Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 10:47

Шайлоо алдындагы шашылыш каттоо


Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын 1-январынан 11-февралына чейин жакында шайлоо өтө турган шаарларга аймактардан келип каттоого турган жарандардын саны жарыяланды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 13-февралда парламент жыйынында билдиргендей, Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турду.

Шайлоого 60 күн калганда добуш берүүчүлөрдүн санын аныктап, Борбордук шайлоо комиссиянын сайтына жайгаштыруу боюнча эреже сакталган жок. 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүгө 60 күндөн аз убакыт калды. Бул маселени Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев көтөрдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мыйзам бузулганын моюнга алып, кечигүүнүн себебин Мамлекеттик каттоо кызматындагы тактоо иштери аягына чыга элек болуп жатканына байланыштырды.

"Арай көз чарай": Катталгандардын көбөйгөнү шайлоо шарапатыбы? 13.02.2020

Жогорудагы сандардан көрүнүп тургандай, жаңыдан каттоого тургандардын эң көбү Ошто. Шаарга көчкөндөрдүн көбөйүшүн 12-апрелде өтүүчү шайлоого байланыштырышууда. Ал арада Ошто айрым студенттер мугалимдери паспортторун топтоп алып, шайлоодо окуу жайы көрсөткөн партияга добуш беришин талап кылып жатышканын айтып чыгышты.

Ошто каттоого тургандар жети эсе көбөйдү

26 айылдык жана 5 шаардык кеңеште өтүүчү шайлоо 12-апрелге белгиленди. Шайлоо алдында бир нече шаарларда каттоого тургандар көбөйүп жатканы буга чейин маалым болгон.

Ал эми Ош шаарында 1-январдан 10-февралга чейин каттоого тургандардын саны 33 миңден ашты. Бир жыл мурун так эле ушул күндөрү алардын саны төрт миңдин тегерегинде эле болчу.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматкери Адилет Бейшеналиев «Азаттыкка» берген интервьюсунда документтери толук болсо, ар бир жаран каттоого алынарын, бул жерде эч кандай мыйзам бузуу же чектөө жок экенин айтты.

Мамлекеттик каттоо кызматы.
Мамлекеттик каттоо кызматы.

«Ош шаарына жаңы каттоого тургандар көбөйүп жатат. Мындай көрүнүш бар. Азыркы учурда 10-февралга чейин (1-январдан тартып) 30 миңдей киши жаңыдан каттоого турду. Тиешелүү документтери болсо, ар бир жаран өзүнүн туруктуу жашаган жерин алмаштырууга укуктуу. Ошол эле учурда жаңы дарек боюнча каттоого турууга эч бир чектөө жок. Биринчи кезекте конституциялык укугу бар, эркин орун которууга жана жашаган жерин алмаштырууга».

Бейшеналиев Мамкаттоо коомчулукка мыйзамсыз аракеттерди кылган сыяктуу маалыматтар тарап жатканын, мекеме документтери менен келген жаранды каттоого албай коюуга укугу жок экенин кошумчалады.

Жаңыдан катталгандардын көбү - студенттер жана мугалимдер

Оштогу окуу жайларынын биринде билим алып жаткан студент кышкы каникулдан келгенден тартып студенттердин паспортторун сурап, «сессия учуранда жардам берем», «аш басып, чайга чакырам» деген сыяктуу сунуштар болгонун атын жашыруун калтырууну суранып айтып берди.

Бизге көбүнчө «сессия кыйынчылыгы келгенде окууңа жардам берем» деген сыяктуу сөздөрдү айтып жатышат.

«Бизге «паспортторуңарды милдеттүү түрдө чогулткула» деп айтып жатышат. Бул шаардык кеңешке шайлоого карата болсо керек деп ойлойм. Азыр паспортторубузду бере элекпиз. Бирок «WhatsApp» тайпалардан же ар кандай жерлерден сунуштар келип жатат. «Паспортторуңарды эч кимге бербей тургула», «силерге андай берем» , «мындай берем» деген сунуштар болуп жатат. Бизге көбүнчө «сессия кыйынчылыгы келгенде окууңа жардам берем» деген сыяктуу сөздөрдү айтып жатышат. Акча да сунуш кылган учурлар болуп жатат. Андан сырткары «аш уюштуруп берем» деген сөздөрдү айткандар да бар».

Дагы бир атын атоону каалабаган Ош мамлекеттик университетинин студенти айрым мугалимдер «эгер паспортторуңарды бербесеңер сессияда кыйнайм», «практикалык ишиңерге кол койбой коём» деп коркутуп жатышканын айтып берди.

«Силер эртеңки сессияңарды ойлогула» дегендей эле айтты.

«"Эртеңки шайлоого карата силердин паспортуңарды убактылуу шаарга каттоого коёбуз" деп айтты. "Силер бизге жардам берсеңер - биз да силерге жардам беребиз" деди. Ошондо "силер эртеңки сессияңарды ойлогула" дегендей эле айтты. Башка тайпалардан да сурап көрдүм. Алар да ачык эле "коркутуп жатышат" деп айтышты».

Жогорудагы студенттердин айткандарын ОшМУнун социалдык иштер жана тарбия департаментинин директору Жылдыз Артыкова четке кагып, аларда бир да мыйзамсыз иш-аракет болбогонун, факультеттердин декандары, жаштар комитеттери менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди:

«Университет шайлоого карата бир да партияны колдогон иш жүргүзгөн жок. Мен муну ишенимдүү айта аламын. Паспорттор жыйналганын биз тактай алган жокпуз. Эгерде андай фактылар каттала турган болсо, чындыгында паспортторун жыйнап алган болсо, коркутуп-үркүтүү болуп жаткан болсо - анда сүйлөшөбүз. Иштен четтетүүгө чейин барабыз».

Шайлоо «көчү» - Кыргызстанда кадимки көрүнүш

Мындай жагдай Токмок, Каракол шаарларында да катталып, башка аймактардан келип шашылыш каттоого тургандардын катары калыңдаганы маалым болгон. Маселен, Токмок шаарына жыл башынан бери каттоого тургандардын саны 6 миң адамга жеткен.

«Интербилим» коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева шайлоого катышуу үчүн каттоого туруу, студенттерди мажбурлап добуш бердирүү кадимки көрүнүш экенин жана ар бир шайлоодо кайталанаарын, бул «жылчыкты» бүтөөгө бийликтин кызыкчылыгы жок экенин айтууда.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

«Бул кадимки эле көрүнүш. Ар бир шайлоодо ушундай. Биз бул жөнүндө сопсонун билебиз. Бийлик эч нерсе кылбай эле турат. Демек алар да катышып жатат. Жылчык бар экенин баары билишет: бийлик билет, БШК билет, өкмөт билет. Менде алар атайын бул жылчыкты өздөрүнүн партиясын өткөрүш үчүн калтырган деген шек бар», - деди Гүлгаакы Мамасалиева.

Ал арада бүгүн, 12-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү шайлоону өткөрүү маселесин жана шайлоо алдында айрым шаарларда убактылуу каттоого турган жарандар кескин көбөйгөнүн талкуулады. БШКнын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын куруу боюнча демилге көтөргөн. Ал мындай каттоолордун мыйзамдуулугу боюнча маселе коюп жатат.

Ош шаардык кеңешине болгон мурунку шайлоодо КСДП 16, «Кыргызстан» 9, «Мекеним Кыргызстан» 6, «Республика - Ата Журт» 5, «Бир Бол» 5, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы 4 мандат алган. Бул партиялардан тышкары, быйыл Ош шаардык кеңешине бийлик партиясы катары мүнөздөлүп жаткан «Биримдик» партиясы да катышары айтылып жатат.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо 12-апрелге белгиленген. Анда Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңешке жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоо өтмөкчү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (22)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG