Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 11:36

«Шайлоочуларды жасалма көбөйтүү элге зыян»


Атыр Абдрахматова, медиа юрист, Боршайкомдун мүчөсү.

Ош шаарында январдан бери каттоого тургандардын саны 30 миңге жетти. Шаарга көчкөндөрдүн көбөйүшүн 12-апрелде өтчү шайлоого байланыштыргандар да бар. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованын демилгеси менен бул маселе тиешелүү органдардын катышуусунда талкууланды.

"Азаттык": Атыр айым, тез арада бир эле жерге катталгандар ушунчалык көп болуп жатканы бийлик көңүл бура турган маселе экенин түшүнгөндөр бар бекен? Демилгечи катары кандай пикирде калдыңыз?

Абдрахматова: Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) кээ бир мүчөлөрү да, төрайым да «бул жалпы эл каттоо өнөктүгү башталганына байланыштуу болушу мүмкүн» деген ойлорун айтышты.

Мындан тышкары, «шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык биометрикалык маалыматты чогултуу өнөктүгүнүн алкагында да жер-жерлерде айыл башчыларына «катталбаган адамдарды тез арада каттаткыла» деген тапшырма берилген, ошондон улам болушу ыктымал» деген сөздөр да болду.

Бирок Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрү «бул нерсени сөзсүз иликтеп, бир жарым айда 30 миң киши чуркап барып каттоодон өткөнү чынбы, иликтеш керек» деген пикирлерин айтышты. Такыр эле «андай эч нерсе жок, баары сонун, баары мыйзам чегинде, мүчүлүштүк жок, кооптонуу болбошу керек» деген пикир болгон жок.

"Азаттык": Айтсаңыз, эгер чын эле мыйзам бузуу болуп жатса, Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарында мындай кооптуу жагдайларга каршы чаралар каралганбы?

Мисалы, Бишкекте жашаган киши Токмокто же Ошто кандай маселелер, мүмкүнчүлүктөр бар экенин билбейт. Өз алдынча башкаруу системасынын негизин ошол жерде жашаган адамдар түзөт.


Абдрахматова: Бардык органдар, Мамлекеттик каттоо кызматы ар бир жарандын кайсы жерде кааласа ошол жерге барып жашап, каттоого туруу укугу, конституциялык эркиндиги экенин белгилеп жатышпайбы. Албетте, мен буга кошулам. Бирок биз эки жылдан бери Аймактарды өнүктүрүү жылын жарыялап келе жатабыз. Ал эми аймактарды өнүктүрүүгө ким катышат? Ошол жерде жашаган эл катышат да!

Мисалы, Бишкекте жашаган киши Токмокто же Ошто кандай маселелер, мүмкүнчүлүктөр бар экенин билбейт. Өз алдынча башкаруу системасынын негизин ошол жерде жашаган адамдар түзөт.

Жашаган жерин которууга ар ким укуктуу. Бирок жапырт каттатып, шайлоочулардын санын атайын көбөйтүүгө багытталган аракет болсо, анда ошол эле Ошто, Караколдо же Токмокто чындап жашаган жергиликтүү элдин шайлоо укугун, жергиликтүү маселелерди чечүүгө болгон укугун чектеп жатпайбызбы?

"Азаттык": Эми муну токтотууга мүмкүн болбой калган процесс катары кабыл алсак болобу? Же мыйзамдуу нукка бурууга мүмкүнчүлүк барбы?

Абдрахматова: Тилекке каршы, менин пикиримде, убакыттан уттуруп койдук. Токмокко барып мониторинг жүргүзгөндө мындай аракет күзүндө эле башталганын айтып беришти.

«Бирөөлөрдү коркутуп, бирөөлөрдү «тыйын беребиз» деп алдап же суранып жатышат» дешти. Албетте, бул айтылгандар далилдөөнү талап кылат, бирок колдон алдырып жибердик деп эсептейм.

2015-жылы шайлоо учурунда добуш бергендердин саны боюнча Токмок шаарында депутат болуш үчүн ар бир талапкерге 400 добуш керек экени белгилүү болгон. Азыр шайлоочулардын саны жасалма көбөйгөндө уткусу келген партияларга да тоскоолдук болуп жатпайбы. Себеби алар шайлоочулардын санын көбүрөөк алышы керек.

Бирок «убакытты өткөрүп жибердик» деп отуруп калбашыбыз керек. Анткени шайлоого болгон укуктарды чектөө, бурмалоо үчүн мыйзамда жоопкерчилик каралган. Ошондуктан, сөзсүз иликтеп, укуктук баа берүү зарыл.

"Азаттык": Күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ошол жараянга азыркы болуп жаткан окуя терс таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Эл менен ойноо, эл өзү да ошол оюндарга катышканы туура эмес. Мындай оюндун парламенттик шайлоого сөзсүз залакасы тиет.


Абдрахматова: 2015-жылы парламенттик шайлоо учурунда «Улуу көч» деп партиянын ичиндеги ар бир талапкер өзүнө бир округду, участокту алып, ошол жакка өзүнүн туугандарын, жердештерин көчүрүп барганын, ошол аркылуу добуш алганга аракет кылганын көрбөдүк беле. Азыр эми жергиликтүү кеңешке өтүш үчүн адамдарды ушинтип ары-бери чуркатып жатышат. Парламенттик шайлоодо кайра чачышабы, эмне кылышат?

Эл менен ойноо, эл өзү да ошол оюндарга катышканы туура эмес. Мындай оюндун парламенттик шайлоого сөзсүз залакасы тиет.

Талапкерлерге азыр жергиликтүү кеңештерге шайлоодон кийин «мына, мени колдогон мынча добуш бар» деп саясий упай, күч топтогонго шарт түзүлөт. Бирок чынында ал жерде жашаган элдин эмес, өзү ташып баргандардын колдоосу болуп жатпайбы. Бул калп да! Анан парламентке кайра эле элдин пикирин чагылдыра тургандай шайлана албай калышы мүмкүн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (17)

XS
SM
MD
LG