кеп оролу ушунда...” деп башталат “Ак кеме”...

"Кыргызды кыргындан сактап калам” - деп, бала бөлөнгөн бешикти мүйүзүнө илип алып, артынан түшкөн куугунчуларга жеткирбей, бөбөктү (а балким, кыргыздыдыр) Ала-Тоого аман-эсен жеткирген Бугу эне...

“Кылымдан да узакка созулган күн” романынан башына шири капталган маңкурт Жоломан аны Акмая төөсүн минип келип, издеген Найман энени жебе менен жүрөгүнө атып салганы, “Акмаянын өркөчүнөн жылбышып кулап бараткан Найман эненин башынан түшкөн ак жоолук жерге жетпей, ак чалгын куш болуп, кайкып учкансыды. Адам уулун ак чалгын куш жандай учту да, акыр кыяматтын кулак тундурган күр-шарында чырылдап, адамча сүйлөп учту:

-Кимдин уулусуң? Атың ким? Атыңды эсте! Сенин атаң Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай...”

“Бетме-бет” повестин эстесеңиз, жесир калган Тотойдун уюн уурдап, союп алган Ысмайыл аялынын артынан келе жаткан солдаттардан коргонгону уулун көтөргөн зайыбы Сейденин этегине жашынды...

"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” чыгармасында небереси Кирискти да балык уулаганга алып чыгып, кайыктын тумшук башында чылымын бурулдатып олтурчу чоң атасы Орган, кийин чаңкагандан акылы айныган агасы Мылгун, андан кийин атасы Эмраин балага көрүнбөй, туздуу сууга чумкуп кетишти. Алар кайык түбүндө калган чөйчөктөгү суу баарына жетпей турганын алдын-ала сезишип: “Таза суу менден башкаларына жетсин, ошолор тирүү калсын” - деген ниет менен деңизге боюн урушту. Тамчы суу эстен танып, кайра эсине бир келген Кирисктин өмүрүн узартты. Ал жел туш келди айдаган кайыкта чалкасынан түшүп, деңиздин үстүнөн учуп өткөн Агүкүктү көрдү. Демек, жер жакын... Болбосо, Агүкүк төбөсү ачык көк асман бетинен учуп өтмөк эмес...

...Иши кылып Чыңгыз Айтматовдун түгөл чыгармаларынын каармандары тирүү сүрөт сымал көзгө тартылды.

Залкар жазуучуну Чыңгыз аттуулар тартса, ээ?...

Маңдайынан кош бойлуу келини өтүп баратканда ичинен сүйлөндү: “Чыңгыз тирүү!.. Ал жакында кайра төрөлөт. Жаңы төрөлөөр небереме Чыңгыз деп ат коём”. Кыялына ушул ой келгенде сүйүнүп, күлүмсүрөп да алды.

Чыңгыз Айтматов көз жумгандан бир жарым ай өткөндөн кийин экинчи уулунун зайыбы көз жарып, уул көрүндү. Ага Чыңгыздын атын койду. Быйыл жазда бешинчи класска көчкөн небереси өзүнүн атынын маани-маңызын кыйла билип калган. Анткени, оюнга маш бала алгач ысымын эмне үчүн Чыңгыз Айтматовдун атына койгонун сураганда, “Кыямат” романындагы Найман эненин кебине окшотуп:

-Сенин атың – Чыңгыз... Дүйнөдө эки Чыңгыз жашап өттү. Бири ааламды кылычы менен багындырган. Экинчиси дүйнөнү калеми менен таң калтырды. Сен экинчи Чыңгызды тарт, уулум! – деп, бооруна тартты.

-Чоң ата, Чыңгыз деген сөз эмнени түшүндүрөт? Куйкум чач небереси ушинтип собол таштады.

-Ал “асмандан түшкөн киши” дегенди туюндурат. Сенин атың улуу эки адамдын ысымынан жаралган. Сени дал ошол адамдардай улуу инсан болсун деген тилек менен Чыңгыз Айтматов көз жумганда атыңды Чыңгыз деп койгом.

Ал эми автордун небересинен бир нече жаш улуу курактагы Чыңгыз 1980-жылы Базар-Коргон районундагы Аук айылында төрөлгөн. Ага жазуучунун атын чоң энеси “неберем Чыңгыздай таланттуу, Чыңгыздай кыргызды дүйнөгө тааныткан улуу адам болсун!” - деген тилек менен ат койгондугун отуз сегиз жашка чыккан азыркы ишкер Чыңгыздын өз оозунан уктук.

“Чыңгыз Айтматовду неберемдин оозуна түкүртүп алам” деген тилегине жетпей калган экен чоң энеси. Улуу жазуучу СССРдин Жогорку Советине депутат болуп, мурдагы Ленин районундагы шайлоочулары менен жолугушканы “Ленин жолу” колхозуна келгенде, азыр “кийин мен да китеп жазам” - деген асыл тилек менен жүргөн Ауктук Чыңгыздын чоң энеси ооруп калып, жолугушууга барбай калган экен. Бул Чыңгыз китепти колунан түшүрбөй окуган ишкер.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ, журналист, Жалал-Абад шаары.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG