Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:27

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелге белгиленди


Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңешке жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Айрым аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында каттоого турган жарандардын көбөйүп жатканы кабарланды. Мамлекеттик каттоо кызматы каттоого тургандардын көбөйүп жатканы эч кандай мыйзам бузуу эмес экенин, бирок Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте абалды талкуулап чыгаарын маалымдады. (TSh)

XS
SM
MD
LG