Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Өздү өгөйлөгөндөр же кыргыз болуу кыйындыгы


Борбордук аянттагы Манастын эстелиги жана Кыргыз туусу. Бишкек, 4-март, 2013.
Борбордук аянттагы Манастын эстелиги жана Кыргыз туусу. Бишкек, 4-март, 2013.

Жакында Чүйдүн Чалдыбар айылында Тажикстандан көчүп келген кыргыздарды опузалап, айрымдарынын терезесин сындырган окуя мени катуу ойго салды. Тилекке каршы, жалпы элдин, улуттун бүтүндүгүнө, биримдигине доо кетире турган мындай чыр-чатактар кийинки жылдары көп кайталана турган болду. Бир караганда баары эси жок балдардын тирешүүсүндөй арзыбаган шылтоодон, күнүмдүк (турмуштук) талаш-тартыштан келип чыккан сыяктанат. Бирок жакшылап көз салган киши мындай осол көрүнүштүн түпкү тамыры кыйла тереңде экендигин байкайт. Мунун баары социалдык ажырымдан эле пайда болгон эмес (чындыгында бул жагдайды да көңүлдөн чыгарбаш керек), бул оңой-олтоң эле жөнгө салууга болбой турган, кылдат изилдөөнү талап кылган өтө талуу маселе.

Күнөөбү же шорбу?

Бир атадан тарагандыгына карабай, бүгүн чет жактан кайрылып келген кыргыздардын «тажик» аталып, жергиликтүү тургундар менен жакшы жуурулушуп кете албай жатышынын негизги себеби маданий жагдайга байланышкан. Тарыхый шарт-жагдайга байланыштуу тажикстандык кыргыздар эзелки Мекенинен 1000 чакырым обочо калып, жүздөгөн жылдар бою түпкү тамырынан, тилдик, маданий-руханий булактан ажырап, бөтөн калк менен аралашып, тилин үйрөнгөндүгү, т.а. кыйла «тажиктешип» кеткендиги талашсыз чындык. («Манаста» «казак кайың сааганда, кыргыз Ысар көчкөндө» деп айтылгандай, Тажикстандын Гисарына, андан ары Кара-Тегинине кыргыздар XII кылымда эле барган деген маалыматтар бар). Бул эми алардын күнөөсү эмес, шору, трагедиясы.

Сары-Өзөндөгү кыргыздар жетимиш жылдык орусташтыруу саясатынын айынан орусча сүйлөп, орусча ойлонуп калгандай эле, Тажикстандагы боордошторубуз да тажик айылдарына канчалык жакын тургандыгына жараша ал элдин үрп-адаттарын, тилин өздөштүргөн. (Кызыгы, Жерге-Талда кыргызчаны суудай билип алган тажиктер да, айылы алыс болгондуктан, тажикчеге тили келбей калган кыргыздар да көп). Демек, бир кезде чогуу-чараан жашап, башаты бир болгон элдин бүгүн минтип бири-бирин өгөйлөп, тамырлаша албай жатканынын түпкү себеби ушунда катылган.

Бөрү болсоң да чөө болбо

Адамдын адам катары калыптанышына ал жашап жаткан чөйрө менен коом, аны курчап турган табият, а түгүл ичкен суусу жана жуткан абасы да таасир этеби дейм. Муну тегин жерден айтып жатканым жок. Өмүр бою Кыргызстанда, кыргыздардын арасында жашап келген бир орус аял союз тарагандан кийин Орусияга, тарыхый мекенине көчүп барат. Бирок тез эле кайра Кыргызстанга кайтып келет.

- Урдум ошол Россиясын! Боорукердиги, адамгерчилиги жок, аракты өкүртө ичип, балит сөздөрсүз сүйлөй албай калыптыр алар! Бизди «кыргыздар» деп өздөрүнө жакын жуутпагандыгын кантесиң анан! – деп туталанат ал аял.

Ырас, Кыргызстанда жашап жаткан орустардын канчалык деңгээлде «кыргыздашып» кеткендиги бизге же өздөрүнө билинбегени менен, тарыхый мекенине, Орусияга барышканда дароо көзгө уруна калат экен. Менимче, биздин арабызда күн кечирип жаткан башка элдердин аздыр-көптүр кыргызча жашап, кыргыздыкындай пейил күтүп калышына биздин элдин кичипейилдиги жана мүнөзүнүн жумшактыгы эле эмес, табиятыбыздын кооздугу менен климаттын жагымдуулугу да таасир эткен болушу керек.

Дагы бир мисал. Биринчи курста кытайлык Аскар деген бир кыргыз жигит биз менен алты ай чогуу окуп калды. Кыргызча чалып сүйлөгөнү эле болбосо, анын баскан-турганы, кыймыл-аракети, бой турпаты кудум кытайлардыкындай эле. Ал колдорун кытайларга окшош жаңсап сүйлөгөндө, мен таң кала берчүмүн. Мен убакытты өзгөчө баалап, бир мүнөттү да сая кетирбей пайдаланып калууга далалаттанган Аскардай кишини учурата элекмин. Ал дүкөнгө кезекке турганда да (90-жылдары дүкөндөр аз болгондуктан кээде кезек болуп калчу) сөздүк жаттачу же дептерине жазылгандарды бышыктачу. Көрсө, базар экономикасынын мыйзамы менен жашаган өлкөлөрдө убакыт эң кымбат байлык экендигин ал кезде cоюздун «жылуу-жумшак төшөгүнөн» жаңы эле чыккан биз али аңдай элек экенбиз.

Эң кызыгы, Аскардын ашкере кыйкымчылдыгы менен өзүмчүлдүгү эле. Жатаканада чогуу жашаган бир жарым-эки айдын ичинде анын биз менен чогуу тамак ичкени (беш жигит жашачубуз) эсимде жок. Үйдөн көпкө чейин акча келбегендиктен, канча күн наар тартпай калганбыз. Ошондо бир күнү Аскардын туугандарынан келген бир кап картошкасынан өзбекстандык кыргыз балдар менен бирге сууга кайнатып жемекчи болдук. Картошканы эми эле табакка салганыбызда, дем алыш күнү туугандарыныкына жөнөп чыккан Аскар күтүүсүздөн кирип келип: «Бирөөнүн нерсесине эмне үчүн тийесиңер!» - деп катуу чыр чыгарып, картошкасын тартып алган болчу.

Мен ошондо дүйнөдө ушунчалык да мерез адам болот экен деп жакамды карманганмын. Ырасын айтсам, мен Аскардан кыргызга таандык бир дагы сапатты көрө алганым жок. Андай кишилер кайдан чыгат деп баш катырчу элем. Көрсө, ал таптакыр башка социалдык чөйрөнүн, башка коомдун туундусу экен. Аскар бүгүн бизде оожалып жаткан бөрү замандын бөлтүрүгү болгондугун ал кезде түшүнбөптүрмүн. (Алар Кытайдагы бир шаардын чок ортосунда жашайт экен. Атасы банкта иштээрин да кийин билдик). Тилекке каршы, бүгүн бизде деле Аскар сыяктуулар көбөйдү.

Ал эми жергеталдыктардын мүнөзүнүн калыптанышына да бийик тоо арасындагы салыштырмалуу катаал шарт, жашоо үчүн болгон тынымсыз күрөш таасир эткендиги шексиз. Тытынып иштеп, тез эле тыңып алгандыгынын себеби да ушул. Телегейи тегиз улут, эл, адам болбогондой эле, менин жердештеримдин да кемчиликтери бар. Анын үстүнө, кой аксагы менен миң дегендей, эл ичинде эси жок эселектери, намысы жоктору да кезигет. Бирок Жерге-Талга сырттан баргандар элибиздин өзгөчө меймандостугуна ыраазы болору анык. Үйүнө мейли орусу келеби, мейли немиси келеби, таанышпы-бейтаанышпы, төрүнө өткөрүп, колунда бар тамагын берип меймандайт. Келген адам үйүндө бир ай, же бир жыл жашаса да берген чайы же жаткырган жайы үчүн акча өндүрүп алуу оюна да келбейт. «Үйүнө уулуу жылан кирсе дагы, сүт берип, айран берип чыгарышат», - деп залкар акын Байдылда Сарногоев мүнөздөмө берген тээ түпкү ата-бабалардан калган чыныгы кыргыздык бул асыл салт тажикстандык кыргыздарда алиге чейин толук сакталган.

«Тежик» десе эле теригип калыш керекпи?

Чалдыбардагы соңку чырга жергеталдык бир келин менен жергиликтүү кыздын ортосундагы жаңжал түрткү болгондугун уктум. Ачууга алдырган жергеталдык келин өзүн кармана албай, өспүрүм кыздын жаагына чаап ийиптир. Эптеп эле шылтоо таппай турган айрым эл бузарлар түнүчүндө 80ге чукул киши чогулуп, чалдыбарлыктарды Тажикстандан көчүп келгендерге каршы тукурган экен. Алардын үйлөрүнө барып: «Силер, тажиктер, кутуруп кеттиңер – үйлөрүңөрдү бир четинен өрттөйбүз, милийсага арыздана турган болсоңор оңбойсуңар!» - деп катуу опузалап, айрымдарынын терезесин чакканга чейин барышыптыр. Бул, албетте, адамгерчиликке дагы, мыйзамга дагы, ыйманга дагы жатпай турган өтө жаман жорук. Мындай чыр-чатактардан алдын-албаса, арты жакшылыкка алып келбейт.

Ал эми тажикстандыктардын «кутуруп» кеткендигинин төркүнү башкада экен. «Силер көчүп келгениңерде жегенге наныңар, кийгенге кийимиңер жок эле, эми машинеден машине тандап минесиңер, үйдөн-үй тандап аласыңар. Силерди кайра мурдагы абалыңарга салып коюш керек!» - деп ызырынат экен айрымдар. Кандай гана наадандык! Тажикстандыктарга машинени, үйдү же башка мал-мүлктү бирөө бекерге берип койгон жок да, алар бул нерселерге күнү-түнү тынбаган эмгек менен мээнеттин артынан жетишип жатат. Албетте, көрө албастык кылган адам өзү жеткен жалкоо же аракеч болушу мүмкүн. Ал эми маңдай тер аркылуу табылган байлык менен дөөлөттүн түйшүгү кандай оор болорун түшүнгөндөр муну айтууга оозу барбайт.

Аристотель: «Платон менин досум, бирок чындык мага жакыныраак», - деген экен. Өзүм жергеталдык болсом да, жердештеримдин айрым кемчиликтерин айтпасам, калыстыктан тайган болом. Эгер айрым бирөөлөр бизди «тажик» деп атаса эле биз тажик болуп кетпейбиз, буга эч кандай теригүүнүн кереги жок! (Анан тажиктер жаман эл эмес, дүйнөгө улуу инсандарды берген улут.) Тескерисинче, ошондой деп атоо менен ал киши өзүнүн маданиятсыздыгын гана эмес, деңгээлинин төмөндүгүн, б.а. кыргыз улутунун толук кандуу өкүлү болууга өсүп жетиле электигин көрсөтөт.

Бизди «тажик» деп жериген наадан киши оштуктарды дагы бир нерсе дейт, ал эми түштүк тараптагы алөпкөлөр түндүктөгүлөрдү «аркалыктар» дейт, же башкача атайт. Бул алардын кемпайлыгы, инсандык өксүгү. Ошондойлорго эрегишем деп биздин айрым намысы жок акмактар жергиликтүү туугандарды «кыргыздар» дейт экен. Жалкоолонгон балдарын «кыргыз болуп каласың» деп жемелеген дуңгандарды туураганыбы? Бир нерсени айтардан мурда кичине башты иштетип анан сүйлөш керек го! «Ойлобой сүйлөсөң – онтобой өлөсүң» дегендей, балким чыр-чатактарга ошол «кумалактар» себеп болуп жаткандыр.

Жалпы тажикстандык кыргыздарды жаманатты кылып жаткандарга кандай жаза берилсе да мен каршы эмесмин – чыныгы улуту, түпкү атасы ким экендигин тааныгандай болсун! Бирок эси жоктук кылган кайсы бир эшмат-ташматтын дал өзүн эмес, жалпы элди акаарат кылууга жол бербеш керек.

Тажикстандан келгендердин арасында жыйырма жылдай мезгилден бери эне тилин түзүктөп үйрөнүүгө мойну жар бербей, көпчүлүктүн көзүнө өөн учураган шалбыраган-шөлбүрөгөн кийимдерин таштабагандары бар. Кээ бир кемпайлар коомдук жайларда да жалпыга түшүнүксүз чала кыргызча-чала тажикче бакылдап сүйлөп жүрүшкөнү, албетте, уят. Чүйдүн Васильевка айылындагылардын мындай жоругу тууралуу былтыр «Азаттык» радиосунда айтылган. Көчөдө тажикче музыканы жаңырта коюп алгандар да жок эмес экен. (Мен тажиктин музыкасын жамандап жаткан жерим жок – кээде өзүм деле угам. Бирок коомдук жайларда башкалардын укугун сыйлаш керек да: мен жактырган нерсе баарына эле жага бербейт эмеспи!). Тажикстанды чыныгы мекениңер катары санасаңар, анда эмне үчүн Кыргызстанга көчүп келдиңер?!

Туугандар! Сөздүн түз маанисинде биз кыргыздашуубуз керек. Тилибизди оңдоп (бул «киргиздерге» да тиешелүү), улуттук каада-салттарыбызды сыйлап, «тажик», «кыргыз» деп бөлүнүп-жарылбай, куда-сөөк болуп тамырлашып, бир атанын балдарындай ынтымактуу жашаганга көнүшүбүз шарт. Теги тажиктер болсо (булар саналуу гана) эне тилин билсин, бирок Кыргызстанда жашап жаткандан кийин кыргызча сүйлөгөндү да үйрөнсүн.

Дүйнөлүк контексттен алып караганда кыргыздар болгону бир ууч журтпуз, бири-бирибиздин кодулап чырдаша берсек аз күндө жок болуп кетишибиз турган иш. Бизди ынтымак менен биримдик гана сактап кала тургандыгын унутпайлы. Ырас, кемчиликсиз адам болбойт, бирок Чехов айткандай, ар ким «өмүр бою өзүндөгү кулчулукту бир тамчыдан сыгып чыгарып өтүшү керек». Ошондо гана анын өзүнө дагы, башкаларга дагы оорчулугу тийбейт.

Аким КОЖОЕВ, Бишкек шаары

XS
SM
MD
LG