Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 7-апрель, 2020 Бишкек убактысы 14:30

Шайлоо мыйзамы: добуш сатуунун жазасы


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда шайлоодогу мыйзам бузуу үчүн жазаны күчөткөн документ парламентте карала баштады. Анда баш-аягы төрт кодекске өзгөртүү киргизүү сунуш кылынууда.

Айрым депутаттар жаңы долбоордо олуттуу деле өзгөртүүлөр жок экенин, андагы беренелердин көбү шайлоодо оппозициялык партияларга каршы иштээрин айтып кооптонуп жатышат.

Президент «тезирээк кабыл алыш керек» деп сунуш берген мыйзамда эмнелер камтылган?

Тартип бузуу, Жоруктар жөнүндө кодекстерге, Жазык жана Административдик-процесстик кодекстерге жалпы-жонунан сегиз өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат.

Анын ичинен Жоруктар жөнүндө кодексте административдик ресурсту кыянат пайдалангандарга 30 миңден 60 миң сомго чейин айып салынат. Ушундай эле жосунду мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери жасаса, бир жылдан эки жылга чейин кызматтан четтетилет. Ушул эле кодекс боюнча шайлоодо добушун саткандар айыпка жыгылат.

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

«Эл аралык практикада шайлоочуларга добушун сатканы үчүн жаза каралган. Мисалы, мындай мыйзамдар Германияда, Данияда, Канадада, Австрияда, Швейцарияда жана башка өлкөлөрдө бар. Бирок мыйзамды иштеп чыккан жумушчу топ добушун саткандардын ишин Жазык кодексине киргизбей эле Жоруктар кодексине каттайлы деп чечтик», - деди мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Аида Исмаилова.

Байкоочулар Кыргызстанда 2017-жылы президенттик шайлоодо добуш сатып алуу көп болгонун белгилешкен. Добуш алуунун мындай ыкмасы быйыл парламенттик шайлоодо да кеңири колдонулушу мүмкүн деген кооптонуулар бар. Деген менен добуш сатып алган же саткан деп кимдер бирөө жоопко тартылганы боюнча маалымат жок.

Мыйзамдын авторлорунун сөзүнө караганда, 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо добуш сатып алууга байланыштуу 30 кайрылуу болгон. Анын ичинен он маалымат ырасталган эмес. Алты факт боюнча милиция иш козгоодон баш тарткан. Калганы тараптардын жарашуусу менен аяктаган.

Сунушталып жаткан жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, кайсы бир адам ага добуш сатып алууну сунуштагандар боюнча маалымат берсе өзү жоопкерчиликтен бошотулат.

Ал кантип аныкталарын Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов айтып берди:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

«Ар бир аймактык шайлоо комиссиясына караштуу ыкчам чара көрүү топтору түзүлөт. Анын курамында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, журналисттер болот. Алар добуш сатуу боюнча далилдерди чогултуп тиешелүү органдарга берет».

Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн айда Жогорку Кеңеште жасаган билдирүүсүндө сөз болуп жаткан мыйзам менен «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам маанилүү экенин айтып, парламентке аны тезирээк кабыл алып берүүнү сунуштаган.

Президенттин сөзүнөн кийин мыйзамдын бири тиешелүү комитетте биринчи окууда жактырылса, шайлоодогу мыйзам бузуулар үчүн жазаны күчөткөн экинчи документ Жогорку Кеңеште талкуулана баштады.

Жээнбеков бул мыйзам шайлоодо мыйзамсыз иштерди алдын алып, административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коёрун билдирген.

Депутат Абдывахап Нурбаев жаңы мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ичи чыккан жок.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«Мыйзамда «Шайлоо дарегин алмаштыргандыгы жөнүндө шайлоочунун шайлоо комиссиясына анык эмес маалыматтарды билип туруп берүүсү айып пул салууга алып келет» деп жазылган. Бирок мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги каралган эмес. Шайлоону таза өткөрүүдө мамлекеттик мекемелердин иши маанилүү. Мыйзам болсо көбүнчө оппозицияга колдонулгудай кылып жазылыптыр», - деди Нурбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештеги акыркы билдирүүсүндө бийлик күзүндө өтчү парламенттик шайлоого укуктук жактан толугу менен даяр экенин жана бардык партияларга бирдей шарт түзүлөрүн айтып убада берген.

Депутат Каныбек Иманалиев шайлоону таза өткөрүү боюнча сунуштарын айтты.

«Административдик ресурс деп айтып жатабыз. Биз өзүбүздү өзүбүз алдабайлы. «Кыргызстанда кайсы аким жакшы иштейт?» деп сурасаңыз өкмөт «шайлоодо көп добуш алып берген аким» деп жооп берет. Шайлоодо аз добуш алганы кызматтан кетет. Бийлик өз кишисин акча менен кармабайт да. Эгер маселени түп тамырынан чечебиз десек, аким иш бөлмөсүнөн «бир партияга добуш бер» деп айтса ал шайлоого кийлигишкен деп эсептелип, административдик жазага тартылбай кызматтан кетиши керек. Ушуну киргизе алабызбы? Экинчиден, айып пулду 30 миң сом деп жатабыз. 30 миң сом – бул 10 шайлоочунун акчасы. Эгерде бир эле партия акча берип экинчи жерде кармалса 60 миң, үчүнчү жерде кармалса 90 миң сом болуп айып өсүшү керек. Ошол эле партия акча менен 10 шайлоо бекетинде кармалса, ал шайлоодон чыгарылыш керек».

Шайлоо жакындаган сайын Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдары да тездик менен каралып жатат. Парламентте сөз болуп жаткан эки мыйзамдан башка дагы шайлоо босого пайызын беш, жети пайызга түшүрүү боюнча документтер да сунушталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (41)

XS
SM
MD
LG