Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 29-март, 2020 Бишкек убактысы 09:06

Жээнбеков жети пайыздык босогого ыктады


Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жаткан учур. 20-февраль, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда саясий партиялардын парламентке өтүү босого чеги жети пайыз болушу керек экенин ишарат кылды.

Ал тогуз пайызга саясий күчтөр даяр эмес экенин, ал эми беш, үч пайызды саясатчылар өз кызыкчылыктарына колдонуп кетерин айтты. Муну менен саясий чөйрөдө акыркы кезде эң көп талкууланган темага чекит коюлгандай болду. Деген менен байкоочулар шайлоодогу мындан башка да негизги маселелер чечилбей жатканын эскертишүүдө.

Президент өз позициясын ачыкка чыгарды

Президент Сооронбай Жээнбеков партиялардын Жогорку Кеңешке өтүүчү босого пайызы боюнча пикирин биринчи жолу ачык билдирди. Ал буга чейин ушул маселеде оюн айтуудан карманып келген. Өлкө башчы 20-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, күзүндө өтчү парламенттик шайлоого токтолду:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Азыр тогуз пайыз, жети пайыз, беш, жада калса үч пайыз деген да пикирлер айтылууда. Тогуз пайызды сунуш кылып, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги жүйө - партияларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок буга саясий күчтөр даярбы? Маселе ушунда болуп турат. Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес. Жашырганда эмне, элде «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» деген сөз бар. Бизде ар бир саясатчы өзүн лидер деп эсептейт. Жети пайыз - бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол. Беш жана үч пайызды айткандар, «жаштарга мүмкүнчүлүк берели» деген, элдин кулагына жага турган жүйөлөрдү айтууда. Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат десек жаңылышпайбыз».

Шайлоо босогосуна байланыштуу депутаттык топтор иштеп чыккан мыйзам долбоорлору коомдук талкууда турат. Беш депутат сунуш кылган документте чекти беш пайызга түшүрүү каралган. Ал эми ар кайсы фракциядан топтолгон 21 депутат босого пайызды жети деп белгилөөнү сунуш кылды.

Парламентке өтүү чегин беш пайызга чейин төмөндөтүүнү шарттаган мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев президенттин шайлоо босогосу боюнча сөзүн төмөнкүдөй чечмеледи:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Биз, мисалы, пайызды бешке түшүрүш керек деп сунуш бергенбиз. Башка саясатчылар жети пайыз деп жатышат. Азыр болсо босого чек тогуз пайыз. Бирок кыргызда «Төө сурасаң бээ берет» деп коёт. Мен президенттин сөзүнөн ал жети пайызга макул экенин түшүндүм. Бул саясий, стратегиялык жана парламентаризмди бекемдөө жагынан да туура кадам».

Буга чейин жарандык коом, «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ак Шумкар», «Улуттар биримдиги» партияларынын өкүлдөрү парламентке өтүү чегин төмөндөтүү боюнча бир нече жыйындарды өткөргөн.

Тогуз пайыздык босого менен парламентке административдик жана финансылык ресурска ээ болгон тараптар гана келип, жалпы коомчулуктун пикири эске алынбай калат деген ойлор айтылган. Бул келечекте саясий туруктуулукка кедергесин тийгизип, азыркы бийликке коркунуч туудурары сөз болгон.

«Негизги маселе чечиле элек»

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков пайыздык чек алдыдагы парламенттик шайлоонун чечилбей жаткан негизги маселеси эмес деп эсептейт.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Кеп жети же тогуз пайызда эмес, - деди ал. - Маселенин баары депутаттарды ким шайлайт деген суроодо турат. Анткени элди шайлоо укугунан ажыратып коюшту. Баш мыйзамда «эл ыйгарым укугун Жогорку Кеңештин депутатына берет» деп турат. Ал эми шайлоо мыйзамында «эл партияга добуш берет» деп жазылган. Демек, ким депутат болорун эл эмес, партия лидерлери чечип калды. Партияда ким канчанчы орунга жазыларын акча аныктайт. Элдин колуна депутаттарды шайлоо укугун бермейинче жети же тогуз пайыздын мааниси жок».

Жогорку Кеңешке улам кийинки чакырылыш шайланган сайын парламентке өтүүнүн босого чеги да көтөрүлүп баратат. 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети болуп өзгөртүлгөн. Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзамды 2017-жылы кабыл алган жана ал быйыл жыл башында күчүнө кирди.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 1 630 122 адам добуш берген. Талдоочулар бул жолку парламенттик шайлоодо деле добуш берүүчүлөрдүн саны олуттуу өзгөрбөй турганын айтышууда. Эгерде чек жети пайызга түшсө партиялар Жогорку Кеңешке келүү үчүн кеминде 120 миң добуш алышы керек.​

Бийликтин убадасы менен убарасы

Быйыл 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо - Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин өтчү биринчи чоң шайлоо. Өлкө башчы анын эрежелери аныкталып, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынганын айтып, бийлик шайлоону таза өткөрөрүнө убада берди:

«Мен бардык партияларга карата бирдей мамиледе болом. Өзүнүн аты айтып тургандай, партия деген - жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кайсы бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылыш үчүн шайланып келгем. Жалпы элге кызмат кылуудамын. Шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын».

Президент 12-апрелде өтчү жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында шаарларда элди жапырт каттоо болуп, ага сын-доомат айтылып жаткан учурда ушундай убада берди.

Маселен, шайлоо өтчү Ош шаарында ушул жылдын январь айынан 13-февралга чейин 35 895, Токмок шаарында 6745 жана Каракол шаарында 3159 киши каттоого турду. Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков жергиликтүү кеңештерге шайлоо, парламенттик шайлоо кандай өтөөрүн аныктайт деген пикирде.

Алмазбек Батырбеков.
Алмазбек Батырбеков.

«Бийлик жергиликтүү кеңештерге шайлоону болушунча ачык-айкын, таза өткөрүшү керек. Азыр беш шаарда болчу шайлоодо кетирилген мүчүлүштүктөр парламенттик шайлоонун алдында жаралчу маселе болуп калбашы керек», - деди Батырбеков.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча өлкөдө беш жыл сайын Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Азыркы, алтынчы чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өтүп, КСДП фракциясына 38 мандат, «Республика - Ата Журтка» 28, «Кыргызстанга» 18, «Өнүгүү-Прогресске» 13, «Бир Болго» 12 жана «Ата Мекенге» 11 орун тийген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (29)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG