Жогорку Кеңеште милиция менен министрдин маселеси көтөрүлдү
22-майда Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинаны мамлекет катары тааный турганын жарыялады. Бул чечимди Израил дароо сындаса, газалыктар кубатташты. Кыргызстан Палестинаны 1995-жылы мамлекет катары тааныган. 18-майга караган түнкү Бишкектеги башаламандыктан кийин кыргыз милициясынын дарегине сын күчөдү. Жогорку Кеңеште ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлдү. Сузак районунда Кара-Дарыя нугунан ашып, 100 гектардан ашык жерди суу каптады. Суу тосмону жарып, үлүш жерлерди каптады. Жергиликтүү бийлик тез арада дамбаны куруп бүтүү зарылдыгын эскертти. Парижде өтчү Олимп оюндарынын шамы Канн кинофестивалына жетти.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 29, 2025Кыргыз-тажик чек арасы: Алмашылган айылдардагы мүлктү тактоо аяктады
-
Декабрь 26, 2025Тажик-ооган чек арасында куралдуу кол салуу болду
-
Декабрь 24, 20252026-жылдын бюджети: Мектеп, бала бакча, жол салынат
-
Декабрь 23, 2025АКШ: Өз ыктыяры менен кеткен мигранттарга 3000 доллар берилет
-
Декабрь 22, 2025Германия: Тажик оппозициясы акция өткөрдү
-
Декабрь 19, 2025АКШ Green card лотереясын убактылуу токтотот