Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 12:13

Шайлоочулардын тизмеси териштирилет


Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдында добуштарды сатып алуу аракети боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын жарыялады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Шайлоочулардын добушун сатып алуу» беренесинин негизинде ишти бирдиктүү реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүш башталганы жарыяланды.

Башкы прокуратуранын өкүлү Жоомарт Максатбеков жапырт каттоого тургузууга байланыштуу иш боюнча тергөө жүрүп жатканын белгиледи:

«Буга чейин бир нече басылмалар Оштогу жогорку окуу жайларда айрым декандар, окутуучулар жана үгүттөөчүлөр студенттердин паспортторун чогултуп, шаарга каттоого тургузууга мажбурлап жатышканын жазышкан. Шайлоого катышкан студенттерге окууларында жеңилдиктер берилери айтылып, акча да сунушталган. Ошто шайлоо алдында жарандардын жапырт катталып жаткандыгы тууралуу басылмалар тараткан маалыматтарды изилдөөнүн жыйынтыгында, бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, 2020-жылдын 12-февралында Ош прокуратурасы Паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн башчысына мыйзам бузууга жол бербөөнү эскертти».

Буга чейин маалымат каражаттарында жана парламентте Ош, Каракол жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында жарандарды жапырт шаардык каттоого коюп, добуштарды алдын ала сатып алуу аракеттери жүрүп жатканы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Мыйзам жарандардын туруктуу жашаган жерин эркин алмаштырып, каттоого турууга уруксат берет.

Ал арада 17-февралда Ош шаарында бир үйгө 1300 киши катталганы маалым болду. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жабык өткөн жыйынында айткан. Бирок үйдүн ээси, үйдүн дареги – жеке маалымат деп эсептелгендиктен алар кайсы дарекке катталганы ачык айтылган жок.


Быйыл 12-апрелде өтчү жергиликтүү кеңештерге добуш берүүчү шайлоочулардын баштапкы тизмеси түзүлгөнү белгилүү болду. Ага 340 479 шайлоочу катыша алат.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жапырт каттоого койгон учурлар айтылган менен шайлоочулардын тизмесинде олуттуу өзгөрүүлөр болбогонун билдирди:

«Шайлоочулардын тизмесиндеги быйыл январь айындагы динамика менен өткөн жылы октябрь-ноябрь айлардагы тизмени салыштырганда көп деле өзгөрүү болгон жок. Азыр миңдеген адамдар каттоого тургузулганы айтылып жатпайбы. Бирок мыйзамдын талабы боюнча, каттоосун өзгөрткөн жарандардын паспорттору алмашпаган учурда, алар шайлоо тизмесине киргизилбейт. Шайлоочу катары ошол жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү гана ага катыша алышат. Ал эми жергиликтүү жамааттын мүчөлүгү анын паспортундагы дареги көрсөтүлгөн белги менен аныкталат. Бирок биз ошондой аракеттер болуп жатканын байкадык. Анткени бир батирге 50-60 адам каттоого тургузулса, бул албетте будамайлоо».

Мыйзам боюнча шайлоо укугу бар, катталган жерине жараша жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар добуш берүүгө катыша алат. Бирок БШКнын айрым мүчөлөрү Нуржан Шайлдабекованын жүйөсүн жокко чыгарып, шайлоочулардын тизмесине киргизүүдөгү эски жана жаңы паспорттогу айырмачылыктарды мисал келтиришти.


БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова берилген маалыматтар эки ача чыгып жатканын билдирди. Анын айтымында, Мамкаттоонун маалыматы боюнча Ошто өткөн бир жарым айда 36 миңден ашуун адам шаарга каттоого тургузулган. Атыр Абдрахматова алардын арасынан жаңы үлгүдөгү паспорт менен каттоого тургандарды шайлоо тизмесине киргизбей койгонго мүмкүн эместигин айтты:

«Каттоого тургандардын арасынан 8 миң жарандын биометрикалык паспорту бар экен. Ал эми 28 миң адам эски ички паспорту менен каттоого туруптур. Жаңы биометрикалык паспорту барларды каттоого тургузганда алардын паспортун алмаштыруунун зарылдыгы жок. Мамкаттоо кызматкери ошол жерден эле электрондук тутум аркылуу менчик ээсинин макулдугу менен, жарандын жеке арызынын негизинде каттоосун өзгөртөт. 8 миң адамды шайлоо тизмесине киргизбей койгонго мүмкүн эмес. Ал эми калган 28 миң адам эски паспортторун алмаштырышы керек. Болбосо, алар тизмеге киргизилбейт».

«Десанттар» арабөк калбайбы?

Өткөн аптада парламентте Ош шаарында мамкаттоонун айрым кызматкерлери өз үйүнө же жакындарынын турак жайына сырттан келген 400-500 жаранды каттоого алган учурлар тууралуу маалыматтар чыккан. Депутаттар муну текшерүүнү талап кылып, аны көз боёмочулук катары карашкан. Бирок Мамкаттоонун төрагасынын орун басары Тилек Батырканов жарандар өз үйүнө канча адамды каттоого тургузса да, ага чектөө жок экенин айтып, жооп кайтарган.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Депутат Жанар Акаев айрым саясий партиялар жарандарды шаарга каттоого турууга кызыктырып, аларды алдоонун аягы жакшы эмес экенин эскертти:

«Азыр айылда 90 пайыздан ашуун адамдын үйлөрүнүн техпаспорттору жок. Аларды алдап, азыр паспортторун алып, шаарга каттоого тургузуп жатабыз. Партиялар шайлоо бүткөндөн кийин аларды «чыгып кете бергиле» деп коюшат. Анда алар көчөдө калышабы? Жарандар паспортторун берерден мурун өздөрү да ойлонушу кажет. Алар паспортторун көтөрүп алып каякка барышат? Техпаспорттору жок жарандар кийин каттоого шаарга тура алышпай же шаарда кала алышпай, кыйналышат. Биз аларды алдап, шайлоого добуш бердиртүү үчүн паспортторун чогултуп, кыйнабашыбыз керек».

Быйыл 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңеште жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринде өтөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG