Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 10:22

Жарандардын жеке маалыматтары сатыктабы?


Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматынын купуялыгы корголбой жатканын айтып чыкты.

Ал мында Мамлекеттик каттоо, Мамлекеттик салык кызматтарын, Социалдык фондду жана мобилдик операторлорду «коррупциялык схема түзүп алышкан» деп айыптады. Мамкаттоо, салык кызматтары жана айрым мобилдик операторлор депутаттын маалыматын четке кагышты. Адистер депутаттын сөзүндө мандем бар экенин айтышууда.

«Жарандардын жеке маалыматы 5-7 миң сомго соцтармактарда сатылууда»

Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматынын купуялыгы корголбой жатканын Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Марлен Маматалиев 6-февралда парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда айрым жеке ишканалардан жарандардын жеке жашоосуна байланыштуу бардык маалыматтарды сатып алууга болот. Ал жеке нотариуска өзү кирип, акча төлөп, сураган маалыматынын баарын алганын айтып, кагаздарды көрсөттү:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Жети миң сом төлөп, каалаган телефон номур берсеңиз, бир айда кимдер менен, кайсы номурларга чалганыңызды аныктап, чыгарып берет. Дагы жети миң сомго бир ай ичинде кайсы жактарга барганыңызды, барган чет мамлекеттерди да чыгарып берет. Автоунаанын номерин берсең, анын канча штрафы бар, кимдин атында - каалаган маалыматыңызды берет. Адамдын үй-бүлөсү, бала-чакасы жөнүндө жана башка купуя маалыматтардын баарын сатып жатышат. Мына, мен өзүм кирип көрдүм».

Депутат мунун артында Мамлекеттик каттоо кызматы баш болгон мамлекеттик органдар жана мобилдик байланыш операторлор турат деп аларды айыптады:

«Бул деген Мамкаттоодогу, Социалдык фонддогу, Мамлекеттик салык кызматындагы жана мобилдик байланыш операторлорундагы жарандарыбыздын жеке маалыматтарын кимдир-бирөөлөр ала алышат дегенди түшүндүрөт. Ал маалыматтарды ошол кызматтарда, компанияларда иштеген кызматкерлер тиешелүү акча үчүн берип, сатып, коррупциялык схема түзүп жүрүшөт».

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Марлен Маматалиев өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, жарандардын жеке маалыматтарынын купуялыгын сактоочу атайын кызмат түзүүнү тездетүү зарыл экенин эскертти.

"Эч кандай маалымат сатылбайт"

Депутаттын дооматы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Асел Кененбаева «Азаттыкка» жооп берди. Ал жеке маалыматы башка колго өткөнү тууралуу жарандардан арыз келип түшпөгөнүн, депутаттын айткандарын жеринен текшерүү керектигин белгиледи:

«Мамлекеттик жана жеке нотариустарга (баарына эмес, келишимге кол койгондоруна) паспорттун мөөнөтү бүтө элекпи, ошону гана билүү укугу берилген. Үй-бүлөсү, балдары жана башка маалыматтарды алар көрө албайт. Андай маалыматты «Түндүк» системасы аркылуу тийиштүү мамлекеттик органдар өз функциясын аткарыш үчүн гана, келишимдик негизде ала алышат. Маалыматты бере турган биздин ар бир кызматкер УКМКдан атайын текшерүүдөн өтөт, окуудан өтүп турат. Алар баары көзөмөлдө, эгер базага жөн гана кирсе да көрүнүп турат. Жоопкерчилиги каралган».

Ушундай эле маалыматты Мамлекеттик салык кызматы да билдирди. Басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, салык кызматы «Түндүк» электрондук системасы аркылуу тийиштүү органдарга тийиштүү маалыматтарды мыйзам чегинде гана берет.

«Түндүк» электрондук системасы - мекеме аралык өз ара аракеттенүү тутуму. Аталган система мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ишкана-мекемелерге, жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды сунуш кылыш үчүн зарыл болгон маалыматтар менен алмашууга мүмкүндүк берери айтылган. Долбоордун демилгечилери «Түндүк» мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, коррупцияны азайтуу, жарандар жана ишкерлер үчүн маалыматтарды алууну автоматташтыруу жана камсыздоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу менен жөнөкөйлөтүү максатында түзүлгөнүн белгилеп келишет.

Жарандардын жеке маалыматтары мобилдик операторлор аркылуу да сатылбасын биз кайрылган дээрлик бардык уюлдук байланыш операторлору ырасташты. Кыргызстанда 2005-жылдан бери ишмердүүлүк кылган «Мегаком» компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Жумгалбек Өмүркановдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, абоненттердин чалышы боюнча маалыматтар атайын адистерде гана болуп, алар дайыма компаниянын ички коопсуздук кызматынын көзөмөлүндө турат. Чалуу тууралуу маалыматтар абоненттин өзүнүн паспорту менен сураган учурда, өзүнүн номерине гана берилет.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Башка тарапка эч качан маалымат берилбейт, бул жагы бизде катуу көзөмөлгө алынган, - деди ал. - Абонент сим-карта алып жатканда уюк оператору менен келишим түзөт, ал келишимде «абонент жөнүндө жеке маалымат үчүнчү тарапка берилбейт» деген жобону биз бекем карманабыз. Укук коргоо органдары сот чечими менен гана атайын сурам менен кайрылганда маалымат аларга да телефон, кат жүзүндө же электрондук почта аркылуу эмес, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн колуна гана биздин кеңседен берилет».

Кыргызстанда уюк байланыш кызматын көрсөткөн башка операторлор да ушундай маанидеги жоопту айтышты. Өлкөдө «Мегакомдон» тышкары «Билайн», «О» жана жакында эле ишке киргени кабарланып жаткан «КТ мобайл» компаниялары уюк байланыш кызматын көрсөтөт.

Жеке маалыматтар ачык эле сатылат

Ошентсе да айрым эксперттер Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматтарынын купуялыгын көзөмөлдөөчү орган зарыл деп эсептешет. Мындай пикир ээлери да бүгүнкү күнү жарандардын жеке маалыматын саткан фирмалар соцтармактарда ачык эле кызматын жарнамалап жүрүшкөнүн белгилешүүдө.

Интернет саясаты боюнча жарандык демилгенин жетекчиси Татту Мамбеталиева жарандардын маалыматы сатылып жатканына мамлекеттик органдар гана эмес, коммерциялык тараптар, банктар да тиешеси бар экенин буга чейинки катталган окуялар ачыкка чыгарганын билдирди:

Бул маселе жеке маалыматтардын купуялыгын көзөмөлдөөчү органды түзүп коюу менен эле чечилбейт.


«Маалыматтар сатылып жатканы жаңылык эмес. Бир нече жыл мурун бир катар банктар кардарларынын жеке маалыматтарын сатканы ачыкка чыккан. Бул тууралуу мамлекеттик органдар деле билишет. Азыркы убакта жарандардын жеке маалыматтары чогултулуп, тиешелүү түрдө топтолуп, акчасын төлөп, сураган тарапка берилет. Бул маселе жеке маалыматтардын купуялыгын көзөмөлдөөчү органды түзүп коюу менен эле чечилбейт. Ал органдын бардык коопсуздук алкагында иштеп жатканын үстүнөн карачу тарап керек. Бул маселеге ар тараптуу караш керек. Анткени жарандардын жеке маалыматтарын мамлекеттик кызматтар гана эмес, коммерциялык ишканалар да сатып жүрүшкөнү айдан ачык».

Адистер Кыргызстанда жарандар жеке маалыматтарынын купуялыгы сакталарына ишенбегени да биометрикалык каттоонун 2015-жылдан бери аягына чыкпай келатканына таасирин тийгизип жатканын айтып жүрүшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (12)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG