Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Преференциалдык шайлоонун оош-кыйышы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук талкууга коюлган преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору көп сөзгө жем таштады.

Жаңы демилгенин негизги артыкчылыгы, кемчилиги эмнеде? Шайлоочуга партияны, жеке талапкерди тандоого, шайлоого шарт түзө алабы? Азыркы бийлик шайлоо ыкмасын өзгөртүү боюнча сунушту колдойбу?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Жанарбек Акаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев жана саясат талдоочу Алмаз Тажибай катышты.

«Азаттык»: - Жанарбек мырза, сиздер сунуш кылып жаткан мыйзам долбоорунун чоо-жайын кыскача түшүнүп алсак. Преференциалдык шайлоо ыкмасы деген эмне? Ал кандай ишке ашат? Анын артыкчылыгы эмнеде?

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жанарбек Акаев: - Акыркы убакта кыргыз парламентине, анын ишине, курамына, кесипкөйлүгүнө көп сын айтылып, жарандардын нааразылыгы күч алууда. Коомдук пикирди эске алганда Жогорку Кеңешке шайлоо системасын жакшыртып, депутаттардын сапатын жогорулатуу – бүгүнкү күндүн талабы. Эл өзү тандап ала турган, шайлоочуга жаккан парламентти кантип шайлайбыз?

Элдик кишилерди, элдик лидерлерди парламентке алып келүүнүн ыкмасын ойлонушубуз керек. Ошондон улам биз шайлоонун жаңы ыкмасын сунуш кылып жатабыз. Преференциалдык шайлоо ыкмасы - шайлоочу бир эле учурда партияга жана анын тизмесиндеги конкреттүү талапкердин бирине добуш беришине мыйзамдык мүмкүнчүлүк түзүп берүү.

Шайлоонун жаңы механизмин сунуш кылып жатабыз. Албетте, техникалык, каржылык жагынан айрым түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Биз жалпы коомго мыйзам долбоору катары идея таштадык. Биз шайлоочуга өзүнө жаккан партияны жана адамды тандоого, шайлоого мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Болбосо партия лидеринин көңүлүн тапкан, акчалуу адамдар эле депутат болуп келатпайбы. Биз коомчулук жек көргөн, кескин сынга кабылган адамдардын парламентке келишинен кантип кутулабыз?

Шайлоо мыйзамы: саясатчылар бийликке кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

Азыр парламентте беш жыл жумушка келип-келбеген, мыйзам долбоорлорун сунуш кылбаган, демилге көтөрбөгөн, аймактарга барып шайлоочулар менен жолукпаган, элдин үнүн укпаган депутаттарыбыз келерки шайлоого катышууга камынып жатышат. Биз ошондой адамдардан кутулуунун жолун сунуш кылып жатабыз. Эгер биздин сунушту бийлик, парламент колдосо шайлоо системасында чоң реформа болмок. Партиянын ичинде да талапкерлердин ортосунда атаандаштык болмок. Тизмеде 87-орунда болсо да элдин колдоосу менен депутат болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Азаттык»: - Акылбек мырза, преференциалдык шайлоо ыкмасы киргизилсе шайлоо системасынын сапаттык жактан жакшырышына канчалык шарт түзө алат десек болот?

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

Акылбек Сариев: - Мен андай ойдон алысмын. Шайлоочунун эң негизги тандоосу – бул партия. Анын ички курамынан тандоонун кажети деле жок. Көп адамдарды ким тааныйт? Көпчүлүк талапкерлерди өз чөйрөсү, өз айылы эле тааныйт. Башка райондор тааныбайт, тааныла албайт. Бул мыйзам долбоорун ким сунуш кылып жатат? Анча-мынча элге таанылып калган депутаттар сунуш кылып жатат. Элдин баары эле Интернетте отуруп, маалыматтар менен байма-бай таанышууга мүмкүнчүлүгү жок. Жеке талапкерлерди коёлу, партияларды тааныбаган, билбеген адамдарыбыз көп.

Биз негизги жоопту депутатты кайда шайлап жатканыбыздан табышыбыз керек. Эл мыйзам чыгаруу бийлигине өкүл шайлап жатканын түшүнүшү зарыл. Азыр аты угулуп калган белгилүү адамдардын баары эле мыйзам чыгарууга жөндөмдүүбү? Бул чоң суроо. Депутаттын негизги сапаты – мыйзам чыгаруу жөндөмү, анын билими, тажрыйбасы. «Эл үчүн» деп кыйкырып койгондорду эле шайлабаш керек.

«Азаттык»: - Сиздин оюңузда азыркы шайлоо системасын өзгөртүүнүн кажети жокпу?

Акылбек Сариев: - Мындай ыкма башка мамлекеттерде деле бар. Менимче мыкты, алдыңкы адамдарды парламентке алып келүүнү шайлоодо партияга добуш бергенден кийин деле «чүчү кулак» аркылуу чечсе болот. Ошондо байлар да депутат болуудан сестенип калышат. Партия лидери да тизмеге илинбей калышы мүмкүн.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, «сунушталып жаткан мыйзам долбоору жаш партиялардын парламентке келишине, жаңы идеядагы талапкерлердин депутат болушуна, аларды тандоого шарт түзүлөт» деп жатышат. Сиздин пикир кандай?

Алмаз Тажибай: - Биз жемкорлук менен 28 жылдан бери күрөшүп келатабыз. Элдин ойлогону: бийликке ким келет? 2011-жылдан бери электрондук шайлоо системасы менен жашап жатсак да иш жүзүндө бийликке «чөнтөктүүлөр» эле келип жатпайбы. Ар кимдин акчасына жараша тизмеден орун берилип келатат.

Алмаз Тажибай.
Алмаз Тажибай.

Кыргызстандын жараны мыйзам боюнча жактырган талапкерин түзмө-түз шайлоого укуктуу. Бул жерде шайлоо мыйзамдары бузулуп келатат. Партияга эле добуш берүү механизми иштебей калды, өзүн актаган жок. Азыр биздин өлкөдө жеке адамбы, же ар кандай социалдык топторбу, парламентте өз өкүлдөрүн көргүсү келет. Өкүлдөрү жок болгондон кийин алар өзүлөрүн коомдон сыртта калгандай сезип жатышат. Ошондуктан преференциалдык добуш берүү ыкмасы жакшы механизм деп ойлойм. Биринчи кезекте саясий коррупцияны жок кылат. Кимдин депутат болушун партия лидери эмес, шайлоочу өзү чечмек…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG