Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Мени кечирчи, айылым!


Аким Кожоев.
Аким Кожоев.

Мен сени сагындым, айылым. Сени тоо-ташыңды, сууңду, арча-кайыңыңды сагындым. Сенин абаңды, гүлдөрүңдү, ызгаар аязыңды, таштак жолдоруңду сагындым.

Сени актык демим калганча унута албай турганымды, сени унутканым өзүмдү унутканга, сенин топурагыңды жазданып түбөлүк уктап жаткан ата-энемди, инимди, Кудайды (Достоевский: «Мекенди унутканың - Кудайды унутканың») унутканга барабар экендигин улам барган сайын айныксыз түшүнүп жатам. Мурда, бала чакта өзүңдөн бир аз күнгө алыска кетсем өзүңдү эңсеп, өзүңдү самап, өзүңө тезирээк жетүүгө шашып, дегдеп турар элем. Ааламда мен үчүн сенден кымбат, сенден асыл, сенден жакын эч нерсе жоктой, дүйнөнүн бар кубанычы, бар жакшылыгы сени менен гана байланышкандай, сенсиз эч нерсенин маани-маңызы болбочудай, жашоонун өзү да бир гана сага байлангандай, сенсиз уланбачудай туюла берчү. Балким ошондо кайсы бир күнү сени таштап кетерим, сени менен түбөлүккө кош айтышарым түшүмө да кирген эместир.

Сенин жазың да, жайың да, күзүң да, кышың да башкача эле. Мен айрыкча жаздын келишин чоң майрамдай күтчүмүн. Кар кетип-кете элек ала шалбыртта жерди жарып көк чыгып, ага удаа байчечекейлердин баш бакканы укмуш болчу! Андай кооз, үлбүрөгөн назик, татынакай гүлдөрдү өмүрүмдө эми мүмкүн башка көрбөстүрмүн. Биз сыяктуу эле алардын да жаны бардай, алар да туюм-сезимге ээдей, мен алардын бирин да үзүүгө колум барбай, көпкө чейин тек суктанып карап турар элем. Кийинчерээк, бир аз чоңоюп калганымда, байчечекейлерди бой тарта баштаган кыздарга салыштырчумун. Алардын сулуулугуна бир тең келсе, суйкайган кыздар гана тең келер эле!

Жерден тап көтөрүлүп, бүт баарына жан кирип, айлана-теребелге жаздын жагымдуу желаргысы тарап, деги койчу, сенин жазың өзүнчө бир жомок, өзүнчө бир табышмактуу дүйнө эле го, чиркин. Мага оор уйкудан ойгонгон табият күн сайын эмес, саат сайын өзгөрүп жаткандай, саат сайын жаңырып, жаңыланып жаткандай туюлчу. Бир заматта баарын кулпуртуп жиберген бул кандай зор кудурет-күч, кандай касиет экендигине акылым жетпей, таң кала берчүмүн. Анан көп өтпөй баягы бозоруп жаткан талаа-түз, кокту-колоттор көк-жашыл килем жамынып, булбулга тил бүтүп, келгин куштардын түрдүү авазы угулуп, баары тирүүлүктү алкап жаткандай, баары тирүүлүккө тооп кылып жаткандай элес калтырчу.

Жарандык согушка чейин биздин үйдөн бир аз эле төмөнүрөөк, там аркабызды курчай долоно, чырканак, караган, шилби, бөрү карагат сыяктуу бадалдар өсүп турар эле. Алардын арасында бир нече түп арча да бой керип турчу. Тилекке каршы, анча-мынча арчалар эле сакталып калбаса, каатчылык жылдары алардын дээрлик баары отун үчүн кыйылып кетти.

Жаз баралына келип, көркүнө көрк кошулуп, ажары толуп-ташып турганда дал ошол шилби, караган, долонолор удаама-удаа ак, сары, кызгылт гүл ачып, карасаң карап көз тойбогон керемет көрүнүшкө айланар эле. Түркүн-түмөн канаттуулардын кубулжута үн созгону, булбулдун таң атканча тынбай безегени, кең сайда күр-шар агып жаткан дайранын шоокуму – ушунун баары бири-бирине шайкешип, баары бири-бирине дал келип, бир бүтүндүктү түзгөндөй, тирүүлүк деген улуу көчтүн бүтпөс гимниндей, түбөлүктүү симфониясындай таасир калтырчу.

Депшаар айылы.
Депшаар айылы.

Жайлоо дегендин өзү жандын жыргалы го, билген адамга! Атам раматылык өмүрүнүн дээрлик тең жарымын кой артында жүрүп өткөргөндүктөн менин күнүм да кол арага жарагандан тартып жайлоодо, тоо-таштын арасында өттү. Ачыгын айтканда мен бала чагымда адамдарды эмес, табиятты эрте «таанып», аны менен сырдаш, ынак болуп өстүм. Ошондуктан мен азыр да өзүмдү адамдардын арасында жүргөнгө караганда табият койнунда эркин сезем. Азыр да жанымдын жарымы тоолордо калгандай же менин кан-жаным тоо-таштан жаралгандай тоолорду, жайлоону сагына берем.

Бул ааламга жаралардын алдында,

Ак куш болуп бүт дүйнөнү кезгенмин.

Эчен шаар, калааларды кыдырып,

Мен турмушка тоолук болуп келгенмин.

Мен өлгөндө жаным кетип, а денем

Ташка айланат миң жылдарга сакталган.

Жылдар өтүп, мен өзүмдү көрүүгө,

Тоого келем, тирүүлүктө жетпес алыс жактардан.

Бул ыр бир канча жыл илгери, Шибердин чер токойлорунда аскерде кызмат өтөп жүргөндө жазылган болчу.

Мен өмүрдө көп эле адамдар менен сүйлөшкөндөй болдум. Жакшы-жаман көп эле окуяларга кез келдим, көп таасирлерди алдым. Бирок алардын басымдуу бөлүгү бат эле унутулду. А эгер кимдир-бирөө мени түн уйкумдан ойготуп, биздин жайлоо тууралуу сурап калса, анын кайсы жерде кандай аскасы, кандай ташы, арча-четини, ой-кыры же булагы бар экендигин жаңылбай айтып бере алам. Арадан отуз-кырк жылдан ашуун мезгил өткөнүнө карабай биздин жайлоонун айлуу түндөрүн, жылдызга толгон кечтерин кудум кечээ күнү көргөнүмдөй сүрөттөп бере алам. Анан менде кандайдыр бир жакшы касиет-сапат бар болсо (Максим Горькийдин сөзүн өзгөртүп айтканда), мен ошонун баарын алгач, айылым, сенин жайлоолоруңдан, тоо-ташыңдан, сууларыңдан алдым. Менин рухий бешигим, уңгу-уюткум, түпкү тамырым, өзөгүм өзүң болдуң, айылым.

Менин өмүрдөгү эң бактылуу күндөрүм, эми эч качан кайталангыс алтын балалыгым өзүңдө калды, айылым.

Жерге-Тал.
Жерге-Тал.

Кийин мунун баарын өлүм күбүдү, кийин мунун баарын эч кимдин оюна келбеген апаат согуш күбүдү. Согуштун айынан тынч жаткан Жерге-Талдын эли тээ кадимтен бери ата-бабалары байырлап келген турагын таштап, туш-тарапка чилдей тарады. Ошол согуштун апааты түздөн-түз Жерге-Талды каптабаса да, эпкини тийди, бөлөктөрдөй эле биздин элди да чоң сыноого тушуктурду. Курман болгондор болду, ачарчылык, жокчулук ар бир үй-бүлөнү колу-буттан алды. Өзү өлбөстүн күнүн көрүп жаткан Жерге-Талдын эли миңдеген качкын-бозгундарды тосуп алып бакты. Ошондогу элдин пейили, адамкерчилиги, сабырдуулугу, топуктуулугу мени азыр да болсо таң калтырат. Балким андай кишилер эми жоктур, болсо да аз калгандыр. Үйүндөгү жарты нанды мусапыр (же кошунасы) менен тең бөлүшүп жеген аталарыбыздын андай адамкерчилиги, айкөлдүгү кийинки урпактар үчүн акылга сыйбаган жоруктай эле көрүнсө керек.

Биздин айыл Депшаарда ошол жылдары «Нооруз» деп аталган турфирманын туристтерди климатка ыңгайлаштыра турган атайын турак-жайы бар эле. Согуш оожалганда фирманын иши үзгүлтүккө учурап, анда-санда гана тик учак каттап турчу. Бир канча мезгилге чейин борбор менен районду байланыштыруучу жалгыз каражат (ошол кезде Дүйшөмбүгө барчу жолдорду согушчандар ээлеп алган) ошол болду. Райондун башчылары эле эмес, баш калаага барчулар же башка жакка кетчүлөр да бизден жөнөп кетчү. Ата мекендик согуштагы Ладога көлү сымал ал жылдары биздин айыл да «өмүр жолу» катары кызмат кылгандыгы чындык.

Бир күнү атам күтпөгөн жерден бир топ чоочун тажик кишилерди ээрчитип келди. «Бечаралар Тавилдарадан жөө-жалаңдап келишиптир, конорго үйлөрү жок экен, тик учак келгенче биздикинде туруп турушсун, сооп болот», - деди ал бизди суроолуу карап. Бир-эки эркеги эле болбосо, дээрлик баары аялдар, тагыраагы, көбү балакатка жетип-жете элек кыздар. Арасында жаш чүрпөлөрү да жүрөт. Биз баарыбыз таң кала карап калдык. Таң калганыбыздын да жөнү бар болчу: үйдө жарым каптай унубуз калган, өзүбүз өп-чап жашап жатсак, буларды кантип тоюндурабыз да, кантип багабыз? Бышыкчылыкка жетерге аз эле калган, бирок күн кандай болот? Кокус жаан жаап туруп алса, буудай оро турган маал создугуп кетпейби? Ал жагы да ойлондурат.

Тавилдарага чейин жөө жүргөн кишиге беш-алты күндүк жол, ал эми булардын бир гана көлүгү бар экен. Арып-азган өңдөрүнөн абдан кыйналып жетишкени көрүнүп турду. Анын үстүнө ошол күндөрү Тавилдарада эки жаат тынбай тирешип, бул аймак чыныгы майданга айланган эле. Байкуштар баарынан тажап, согуштан, ачарчылыктан, зордук-зомбулуктан качып келгени айтпаса да түшүнүктүү болчу. Ошентип, 13 кишиге башпаанек берип, туура 15 күн бактык. Апамдын супарасы такыр куруп каларда Кудай жалгап, буудай орок башталды.

Кээде ошол алаамат күндөр эске түшкөндө раматылык атамдын таптакыр бейтааныш кишилерге кылган жакшылыгы катуу ойго салат. Соопчулугун айтпаганда да анын мындай кадамы ошол наристелердин дилинде адамгерчиликтин үрөнүп сепкендир. Ырайымсыз согуштун кесепетинен жоголгон алардын адамга болгон ишенимин кайра жараткандыр.

Райондун борборуна жакын, төмөнкү айылдарда айлап-жылдап качкын баккан үй-бүлөлөр болду. Алардын арасынан кийин достошуп, туугандашып, эмгиче катташып тургандары да бар.

Мен сени сагындым, айылым. Атам, атамдын атасы, чоң атамдын чоң атасы… жетимиш жети атам сенин ысыгыңа күйүп, суугуңа тоңуп, турмуштун жыргалын да, кууралын да сени менен тең бөлүшүп, не бир азаптуу оор күндөрдө да сени таштап кетпей, сенден кол үзбөй жашап келди эле. Алардын башына не бир мүшкүл күндөр түшкөнүн, канча жолу чабылып-чачылганын, таланып-тонолгонун укканым бар. Баскынчыларга каршы күрөштө нечен эр-азаматтар курман болгонун укканым бар. Бирок күнү-түнү ажал акмалап турганда да, жылы бою ачкачылык желкелеп турганда да алар ата конушунан баш тарткан эмес эле, ата журтун калтырып кеткен эмес эле. Биз анте албадык. Биз сага кыянаттык кылдык, айылым. Аталарыбыздын керек кезде өмүрүн сайып сактап келген таберигин, улуу мурасын, улуу наркын сактай албадык. Бизди кечирчи, мени кечирчи, айылым!

Аким Кожоев

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG