“Камчыбектин иши”. Курманжан датканын уулдары кабылган куугунтук
Белгилүү тарыхый инсандар Алымбек датка менен Курманжан датка тууралуу ондогон эмгек жазылып, кыргыз акын-жазуучулары роман, поэмаларды арнашкан. Документалдуу жана көркөм тасмалар да тартылды. Орусиянын оторчулук доорунда, совет мезгилинде алардын балдары, неберелерине кандай мамиле болду? Дарга асылган Камчыбек Алымбек уулунун иши боюнча архивде эмне материалдар бар? "Куугунтук курмандыктары" подкастында 1930-жылдардын орто чениндеги сталиндик репрессияда атууга кеткен неберелеринин таржымалын тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов менен талкуулайбыз.
Чыгарылыштар
-
Август 15, 2026Анварбек Мокеев: Бурмаланган тарых көп жазылууда
-
Июль 10, 2026“Архивди казып, көп чындыкты көрдүм”
-
Февраль 24, 2026“Сыдыкбеков менен Усубалиев тил маселесинен тирешкен”
-
Декабрь 24, 2025КГБ архиви: сурак кагаздарындагы кандын тагы
-
Декабрь 10, 2025"90-жылдар эл толкуп көтөрүлгөн доор болду"